Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Ингушетия менен Чеченстандын жер талашы


Ингушетиядагы нааразылык акциясы.
Ингушетиядагы нааразылык акциясы.

Ингушетияда Чеченстан менен административдик чек араны аныктаган карама-каршылыктуу келишимге нааразы болгондор демонстрацияга чыгышты. "Макулдашуу адилетсиз түзүлгөн" деген миңдеген киши 4-октябрда республиканын баш калаасы Магастагы парламент имаратынын алдына чогулушту.

Бейшемби күнү тартип коргоочулар Магаска кетчү жолду тороп салышканда нааразылык акциясынын катышуучулары ингуш баш калаасынын борборуна жөө жөнөштү.

Ички иштер министрлиги парламенттин жанындагы аянтка эки миңге жакын киши келгенин маалымдады. Ошол маалда депутаттар кошуна Чеченстан менен административдик чек араларды караган келишимди колго салышкан. Макулдашуу эки республиканын жетекчилери тарабынан өткөн аптада түзүлгөн.

Беш мыйзам чыгаруучу элге чыгып, 24 депутаттын 15и документтин ратификациясына каршы добуш беришкенин билдиришти. Добуш берүү жабык өткөн.

Ага чейин ТАСС жаңылыктар агенттиги Ингушетиянын парламенти келишимди жактырганын, ратификацияны 25 депутаттын 17си колдогонун, үчөө каршы чыгып, калгандары арабөк калганын кабарлаган.

Митингге чогулгандар добуш берүүнү жокко чыгарууну талап кылышты. Окуя болгон жерден кабарчылар билдиришкендей, адегенде акция тынч өтүп жаткан. Бирок кийин депутаттар Росгвардиянын кызматкерлеринин коштоосунда эл алдына чыкканда ок атылганы угулуп, аскерлер депутаттарды кайра алып кирип кетишти.

Күбөлөрдүн айтымында, Ингушетиянын жетекчиси Юнус-Бек Евкуров эл менен сүйлөшүүгө аракеттенгенде ок атылганы угулган.

Магастагы нааразылык акциясы.
Магастагы нааразылык акциясы.

Айтмакчы, республиканын Конституциялык соту кошуна Чеченстан менен жер айырбаштоого каршы болгон. Соттун төрагасы Аюп Гагиевдин баамында, Ингушетиянын мыйзамдары аймактын бир бөлүгүн Орусиянын башка субъектисине аймактык референдумсуз өткөрүүгө жол бербейт.

Добуш берүүнүн мурунку күнү күч түзүмдөрү активисттерди акцияларга чыкпоого үндөп келишкен. Бирок социалдык тармактарда парламент жыйынга чогулган кезде элди нааразылыгын билдирүүгө чакырыктар ташталып жатты. Шаршембинин кечинен бери республикада Интернет өчүрүлгөн.

СССР ыдырагандан кийин Чечен-Ингуш Автономдуу Республикасынын курамында болуп келген Сунжен районун эки субъект талашып келатышат. Ингушетия да, Чеченстан да бул районду өз аймагы деп билет. Автономдуу республика экиге бөлүнгөн учурда Сунженде чечен жана ингуш администрациялары түзүлгөн.

2003-жылы тараптар "райондун калк жашаган эки пункту Чеченстанга кирет, калган бөлүгү, анын ичинде Эрзи коругу Ингушетиянын юрисдикциясында калат" деген протокол түзүшкөн. 2012-жылы Сунжен районунун айланасында кайрадан талаш чыгып, республикалар өз өзүнчө комиссияларды түзүшкөн. Ошондон бери ар бири бул районго ээлик кылаарын айтып келатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG