Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин уулу камалды


Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабиров эки айга камалды. 11-сентябрда Чүй облустук соту ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, ал 7-сентябрда автотоктотмонун 74 жаштагы кароолчусун байлап коюп, эки машинени айдап качкан.

«Toyota» жана «Honda» үлгүсүндөгү автоунаалар аткезчилик жол менен алынып келгендиктен айып токтотмосуна коюлган болчу. Шектүү кармалган соң машинелер кайра ордуна жеткирилген.

Каракчылыкка шек саналган 24 жаштагы Аброр Сабиров эки айлык камакты Бишкектеги №1 тергөө абагында өткөрөт.

Шухрат Сабиров уулунун камалганын тастыктады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00
Түз линк

Шухрат Сабиров баласынын кармалганын тастыктап, баарын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөрүн айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG