Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Допинг боюнча анализдер кайра текшерилет


Буга маалымат каражаттарында арбын чагылдырылган Сочидеги оюндарга катышкан ондогон орус спортчулары "мамлекет колдогон допинг программасынын" бир бөлүгү болгону тууралуу кабарлар себеп болду.

New York Times гезитине чыккан макалада орусиялык спортчуларга кызытма берүүнү спорт жетекчилиги өзү колдогону ачыкка чыгып, АКШнын Юстиция департаменти ошонун негизинде иш козгогону айтылат.

Нью-Йорктун Чыгыш округунун прокуратурасы спортчуларга кызытма берүү боюнча орус өкмөтүнүн аткаминерлеринин, машыктыруучулардын жана спортчулардын ролун иликтейт.

Эгер Орусиянын курама командасынын спортчулары такай допинг колдонуп жүргөнү тууралуу маалымат далилденсе, анда маселе дүйнөлүк деңгээлге чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу шаршембиде Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах билдирди:

- Эгер мунун бардыгы ырасталса, бул процесске катыштыгы бар адамдар толук жоопко тартылат. Аларга каршы санкциялар киргизилет. Ал эми спортчу жана анын жакынкы чөйрөсү Олимп оюндарына катышуу лицензиясынан ажырап калышы мүмкүн.

Томас Бах ошондой эле 2008-жылкы Бээжин жана 2012-жылдагы Лондон Олимп оюндарына катышкан спортчулардын анализдеринин үлгүлөрү да кайра текшерилерин, бул алдыда Рио-де Жанейродогу оюндарга катышууга укук алган ондогон спортчуну да андан четтетиши ыктымалдыгын билдирди.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах.
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах.

Мурдараак АКШ соту эгер кылмыш иштери Кошмо Штаттардын аймагында болсо же кылмыш иштерде америкалык банк системасы аралашса чет элдик жарандарга кылмыш ишин козгоого уруксат берген.

Иликтөөнүн алкагында Москванын допингге каршы лабораториясынын мурдагы башчысы Григорий Родченковдун имшердүүлүгү текшерүүгө алынат.

The New York Times гезитине 12-майда учурда АКШда жашаган Родченковдун маеги жарык көргөн. Анда кесиби боюнча химик адис Орусиянын курамасынын допинг колдонуп жүргөнүн бийлик билгенин жана тескерисине аны калкалап келгенин айткан.

Өткөн жылдын ноябрь айында Допингге каршы агенттик бир катар мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды жарыялаган соң Орусиянын жеңил атлетика боюнча федерациясы эл аралык оюндардан четтетилген.

15-майда Британиянын Sunday Times гезитине берген маегинде Орусиянын спорт министри Сергей Мутко “Орусиянын жеңил атлетика боюнча федерациясы олуттуу каталарды кетиргенин” моюнга алган. Ал ошондой эле тереңдеп бараткан допинг жаңжалы үчүн кечирим сурап, орус спортчуларын августта өтчү Рио Олимп оюндарында таза мелдешке чакырган.

Нью-Йорктогу иликтөөлөрдүн жыйынтыгы орус атлетчилеринин августта Рио-де-Жанейродо өтчү жайкы Олимп оюндарына катышар-катышпастыгына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Эл аралык жеңил атлетика федерациялар ассоциациясы 17-июнда чогулуп, бул суроону талкуулашкандан кийин орус спортчуларынын келечеги анык болот.

Допинг чуусуна байланыштуу жакында эле бир топ спортчулардын Олимп оюндарына алган жолдомолору кайтарылып алынды. Алардын ичинде кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев да бар. Ал эми коңшу Казакстанда тыюу салынган кызытма он сегиз спортчунун канынан аныкталган.

XS
SM
MD
LG