Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

COVID-19: Түркмөнстанда катуу ооруган дарыгерлер көбөйдү


Өткөн айда Ашхабад беткап боюнча эреженин сакталышына көзөмөлдү күчөткөн.
Өткөн айда Ашхабад беткап боюнча эреженин сакталышына көзөмөлдү күчөткөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы ишенимдүү булактарына таянып бир катар аймактарда оор абалда бейтапканаларга жатып калган дарыгерлер көбөйгөнүн жазды. Марый велайетинде илдетке кабылгандар көбөйгөндүктөн экинчи оорукана карантинге жабылды. Түркмөнабаддагы көп тармактуу бейтапканадагы бери дегенде 15 кызматкер өпкөсү сезгенип ооруп калды.

Бул жагдайдан улам өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен кандайдыр бир комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстанда өпкөсү сезгенип ооругандар жана бул илдеттен көз жумгандар көбөйгөнү менен бийлик өлкөдө коронавирус бар экенин эмгиче бышыктай элек. Бирок бир катар катаал карантин чараларын киргизген жана коомдук жана тамактануучу жайлар, мечиттер жабылган.

Өткөн айда Ашхабад беткап боюнча эреженин сакталышына көзөмөлдү күчөткөн. Анда бул милдет алгач полиция кызматкерлерине, аткаминерлерге жана мугалимдерге жүктөлгөн. Андан кийин диний ишмерлер менен аксакалдар беткаптын пайдасын коомчулукка жайылтуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мындай талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштерге тартыла баштаган.

XS
SM
MD
LG