Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

«Шарите»: Навальный керебетинен турганга жарап калды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Берлиндеги «Шарите» ооруканасы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы кыйла түзүк болуп, керебетинин турганга жарап калганын билдирди. Клиника тараткан расмий билдирүүдө ал жакын арада өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттан ажыратылары айтылган жана оорулуунун абалы тууралуу маалымат анын аялынын уруксаты менен жарыяланганы белгиленген.

Буга чейин бир катар немис басылмалары Навальный толук өзүнө келгенин, ууланып, эстен танганга чейинки абалынын баарын эстегенин жазышкан.

«Шаритенин» маалыматынын алдында немис өкмөтү Франция менен Швейциядагы эки эркин лабораторияда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын анализи текшерилгенин, анда немис адистеринин Навальныйдын ууланганы тууралуу корутундусу бышыкталганын билдирген.

Германия тараткан билдирүүдө «ушул кезге карата үч лаборатория Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кыла турган зат менен ууланганы тууралуу өз-өзүнчө корутунду чыгарды» деп айтылат. Ошондой эле Навальныйдын анализдери Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун экперттерине да жөнөтүлгөнү, алардын лабораториясында да текшерилери белгиленген.

«Биз Орусиядан эмне болгону тууралуу түшүндүрмө беришин дагы талап кылабыз, биз европалык өнөктөштөр тыгыз байланышта болуп жатабыз жана алар менен мындан аркы кадамдарды талкуулап жатабыз», деп жазылган билдирүүдө.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG