Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Москва шаары.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Москва шаары.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мурдагы элчи Раимкул Аттокуровдун сөзүн жокко чыгарды. Элчиликтин билдирүүсүндө:

«Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун «Правда.ру» порталындагы маегинде айткан сөздөрүндө олуттуу негиз жок. Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген», деп жазылган.

Элчиликтин билдирүүсүндө Кыргызстан – көз каранды эмес, эгемен мамлекет экени белгиленип, эл аралык мамилелердин толук укуктуу катышуучусу болуп саналары, өлкөдө орус тили мамлекеттик эмес, расмий тил экени эскертилген.

Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспораларынын уюмдарын лидерлерин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы ой-пикирлерин жарыялоодон алыс болууга чакырган.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров орусиялык маалымат агенттиги менен болгон маегинде «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү тууралуу сөз болуп жатканын» айткан. Бул жалпы кыргыз коомчулугунда нааразылык жаратты.

Раимкул Аттокуров 2007-жылы Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин элчилик кызматтан кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG