Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Молдовада фермерлер менен полиция кагылышты


Молдова парламентинин алдына нааразылык акциясына чыккан фермерлер менен полиция кызматкерлери кагылышты. Бир нече адам жаракат алды. 16-декабрда дыйкандар Кишиневдун борборуна тракторлорун айдап келишти. Алар кийинки жылы айыл чарба өндүрүмүн чыгаруучуларга салыкты көтөрүү боюнча өкмөттүн демилгесине ай башынан бери каршылык билдирип келатышат. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, өкмөт айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө салыкты 1-июлдан тартып көтөрүү боюнча демилгени талкуулап жатат. Бирок бул тууралуу расмий эч жерде айтыла элек. Дыйкандар бул сунуш жокко чыгарылмайынча демонстрациялар токтобой турганын айтышууда. Аларга 31-декабрга чейин акцияга чыгууга уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG