Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Орус спортчулары өз туусунун алдында 2022-жылга чейин эл аралык мелдештерге катыша албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус спортчулару 2022-жылдын 16-декабрына чейин Орусиянын туусу менен эл аралык мелдештерге катыша албайт. Лозаннадагы Спорттук арбитраждык сот Орусиянын Кызытмага каршы агенттигинин жана Эл аралык кызытмага каршы агенттиктин доосун караган соң ушундай чечим чыгарды. Ошондой эле ушул мөөнөттө Орусия дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрө албайт.

Эми спорттук соттун чечимине ылайык, орус спортчулары өз өлкөсүнүн туусунун алдында 2021-жылдагы Токиодо өтчү Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, 2022-жылы Катардагы футбол боюнча чемпионатка катышуу укугунан ажырады.

Кызытмага каршы эл аралык агенттик (WADA) 2019-жылы Орусияны төрт жылга эл аралык мелдештерден, анын ичинде Олимпиададан жана дүйнө чемпионаттарынан четтеткен. Ага ылайык, кызытма колдонбогонун далилдеген «таза» атлеттер бейтарап желек алдында жарыша алышат. Орусиянын мамлекеттик желегине жана гимнине тыюу салынган.

Бир добуштан кабыл алынган чечимге орус спортундагы кызытма эрежелеринин масштабдуу бузулушу, Москвадагы лабораторияда сакталган маалыматтарды бурмалоо аракети себеп болгон.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул маселе саясатташып жатканын, чечимге каршы апелляциялык арыз берилерин айткан.

Орус спортундагы кызытма чуусу бир нече жылдан бери уланып келатат. Орус бийликтери кызытма программасы мамлекеттик деңгээлде тескелгени тууралуу дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG