Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Түркияда мигранттардын виза алышы жеңилдеди


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркиянын Миграция департаменти мигранттардын виза алуу жараянын жеңилдеткен токтом чыгарды. Быйыл январдан бери борбор азиялык мигранттарга кыска мөөнөткө туруктуу жашоого уруксат берилбей жаткан. Эми мекеме 10-сентябрдан баштап виза берилерин кабарлады.

Түркиядагы чет өлкөлүк мигранттарга юридикалык жардам көрсөткөн «Лина глобал консалтинг» фирмасынын жетекчиси Халук Атлы «Азаттык» радиосуна маек курду.

- Түркиянын Миграция департаменти жарыя кылган жаңы токтом тууралуу айтып берсеңиз.

- 2020-жылдын 1-январынан баштап Түркиянын Миграция департаменти борбор азиялык мигранттардын туруктуу жашоого уруксат визасын узартууну токтоткон. Эми кайра жаңы токтом чыгып, визага документ тапшыруу жараяны башталды.

- 2020-жылдын 1-январына чейин мигранттар визанын кайсы түрүн алып иштешчү эле?

- Буга чейин мигранттарды негизинен Түркиядагы мейманканалар расмий эмгек визасы менен иштетишчү. Бара-бара үй кызматында иштеген кыз-келиндерге да эмгек визасын жасатып калышты.

Эмне үчүн Түркияга иштейм деп келген мигранттар эмгек визасын ала албайт? Эмгек визасын алуунун шарттары оор. Ал эми иш бергендер болсо мигранттарга эмгек визасын ачтыруудан кооптонушат. Өзгөчө үй кызматтарында же тейлөө кызматында иштеген мигранттар эмгек визасын алганда кыйналышат.

Кыргызстандыктардын Түркиядан эмгек визасын ачтыруунун эки жолу бар. Биринчиден, Түркиянын Бишкектеги элчилигине документтерин тапшырып, алар уруксат бергенде келе алышат. Экинчиден, Түркиянын ичинде кеминде алты айлык туристтик визасы болгон кыргызстандыктар эмгек визасына тапшыра алышат. Расмий эмгек визасын алуунун башка жолдору жок.

Халук Атлы.
Халук Атлы.

- Эмне себептен Түркиядагы кыргызстандык мигранттар арасында бир жылдык туристтик виза менен иштөө көрүнүшү кеңири тараган?

- Алгач келгенде мигранттар эмгек визасынын жеңилдиктерин жана пайдаларын анча билишпейт. Ушул пандемияда эмгек визасынын кадыры билинди десек болот. Анткени медициналык камсыздандыруу сыяктуу жеңилдиктер ар бир мигрантка суудай керек болуп калды.

Экинчиден, Түркияга иштегени келген мигранттар туристтик виза менен иштегенге көнүп калышкан. Ал эми эмгек визасын өз чөнтөгүнөн алып иштеген мигранттар айына бери дегенде 600 лирадан төлөөгө мажбур болот. Бул албетте, минималдык айлык акы менен иштеген ар бир мигранттын чөнтөгүнө чак келбейт.

- Ошол пандемияда визасы бүтүп же виза ала албай калган мигранттардын абалы кандай?

- Түркиядагы кыргызстандыктардын 90% жакыны дал ушул туристтик виза менен иштеп жүргөндүктөн жылдын башында визалар узартылбайт деп калганда кыйналышты. Эки айдан кийин эле пандемия башталып калды. Көбү визасыз калды. Пандемияда визасы бүтүп, 15-августка чейин өлкөдөн чыгып кеткен чет өлкөлүктөргө түрк өкмөтү айып салган жок.

10-сентябрдан баштап күчүнө кирген токтомго ылайык, ошол пандемия учурунда визасын узарта албай, документин тапшыра албай же тапшырса деле виза берилбей калган борбор азиялык мигранттарга виза бериле баштайт. Визасынын убактысы өтүп же мыйзамсыз жүргөн мигранттар эми Түркиядан чыкпай эле айып төлөп визасын узарта алышат.

- Эмне себептен Түркиянын Миграция департаменти мурунку токтомун жокко чыгарып, мигранттарга кайра виза бере баштады деп ойлойсуз?

- Жыл башында чет өлкөлүктөрдүн туристтик визасы узартылбайт дегенде чын эле элдин санын азайтууну көздөшкөн. Ошондой эле ар бир мигранттын Түркиядан чыгып кайра келгени эле экономикага пайда болчу. Бул максат пандемияда ишке ашпай калгандыктан кайра эле чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат берүүгө макул болушту деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG