Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Диний ишмерлер Дипломатиялык академиядан билимин өркүндөтүшөт


Бишкектеги мечит. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мечит. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы муфтияттын кызматкерлери, имамдар Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда бир айлык курстан окушат. Алар бул аралыкта эл аралык мамиле, конфликтология, маалыматтык согуш тууралуу кеңири маалымат алышат. Бул тууралуу муфтийдин орун басары, окумуштуу Кадыр Маликов «Азаттыкка» билдирди:

«Бул диний ишмерлер үчүн атайын курс болот. Анда имамдар, муфтияттын кызматкерлери эл аралык мамиле, Кыргызстандын тышкы саясаты, конфликтология жана азыркы учурдагы кибер согуш тууралуу маалымат алышат. Биздин максат - диний ишмерлердин ой өрүшүн, дүйнө таанымын кеңейтип, аймактагы, дүйнөдөгү саясий процесстер тууралуу маалымат берүү. Учурда жер-жерлерден 15 ишмерди тандоо процесси жүрүп жатат».

Атайын курсту аяктаган соң дин ишмерлерине Дипломатиялык академиянын сертификаты берилет.

Кадыр Маликовдун маалыматына караганда, муфтият тарабынан сунушталган долбоор октябрь айында башталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG