Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 15:54

Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү (видео)


Кара-Кечедеги көчкү. 14-сентябрь, 2020-жыл. Күбөлөрдүн сүрөтү.

Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Көмүр кени жайгашкан Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча көчкү 14-сентябрь күнү, саат 12 чамасында түшкөн. Тоо кулап, Жумгал - Кара-Кече автожолунун бир чакырымдан ашуун жери бөгөлүп калды.

«Көчкөн тоонун көлөмү болжол менен миллион куб метрден ашуун. Учурда көчкү дагы эле түшүп жатат»,- деди аким.

Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок. Ушул тапта Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын техника каражаттары жана адистери кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык болуп, жети жумушчу каза тапкан, 13 жумушчу оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапты жана үчөө оор жараат алды. 10-декабрда Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду. (MiK/ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG