Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Шайлоо-2020: Жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу улантылууда


Биометрикалык паспорттор. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу максатында 19-сентябрга чейин бардык тейлөө борборлору саат 20:00гө чейин иштеп жатат.

Маалыматка ылайык, бул алдыдагы парламенттик шайлоого карата жарандардын добуш берүү укугун пайдалануусуна шарт түзүү.

Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, Бишкекте калкты тейлөөчү алты борбордо, Ош облусунда үч, Жалал-Абадда үч, Баткенде эки, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында бирден тейлөө борборлорунда жарандар биометрикалык маалымат тапшыра алат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-сентябрдагы маалыматында парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 кишинин тизмеси такталганын билдирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG