Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Дүйнөлүк агенттик РУСАДАны колдоду


Орусиянын допингге каршы агенттигинин Москвадагы кеңсеси, 20-сентябрь 2018-жыл.
Орусиянын допингге каршы агенттигинин Москвадагы кеңсеси, 20-сентябрь 2018-жыл.

Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (же WADA) бейшембидеги жыйынында Орусияны колдогон чечим чыгарды. Ага ылайык, Орусиянын допингге каршы агенттигинин - РУСАДАнын аккредитациясы калыбына келтириле турган болду. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн спортчулары бул чечимге каршылыгын билдиришкен эле.

Орусиянын допингге каршы агенттиги – РУСАДАнын аккредитациясы дээрлик үч жылдан кийин калыбына келтириле турган болду. Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) ондогон спортчулар менен улуттук агенттиктердин каршылыгына карабай РУСАДАга карата чектөөнү токтотууну чечти.

WADA агенттигинин президенти Крейг Риди ырастагандай, 20-сентябрда Сейшелде жыйынга чогулган, 12 мүчөдөн турган аткаруу комитетинин басымдуу көпчүлүгү бул чечимди колдоп добуш беришти.

2015-жылы орус спортчулары өкмөттүн колдоосу менен кызытма колдонуп келгени ачыкка чыккандан кийин РУСАДАнын аккредитациясы токтотулган эле. Москва допинг жаңжалына тиешеси жоктугун бир нече жолу кайталаган.

Өткөн аптада WADA агенттигинин допингге каршы эрежелерди сактоо комитети РУСАДАга карата чектөөнү алып салууну сунуштап, Орусия кемчиликтерин “жетиштүү деңгээлде моюнуна алганын” жүйө келтирген.

Орусия Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин чечимин кубаттады. Өлкөнүн спорт тармагын тейлеген вице-премьер-министри Ольга Голодец “Орусия таза атаандаштык принцибин карманарын” айтты.

РУСАДАнын башкы директору Юрий Ганус чектөөнү алып салуу үчүн көп аракет жумшалганын ишара кылды:

РУСАДАнын башчысы Юрий Ганус.
РУСАДАнын башчысы Юрий Ганус.

- Бул биринчи жана маанилүү кадам. Ал биздин спортчуларыбыз менен федерацияларыбызга эл аралык мелдештерге катышууга жол ачат. Анын үстүнө Орусиянын аймагында да эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чындыгында бул чоң жумуштун жыйынтыгы.

Бирок Сейшелдеги жыйынды утурлай бир катар спортчулар жана улуттук агенттиктер РУСАДАнын укугун калыбына келтирбей турууга чакырышкан. Алар Орусия WADA агенттигинин баяндамасындагы талаптарды толук аткарышы зарылдыгын, Москвадагы лабораторияга кирүүгө жана анын кампасында катылып турган анализдердин үлгүлөрүн алууга мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдиришкен.

WADA агенттигинин вице-президенти Линда Геллеланд да добуш берүүгө бир күн калганда бул чечимге каршы экенин айткан.

- Жылыш бар экенин жана РУСАДА аракет кылып жатканын көрүп турам. Бирок алар Макларен баяндамасында айтылгандарды моюнга алышпаса жана WADA лабораторияларга кире албаса, мен Орусиянын укугун калыбына келтирүүгө каршы добуш берем, - деп айткан Геллеланд.

Быйыл орус спортчулары бейтарап желектин алдында олимпиадага катышышты.
Быйыл орус спортчулары бейтарап желектин алдында олимпиадага катышышты.

Буга чейин Жеңил атлетиканын эл аралык ассоциациясынын 14 мүчөсү да WADA агенттигине ачык кат жолдоп, талаптар толук аткарылганга чейин РУСАДАга киргизилген чектөө алынбашы керектигин, антпесе агенттиктин беделине доо кетерин эскертишкен.

Ушундай эле сунушту АКШ, Британия сыяктуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин кызытмага каршы агенттиктери 18-сентябрдагы кайрылуусунда баса белгилешкен:

- WADA таза атлеттердин укугу, алардын ден соолугу жана мелдештердеги коопсуздугу маанилүү экенин акыры түшүнөт деп үмүттөнөм, - деп билдирген АКШнын Допингге каршы агенттигинин башчысы Трэвис Тигарт.

Бирок Допингге каршы дүйнөлүк агенттик Орусия 2018-жылдын акырына чейин лабораториянын иши менен таанышууга уруксат бериши керектигин, болбосо кайра РУСАДАнын аккредитациясын ажыратууга барышы мүмкүн экенин эскертти.

WADAнын президенти Крейг Риди Лозаннадагы жыйында. 21-март, 2018-жыл.
WADAнын президенти Крейг Риди Лозаннадагы жыйында. 21-март, 2018-жыл.

- Белгиленген убакыттын ичинде WADA агенттигине Москвадагы мурдагы лабораториялардагы маалымат жана үлгүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берилет, - деп билдирди дүйнөлүк агенттиктин президенти Крейг Риди.

Допинг жаңжалдарынан улам Орусия Түштүк Кореядагы быйылкы Кышкы олимпиададан мамлекет катары четтетилип, жүздөн ашуун спортчусу гана бейтарап желек алдында катышкан.

2017-жылдын 3-августунда WADA Орусиянын допингге каршы агенттигинин ишин жандантуу үчүн жол картасын жарыялаган. Документ эки тараптын катышуусунда иштелип чыккан. Анда Орусия 19 пункт боюнча талаптарды аткарганы, дагы 12 шарт кала бергени айтылган.

Биринчи пунктта Орусия Ричард Макларен жетектеген топтун иликтөөсүнүн жыйынтыгын коом алдына моюнга алууга тийиш деп жазылган.

Макларен Орусиянын Спорт министрлиги допинг текшерүүдөн өтпөй калган атлеттерди “калкалоо” керектигин өзү чечип турган жана 2014-жылы Кышкы Олимпиада учурунда тыюу салынган заттар чыккан анализдерди алмаштырууну көзөмөлдөгөн деген тыянакка келген.

Орусиянын жогорку расмий өкүлдөрү кызытманы колдогон мамлекеттик программа жок экенин айтышып, «болбогон ишти кантип моюнга алабыз» деп суроо салышкан.

Ошентсе да WADA агенттигинин айыптоолорунан кийин орусиялык Спорт министрлигинин бир катар жооптуу өкүлдөрү кызматтан алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG