Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Орусия допинг доосун моюнга албады


Орусиянын расмий өкүлдөрү Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – ВАДАнын көз карандысыз комиссиясынын негизги жыйынтыгын моюнга албасын билдиришти. Докладда кызытма колдонуу программасын мамлекет өзү көзөмөлдөгөн деп айтылган.

3-августта ВАДА Орусиянын допингге каршы агенттиги РУСАДАнын ишин жандантуу үчүн жол картасын жарыялаган. Документ эки тараптын катышуусунда иштелип чыккан. Анда Орусия 19 пункт боюнча талаптарды аткарганы, дагы 12 шарт кала бергени айтылган.

Биринчи пунктта Орусия Ричард Макларен жетектеген топтун иликтөөсүнүн жыйынтыгын коом алдына моюнга алууга тийиш деп жазылган.

Макларен Орусиянын Спорт министрлиги допинг текшерүүдөн өтпөй калган атлеттерди “калкалоо” керектигин өзү чечип турган жана 2014-жылы Кышкы Олимпиада учурунда тыюу салынган заттар чыккан анализдерди алмаштырууну көзөмөлдөгөн деген тыянакка келген.

Орусиялык спортчулар
Орусиялык спортчулар

Орусиянын вице-премьери Виталий Мутко 3-августта ТАСС агенттигине “Эч кандай мамлекеттик программа жок болчу. Орусияда андай эч нерсе болгон эмес. Болбогон ишти кантип моюнга алабыз, - деп билдирди.

ВАДАнын айыптоолорунан кийин орусиялык Спорт министрлигинин бир катар жооптуу өкүлдөрү кызматтарынан кеткен. Бирок өкмөт эч качан докладда айтылган дооматтарга макул болгон эмес.

"Докладда талаштуу көп жерлер бар. Эч ким албетте аны кабыл албайт", - деди Р-Спорт кабар агенттигине Орусиянын допингге каршы көз карандысыз комиссиясынын төрагасы Виталий Смирнов.

Төрага ошондой эле ВАДАнын дагы бир шартына макул эместигин айтты. Жол картасында Орусиянын тартип коргоо органдары Москвадагы мурдагы лабораториядагы заара анализдери сакталган жерди ачууга тийиш деп айтылган.

"Биз бул процессти тездете албайбыз", - деди Смирнов.

РУСАДАнын мурдагы жетекчиси Григорий Родченков
РУСАДАнын мурдагы жетекчиси Григорий Родченков

Орусиянын Тергөө комитети допингге байланыштуу иликтөө жүргүзүп, бирок негизинен ошол лабораториянын мурдагы директору Григорий Родченковдун айланасындагы жагдайларга көбүрөөк көңүл бурууда. Родченков болсо Макларен докладында баяндалган фактылардын негизги күбөсү болгон.

Ошентип жол картасына байланышкан жаңы талаш-тартыш РУСАДАнын иши Орусия үмүттөнүп келгендей ноябрда толугу менен калыбына келтирилбейт дегенге жатат.

ВАДА буга чейин орусиялык агенттиктин айрым ыйгарым-укуктарын калыбына келтирген.

Бирок - бул орусиялык жеңил атлетчилердин эл аралык мелдештерге кайрадан катышуусу үчүн жетиштүү эмес.

3-августта Жеңил атлетика боюнча Эл аралык федерациянын башкаруучу органы кезектеги конгрессте эки жылга киргизилген тыюу дагы күчүндө кала берсин деп добуш беришти. Ошол эле маалда 19 спортчу Лондондо 4-августта башталган дүйнө чемпионатына нейтралдуу желектин астында катышмакчы.

- Менимче, алга жылуу албетте байкалууда. Бирок кеңеш сунуштардын негизинде Орусиянын катышуусун калыбына келтирүүгө дагы эрте деп эсептейт. Алдыдагы айларда кырдаалды жакшыртуу аракетин көрүшүбүз керек. Биз дайыма таза спортчуларды булганган системадан бөлүүнү көздөйбүз, ошон үчүн бул ирет орусиялык 19 спортчу катышууда, - деди Эл аралык федерациянын жетекчиси Себастьян Коэ.

Жыйында Орусиянын Жеңил атлетика федерациясынын жетекчиси Дмитрий Шляхтин өз өлкөсүндө “кызытма колдонуу жана коррупцияны токтотуу керектигин” моюнга алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG