Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Султан Ибраимовдун өлүмү: 40 жыл мурунку кыңыр иш ачыла элек


Султан Ибраимовдун (1927–1980) 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү чарасында. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы. 2019-жылдын 21-ноябры.
Султан Ибраимовдун (1927–1980) 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү чарасында. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы. 2019-жылдын 21-ноябры.

Мындан туура 40 жыл мурун, 1980-жылдын 4-декабрында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимовду Чолпон-Атадагы резиденциядан атып кетишкен. Кылмыштын бети ачылганы ошол кезде расмий жарыяланганы менен ал иште көптөгөн суроолор алигиче жоопсуз кала берүүдө.

Мындан туура 40 жыл мурун, 1980-жылдын 4-декабрында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовду Чолпон-Атадагы резиденциядан белгисиз себептер менен атып кетишкен.

СССРдин жана советтик Кыргызстандын ошол кездеги расмий бийликтеринин "бул кылмыш окуясы ачылды" деген бүтүмү азыркы күнгө чейин ишенич туудурбай келет.

Бул кайгылуу датаны утурлай ыраматылык Султан Ибраимовдун (20.9.1927— 04.12.1980) кызы, коомдук ишмер Эльмира Ибраимованы сөзгө тартып, жеке эскерүүсү менен бөлүшүүсүн өтүндүк.

Эльмира айым, 40 жыл мурун атаңыз Султан Ибраимов киши колдуу болуп өлгөн. Атаңыз кандай киши эле, кандай сапаттарын өзгөчө эстеп жүрөсүз?

- Ооба, өлкө чыгаан уулун жоготконуна, биз атабыздан айрылганыбызга 40 жыл болду. Чын-чынына келгенде, 40 жыл - бул бир доорго тете.

Биз ал кезде кичинекей болчубуз. Бала чагымдагы эскерүүлөрүмдө атам жарыкты, жылуулукту, кубанычты, сүйүүнү тартуулаган күчтүү киши катары калды. Атамдын бизди жакшы көргөнүн, ар дайым канатынын алдына алып калкалап, коргоорун билчүмүн. Ошол жылуу сезимдер бизди өмүр бою коштоп жүрөт.

Азыр эстесем, атам дайыма тынбай иштеп жүрчү экен. Үйдө сейрек болчу. Шашып чуркап келип, кийимин алмаштырып, шам-шум эте калып, кайра жумушка жөнөчү. Машинесинин багажнигинде дайыма резина жана керзи өтүктөрүн алып жүрчү. Өтүк кийип алып пахта талааларын аралачу, тээ алыскы, көп кишинин кабары жок колхоздорго чейин кыдырып келчү.

Айтайын дегеним, атам тынбай иштечү. Бирок биз аны дайыма чыдамсыздык менен күтүп турар элек. Үйгө кирери менен алдынан чуркап чыгып, тегеректеп алчубуз. Ал кезде төртөөбүз чоңураак, кичүүбүз кичинекей болчу. Туш-тушунан чыгып, жанынан кетчү эмеспиз. Атам кичинекей бала же чоң киши болобу, бардыгы менен тил таба алчу, ушундай бир жакшы сапаты бар эле. Менимче, атам негизи адамдарды жакшы көрчү, айланасында жүргөн, жашоосунда жолуктурган бейтааныш адамдардын бардыгына жакшы, жылуу мамиле кылчу эле.

Султан Ибраимов тууралуу даректүү тасма.

- Анан ошол адамдар ага кандай мамилеси менен жооп кайтарчу эле?

- Мына, 40 жылдан бери атабыз бул дүйнөдө жок. Азыркыга чейин мен жолуктурган адамдардын бардыгы, көбү, албетте, улгайып калды, атамды жылуу сөздөрү менен гана эскеришет. Жаман сөз айткан бир да адамга кездеше элекмин. Себеби эл үчүн иштеген адамдарды эч качан унутушпайт. Биздин эл айкөл келет эмеспи. Атам жөнүндө дайыма жылуу нерселерди эскерип айтып жүрүшөт.

- Атаңыз көп иштечү дедиңиз, сиздер менен убакыт өткөргөндө эмнелерди сүйлөшүп, эмне кылчу элеңер?

- Үйдөгүлөрдүн бардыгына тегиз көңүл бурууга үлгүрчү, ар бирибизге жылуу сөзү табылчу. Балдарынын ар бири менен эмне жөнүндө баарлаша аларын, биз эмнеге кызыгарыбызды билчү. Мисалы, менин адабиятка жакындыгымды, китеп окууну жакшы көрөрүмдү билип, эмне окуп жатканыма кызыгып, кайсы чыгарманы окусам деп кеңеш сурап калчу. Көп иштеп, жумуштан колу бошобогуна карабай китеп көп окууга аракеттенчү. Командировкага жөнөгөндө, Москва же дагы бир жерге учканда дайыма жанына китеп салып алчу. Мен өзгөчө сыймык менен атама жолго китептерди даярдп, чогултуп берчүмүн.

- Кыргызча китептерди окуйт беле, же орусчабы?

- Бир эле мезгилде кыргызча жана орусча чыгармаларды окуй алчу. Эки тил тең атам үчүн эне тилдей болчу. Бирок дүйнөлүк классика негизинен орус тилинде басылып чыкчу эмес беле. Балким, ошол себептендир, орусча көбүрөөк окууга мүмкүнчүлүк бар болчу дейт элем.

Түрдүү чыгармаларды, классиканы, ошол кездеги жаңы авторлорду да окуп турчу. Айлыгынын ири бөлүгүн китептерге коротчу. Москвага иш сапарларга көп каттап жүрбөдүбү. Барган сайын толтура китеп алып келчү. Үйүбүздө чоң китепкана бар эле. Апам ушунча акчаны китепке кетиребиз, балдарга кийим-кече да алыш керек деп кээде сүйлөнүп калчу. Атам жылмайып, китептер бул чоң байлык, билимдин булагы, балдарга дайыма пайда гана алып келет деп айтчу.

- 2020-жылдын октябрындагы окуялар Кыргызстанда чыныгы улуттук лидерлер жок экенин көргөзүп койгонсуду. Дегеле, соңку жылдары атаңызды, мурдагы жетекчилерди үлгү катары келтирип, өлкө үчүн, эли үчүн күйгөн, жөнөкөй, патриот адамдар деп көп эстешет. Ошол жетекчилердин патриоттуулугу эмнеде эле?

- Патриоттук деген - Ата мекенди сүйүү. Керек болсо мекен үчүн өмүрүңдү да берүүгө даярдыгың. Чынында эле атам өзү, ошол кездеги үзөңгүлөш, пикирлештери жалаң иш менен жашашчу. Чын дилинен өлкөгө кызмат кылууну көздөшчү.

Мен азыркы жашыма, тажрыйбама таянып карасам, атам ишке келгенде өзүнө эч кандай чек койчу эмес экен. Айталы, облустук оорукана куруу максатын койду. Анан курулушчуларды таап, оорукананы курдурду.

Султан Ибраимов (1927–1980).
Султан Ибраимов (1927–1980).

Атам Ошту 10 жыл жетектеп турган кезде, облус аябай гүлдөп өскөн. Ошондо завод-фабрикалар, жолдор, театр, ооруканалар, башка жайлар курулган. Атам алдына чоң максаттарды койгондон коркчу эмес. Азыр, мисалы, көп учурда, акча жок же муну кылсам отургузуп коюшат, тигини кылсам жоопко тартышат деп коркуп кечеңдей беришет. Атам көрөгөчтүк менен алысты ойлоп, масштабдуу, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртчү деп ойлойм.

- Азыркы жетекчилерди сөз кылып калдыңыз. Кудасын, тууганын, жакындарын кызматтарга дайындоо мисалдары четинен чыгат эмеспи. Султан Ибраимов көп жылдар бою жетекчилик кызматтарды аркалаган. Кызмат сурап келгендер көп болду беле?

- Султан Ибраимов тагдырына таасир эткен абдан көп кишини жолуктура аласыңар. Кайсы бир жерде акылдуу, колунан келген, потенциалы бар жаш кызматкерди байкап калса, өсүүгө жардам берчү.

Калайык менен тез-тез жолугуп турчу... (Фейсбуктагы барактан).

Ал жылдарда кадрларды иргеп алуу жана дайындоо иши жакшы жолго коюлган эмес беле. Эч кандай тууганчылыгы жок, мурда тааныбаган зээндүү жаштардын жөндөмүн, иш билгилигин, элге, өлкөгө пайдасы тийерин сезип-көргөндө, аларды таптап, кызматтык тепкичтен бара-бара көтөрүлүүгө көмөктөшчү. Ал кездерде "шопурдун" бир күндө эле президент администрациясынын жетекчи орун басары болуп калышы мүмкүн да эмес, элестетүү да кыйын эле.

- Баса, мурдагы президент Атамбаев актанып, атаңызды, башка көрүнүктүү инсандарды мисал келтиргени бар. Бирок атаңыз сиз жанараак айткандай мамлекеттик кызматтагы тепкичтерди басып өтүп, көтөрүлгөн да?

- Мен дал ушуну айтып атам. Атам Экинчи дүйнөлүк согуш маалында колхоздо тракторчу болуп иштеген. Андан кийин окууга кетип, Ташкенттеги Мелиорация институтун аяктаган. Илимдер Академиясында эмгектенген, Аламүдүн райондук партия комитетинин катчысы, башка кызматтарда иштеген.

Эльмира Ибраимова, Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн социалдык көйгөйлөр боюнча координатору. 2010-жылдын 27-апрели.
Эльмира Ибраимова, Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн социалдык көйгөйлөр боюнча координатору. 2010-жылдын 27-апрели.

Кыскасы, ал узун, татыктуу жолду басып өткөн. Бүгүнкү заманда болсо эмнелерди көрүп жатабыз. Алмазбек Атамбаев сыйкырдуу таякчасын бир шилтеп коюп, мамлекеттик түзүлүш, башкаруунун эң жөнөкөй принциптери тууралуу эч кандай түшүнүгү жок адамды бир заматта бийликтин сересине алып келип, кубатуу, көп нерсени чечкен аткаминерге айлантып койду. Мындайды биздин өлкөдөн башка жерде элестетүү да кыйын болуш керек.

- Мындан 40 жыл мурунку кайгылуу окуяга кайтсак. Расмий түрдө кылмыштын бети ачылган. Бирок жылдар бою ал кайгылуу окуянын дагы көп күмөндүү жактары бар экени айтылып келатат. Кыргыз коомчулугу ал кылмыштын сырларын бир күнү билет деп ойлойсузбу?

- Жашыруун нерселер эртедир-кечтир ачыкка чыгат эмеспи. Апабыз өмүр бою чындык бир күнү ачыкка чыгаарына үмүттөнүп жүрүп, тилекке каршы, ошого жетпеген бойдон өтүп кетти. Болочокто кайсы бир күнү ошол каргашалуу 4-декабрь түнү иш жүзүндө эмне болгонун билебиз го деп үмүттөнөм.

- Ушунча убакыттан бери эгемен Кыргызстанда КГБнын архивдери ачыла элекпи?

- Ал гана эмес 1937-38-жылдардагы (мындан 80 жылдан да ашуун мезгилдеги) сталиндик репрессиялар тууралуу документтер азыркыга чейин толугу менен ачыкка чыгарыла элек эмеспи...

Ред.:

1980-жылы 4-декабрга караган түнү Чолпон-Ата шаарында орун алган чуулгандуу кылмыш ишти тергеген топту СССР КГБсынын төрагасынын орун басары В.М.Чебриков жетектеген (анын төрагасы Ю.В.Андропов жалпы көзөмөлдү жүргүзгөн). Ал түнкү мылтык менен кол салуудан улам Кыргыз ССРинин өкмөтүн жетектеген С.Ибраимов гана эмес, анын автоунаасынын айдоочусу Ю.А.Вольф да өмүрүнөн айрылган. Андан саал мурдараак, 3-декабрдын кечинде «Орбита» санаторийинин кароолчусу С.Коңуратов да атып өлтүрүлгөн.

Кылмышка шектүү катары Чолпон-Ата шаарынын Александр Михайлович Смагин аттуу тургуну аталган. А.Смагин 1957-жылы туулган, анын теги – орус («мурдагы орус кулагынын», демек, 1930-жылдары социалдык жактан ишенимсиз саналган кишинин урпагы) болгондугу айтылат. Смагин 1981-жылы 6-январда Орусиянын Куйбышев облусундагы Безенчук бекетинде электр поюзунда асылып өлгөнү кийинчерээк аныкталган. Смагинди кылмышка эмне түрткөнү белгисиз бойдон калды, расмий маалыматтарда ал мээсинен жабыркаган оорукчан киши болчу деп айтылган.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин ошол кездеги Биринчи катчысы Турдакун Усубалиев бул кол салууга өзүнүн тийешеси бардыгы тууралуу каймана айтылган аңыз кептерди четке каккан китеп да жарыялаган (Усубалиев Т. Клевещите, клевещите – что-нибудь да останется: Документальный рассказ / Ред. Б.Исакеева. – Бишкек: Учкун, 1995. – 68 бет).

Ал күнү (б.а. 1980-жылы 4-декабрга караган түнү) адатта Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин Чолпон-Атадагы санаторийин кайтарган милиция кызматкеринин эмне себептен өз ордунда жок болгондугун жана бул олуттуу жайдагы башка кызматкерлерди эмне үчүн үйлөрүнө коё беришкендигин эч ким түшүндүргөн эмес.

Тергөөдө мындан башка дагы бир топ бүдөмүк жагдайлар чыккандыгы, бирок алар ачыкталбай жаткандыгы тууралуу жоромолдор азыркыга чейин эл оозунда айтылып жүрөт. Коомчулукта «бул кылмыштын артында саясий себеп турган го, балким, Москвадагы эң жогорку жак деле алдын-ала кабардар болгондур?» деген сыяктуу күдүк кептер бүгүн да айтылып келет.

XS
SM
MD
LG