Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Спорт-2016: Рио, көз жаш, Көчмөндөр оюну


2016-жылы дүйнөдө жана Кыргызстанда спорт тармагында бир катар орчундуу окуялар болуп өттү. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында ХХХI жайкы Олимп оюндары өтсө, ага улай эле Ысык-Көл жээгинде Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп, анда 62 өлкөдөн келген спортчулар күч сынашты.

Кызытма чыры Кыргызстанды кыйгап өткөн жок. Өспүрүм жана ардагер балбандар дүйнө чемпиондуктарында ийгиликке жетишти.

Хоккей: Кыргызстан «Азия чакырыгы» кубогун утту

Жыл башында кыргыз хоккейчилери күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы «Азия чакырыгы» кубогуна арналган мелдештин жеңүүчүсү болду.

Мелдеш 9-14-апрелде Бишкектеги шаардык муз майданда өттү. Ага Макао, Малайзия, Катар, Индия жана Кыргызстандын командалары катышты.

"Азия чакырыгы" кубогун уткан Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. 14-апрель, 2016-ж. Бишкек.
"Азия чакырыгы" кубогун уткан Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы. 14-апрель, 2016-ж. Бишкек.

Жыйынтыктоочу мелдеш күнүндө кыргыз хоккейчилери Макао курамасы менен беттешип, 8:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул оюндан кийин Кыргызстандын оюнчулары 12 упай менен көч башына чыкты.

Макао курамасы менен болгон оюнга чейин Кыргызстан Индияны 11:1, Катарды 9:0, Малайзияны 9:5 эсебинде жеңип алган.

Күмүш байге тогуз упайы бар Малайзия курамасына ыйгарылды. Коло медал беш упай топтогон Макаого буюрду. Төртүнчү орунда Катар, бешинчи орунда Индия курамалары жайгашты.

Кыргызстандын командасы бул кубокту жеңүү менен Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого жолдомо алды.

«Азия чакырыгы» кубогунун оюндары Бишкекте экинчи жолу өттү.

2014-жылы Бишкекте болгон мелдештин финалында Макао Кыргызстан курамасына 5:4 эсебинде жеңилип калган. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште кыргыз хоккейчилери коло медалды тагынган.

Олимп оюндары

2016-жылы болгон орчундуу окуялардын бири Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн 31-жайкы Олимп оюндары болду. Бул мелдешке 206 өлкөдөн жана Эл аралык Олимпиадалык комитеттин желеги менен чыккан качкындар командасын кошкондо он миңден ашуун спортчу катышты. Спортчулар бул жолу рекорддук сандагы, тагыраагы 300дөн ашуун медал комплектилери үчүн таймашты.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын арасынан балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова бешинчи орунду, дзюдочулар Юрий Краковецкий 7-орунду, Отар Бестаев 9-орунду ээледи. Калгандары алдыңкы ондукка киргендердин катарына кошула алган жок. Оор атлетчи Иззат Артыков коло медалга ээ болуп бирок, кызытма колдонду деген жүйө менен жеңиши жокко чыкты.

Коло медалдан айрылуу

23 жаштагы оор атлетчи Иззат Артыков 10-августка караган түнү 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашууга чыккан. Булкуп көтөрүүдө 151 килограмм, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп жалпы 339 килограмм көрсөткүч менен 3-орунга илинип кыргызстандыктарды кубанычка бөлөгөн.

Иззат Артыков. 10-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро. Бразилия.
Иззат Артыков. 10-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро. Бразилия.

Тилекке каршы ал кубаныч көпкө созулбай бир жумадан кийин Эл аралык спорттук арбитраж соту канынан стрихнин заты чыкканы аныкталды деген жүйө менен Артыковдун жеңишин жокко чыгарды.

Бул салмакта 352 килограммды көтөргөн кытайлык Ши Жуйонг биринчи, 351 килограмм салмакты багынткан түркиялык Данияр Исмаилов экинчи орунду багындырган. Артыков алган орун төртүнчү орунду алган колумбиялык спортчуга ыйгарылган.

Артыковдун маселеси Эл аралык спорттук арбитраждык сотунда каралууда. Ушу күнгө чейин так жыйынтык чыга элек. Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мурдагы башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров допинг чыры боюнча иш 2017-жылдын 11-январында Швейцариянын Лозанна шаарында караларын “Азаттыкка” билдирди. Сот жараянына Кыргызстандын оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов жана оор атлетчи Иззат Артыков катышат. Улуттук Олимпиада Комитети менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилери күбө катары өтүшөт.

Майназаров сот жараянында кандай маселе караларын ачык айткан жок. Ал эми Иззат Артыков жана анын машыктыруучулары эч кандай тыюу салынган дары-дармек (стрихнин) колдонулбаганын айтып келишет.

Иззат Артыков: Мен тазамын (22.08.2016-ж.)

Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин 4-ноябрдагы отурумунда Оор атлетика федерациясынын иши кескин сынга алынып, кызытма чырына байланыштуу башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров жана ага машыктыруучу Мирлан Эгембердиев кызматтан кетти.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 2003-жылдан 2016-жылга чейин курама команданын сегиз спортчусу кызытма колдонгону далилденген. Ошондой эле агенттик курама командада кызытма менен кармалгандан кийин атын же жашын өзгөрткөн спортчулардын бар-жогун иликтейт.

Буга жоопкер катары спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын жетекчиси Назирдин Акылбековго сөгүш жарыяланды. Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги Оор атлетика федерациясындагы кызытма боюнча териштирүү аяктагыча, спортчуларга чет өлкөгө мелдештерге барууга тыюу салды.

Кошумчалай кетсек, допинг чыры Кыргызстанды гана эмес дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнүн айласын кетирди. Эл аралык допингге каршы агенттик – WADA 1000ге жакын орусиялык спортчу допинг колдонгонун маалымдады. Коңшу Казакстандын беш спортчусу мурда дүйнөлүк Олимп оюндарында алган медалдарын кайра кайтарып берүүгө милдеттендирилди.

Эл аралык олимпиада комитетинин чечимине ылайык, казакстандык оор атлетчилер Зульфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова 2012-жылы Лондон оюндарында уткан алтын медалдарын кайтарып бериши керек. Лондон жана Бээжин олимпиадаларында чемпион аталган оор атлетчи Илья Ильиндин да алтын медалдары кайтарылат.

Эркин күрөш боюнча балбан Таймураз Тигиев 2008-жылы Бээжин олимпиадасында алган күмүш медалын кайра тапшырып бериши керек.

Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн беттеште утулду

Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 18-августка караган түнү коло байге үчүн таймашта индиялык Малик Сакшиге утулуп калды.

58 килограммга чейинкилер арасындагы күч сынашкан Тыныбекова таймаштарын 1/8 финалдан баштаган. Бул беттеште бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып, 11:8 эсебинде жеңди. Чейрек финалда 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси, финляндиялык Петра Олли менен таймашып, 14:7 эсебинде утуп алды.

Чейрек финал. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) - Петра Олли (Финляндия). 17-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро. Бразилия.
Чейрек финал. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан) - Петра Олли (Финляндия). 17-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро. Бразилия.

​Жарым финалда орусиялык Валерия Коблова менен күрөшүп, 4:1 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн таймаштан четтеген. Коло байге үчүн күрөштө индиялык Малик Сакши менен таймашты. Биринчи айлампада Тыныбекова беш упай алып алдыга чыккан. Экинчи айлампада индиялык балбан кыз сегиз упай топтоп, 8:5 эсебинде жеңишке жетти. Сакши 2015-жылы Дохада өткөн Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган. 2012-жылы Лондондо өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, байгесиз кайткан.

Бул салмакта жапониялык Каори Ичо чемпион болду. Ал ушуну менен төртүнчү жолу Олимп оюндарынын алтын медалын тагынды. Он жолу дүйнөнүн, төрт жолу Азиянын чемпиондугун да уткан. Күмүш байгени орусиялык Валерия Коблова алды. Дагы бир коло медал тунистик Марва Амриге буюрду.

Тыныбекова жеңилүү менен 5-орунга ээ болуп калды. Олимп оюндарынан кийин Бишкекте болгон маалымат жыйынында беттештерде айрым бир кемчиликтерге жол бергенин айтып, Олимп оюндарына дагы катышып, күйөрмандардын ишеничин актоого убада кылды.

- Төрт жылдан бери эмгектенип келген эмгегибиздин үзүрүн ушул Олимпиададан көрөбүз го деп ойлогом. Жеткиликтүү машыгып, толугу менен даярданып барганбыз. Жок дегенде коло медал алам деп элестеткем. Спортто ушундай болот экен. Бирде утулуп, бирде утат экенсиң. Буюрса, 2020-жылы Токио Олимпиадасынан мага ишенип келген бардык күйөрмандарымдын ишеничин толугу менен актайм деп айткым келет.

Айсулуу Тыныбекова жаштар арасында жана чоңдор арасында Азиянын чемпиону. Ошондой эле Азия чемпиондугунун эки күмүш жана бир коло байгеси да Тыныбековага таандык. 2012-жылдагы Лондон Олимпиадасына катышып 14-орунду алган. Ошол жылы 17 жаштагы кызды сабаган деп айыпталып, иши сотко өтүп, үч айга жакын убакытка созулган соттук териштирүүлөр машыгуулардан алагды кылган. 2013-жылы Казан шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиадада коло медал тагынган.​

Спортчулар элден кечирим сурады (23-август, 2016-ж.)

Рио-2016: Арсен Эралиев коло байге үчүн күрөштө утулуп калды

Бразилияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашты. Ал 15-августка караган түнү коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык Элмурат Тасмурадовго утулуп калды. Беттештин биринчи бөлүгүндө Тасмурадов беш упай менен алдыга чыккан. Экинчи айлампада Эралиев удаасы менен ыкмаларды жасап алты упай топтоду. Өз кезегинде өзбекстандык балбан алгач бир упай, андан соң төрт упай алды. Бул учурдан кийин Эралиев жасаган аракеттер эки упайга бааланды. Атаандашын оодарып упай алуу аракети ишке ашпай бул учурда калыстар Тасмурадовго үч упай беришти. Жыйынтыгында өзбекстандык Элмурат Тасмурадов 13:8 эсебинде жеңишке жетип Олимпиада оюндарынын коло медалын тагынды.

Арсен Эралиев коло байге үчүн таймаш учурунда. 15-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро. Бразилия.
Арсен Эралиев коло байге үчүн таймаш учурунда. 15-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро. Бразилия.

Арсен Эралиев 1/8 финалда Куба мамлекетинин балбаны, 2015-жылдагы дүйнө чемпиону Исмаэл Борреро Молина менен таймашып, утулуп калган. Кубалык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Эралиевге жооткотуучу беттеште күч сыноого шарт түзүлгөн эле. Жооткотуучу беттеште кытайлык Ван Люминди жеңип, 3-орун үчүн таймашка чыккан.

Эралиевдин байгесиз калышына көпчүлүк күйөрмандар мелдеш калыстары жолтоо болгонун айтып чыгышты. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов мелдештен кийин “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде Арсен Эралиевдин байге албай калышына калыстын туура эмес чечими түрткү болгондугун айтты:

- Өзүңүздөр күбө болгондой, Арсен Эралиевдин колунда турган үчүнчү орунду мелдеш калысы тартып алды. Спорт деген ушундай болот экен. Өзгөчө күрөштө айрым учурда калыстар балбандардын шагын сындырып койгон учурлар кездешет.

Ал эми балбан Арсен Эралиев Бишкекке болгон маалымат жыйынында көзүнөн жаш тегеренип, мукактанып оюн толук айта албай, эл үмүтүн актабай калгандыгы үчүн кечирим сурады.

- Жакшы даярдык менен барганбыз. Олимпиададан жеңишке жетпей калдык. Кыргыз элимдин жана ошондой эле агайларымдын койгон тапшырмаларын аткара алган жокмун. Баарынан кечирим сурайм. Бул менин экинчи Олимпиадам. 17 жылдан бери машыгып, ушул Олимп оюндарынан медал тагынам деп кыялданып келгем. Бирок орундалган жок. Баарынан кечирим сурайм....

Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы Олимп оюндарынан кыргызстандык спортчулардын байгесиз кайтуусу өлкөдө спортко карата туура эмес саясат жүргүзүлүп жатканын ырастады.

Аманкулов: Мамлекеттин акчасына кызытма алынган (20.12.2016-ж.)

Аманкулов: Мамлекеттин акчасына кызытма алынган
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:27 0:00

Кыргызстандын эсебинде эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Олимп оюндарынан үч медал алган. 2000-жылы Сидней Олимпиадасынан дзюдочу теги казакстандык Айдын Смагулов, кыргыз жарандыгын алып коло байгени алып берген. 2008-жылы грек-рим күрөшүнүн балбандары Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло медалдарды тагынган. 2012-жылы Лондондо өткөн жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 14 спортчу барып, бирөө да байге албай кайткан. Ал убакта 7-орунду алган эркин күрөш балбаны Магомед Мусаевдун көрсөткүчү кыргыз спортчуларынын арасындагы эң жакшы жыйынтык болгон. 2020-жылы боло турган жайкы Олимп оюндары Жапониянын Токио шаарында өтөт.

Көчмөндөр оюндары

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү. 3-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылуу салтанаты болуп, ага катышкан 62 мамлекеттин спортчулары параддан өттү.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. 3-сентябрь, 2016-ж.
II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. 3-сентябрь, 2016-ж.

Кыргызстандын курамасы менен аянтка чыккан президент Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарын ачып жатып, чет элден келген конокторду Кыргызстан зор кубаныч менен күтүп алганын белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчы Кыргызстанда көчмөн элдердин мурасын жандандыруу аракети дүйнөнү кызыктырып жатканын кошумчалады:

- Көчмөн элдердин мурастарын жандандырып жатканыбыз дүйнөнүн бардык элдерин кызыктырып жатат. Эки жыл мурда ушул жерден биринчи оюндарды өткөргөндө 19 өлкө катышса, мына бүгүн 62 өлкөнүн оюнчулары катышууда, - деди Атамбаев.

Оюндун ачылышында миң комузчунун Атай Огомбаевдин “Маш ботой” күүсүн черткени чоң талкуу жаратты.

Дүйнөнүн 62 мамлекетинен келген спортчулар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашты. Аларды чагылдырууга жергиликтүү жана чет өлкөлүк 400дөн ашуун журналист келген.

8-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда чет элдик жана жергиликтүү ырчы-чоорчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт өтүп, Көчмөндөр оюндары расмий аяктады. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жапты.

Жалпы командалык жыйынтык боюнча 27 алтын, 25 күмүш жана 29 коло медал алган Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Андан кийинки катарды 15 алтын, үч күмүш, алты коло менен Түркмөнстан алды. 12 алтын, 13 күмүш, 13 коло медалга жетишкен Казакстанга үчүнчү, 12 алтын, беш күмүш жана он коло медалга ээ болгон Орусияга төртүнчү орун тийди.

Казына каржалып турганда Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом жумшалганы коомчулукта сынга алынды. Каржы министрлиги билдиргендей, оюндарга жалпысынан 30,5 миллиондон ашык доллар же 2 млрд сомдон ашык каражат сарпталган.

Көчмөндөр оюну: туяктардын дүбүртү. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын фотографы Амос Чэплдын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда тарткан мыкты сүрөттөрүн сунуштайбыз.

Жаш балбандын ийгилиги

Грузиянын Тбилиси шаарында 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин уландар жана кыздар (кадеттер) арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу өттү. Бул мелдеште Кыргызстандын жаш балбандары бир алтын, бир күмүш жана төрт коло медал тагынып кайтышты.

Акжол Махмудов
Акжол Махмудов

Грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов 69 килограмм салмакта таймашып дүйнө чемпиону аталды. Ал жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгачкы беттешинде армениялык Малкхас Амоянды килемге далысын таза тийгизип 8:2 эсебинде утту. Чейрек финалда жапониялык Гакуо Тагучини 8:0 эсебинде ири айырма менен жеңди. Жарым финалда белорусиялык Артем Валасковичти дагы 8:0 эсебинде утуп алды. Финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен таймашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип алтын медаль тагынды.

69 кг. Финал. Акжол Махмудов (Кыргызстан) - Улву Ганизаде (Азербайжан) 5:3.

​17 жаштагы Акжол Махмудов 2016-жылы июль айында Кытайдын Тайбейинде өткөн Азия чемпиондугунда да жеңүүчү болгон.

Дүйнө чемпиону болгон Махмудовдон сырткары бул мелдеште грек-рим күрөшчүлөр Жоламан Шаршенбеков (54 кг.) менен Эрбол Бакиров (58 кг.) 3-орунду ээлешти.

Кадеттер арасында дүйнө чемпиондугунун кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча таймаштарында Айпери Медет кызы (70 кг) күмүш, Назира Марсбек кызы (52 кг.) менен Мээрим Жуманазарова (65 кг.) салмакта дүйнө чемпиондугунун коло байгесин алышты. Ал эми Эркин күрөшчүлөр Абдымалик Карачов (42 кг) менен Акбар Кенжебек уулу (46 кг) коло байге үчүн күч сынашууларда утулуп бешинчи орунду алышты.

Арыбаган ардагер балбандар

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Польшада өткөн дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар бир алтын, эки коло байгенин ээси болушту. Алтын медалды Чынарбек Изабеков тагынса, Мелис Турганбаев менен Басылбек Мамытбеков коло байгеге ээ болушту.

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугу Польшада 7-9-октябрь күндөрү өттү. 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында 97 килограмм салмакта күрөшкөн Чынарбек Изабеков үч беттеште тең бардык атаандаштарын жеңип алтын медал тагынды.

97 кг. Финал. Чынарбек Изабеков (Кыргызстан) - Валериян Заболотный (Молдова) 8:0.

​Изабеков ушуну менен экинчи жолу ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 2015-жылы Грекияда 40 жаштан 45 жашка чейинки курактагы балбандар арасында 85 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, атаандаштарын уткан.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев 51-55 жаштагылар арасында 76 килограмм салмакта күрөшүп, 3-орунду алды. Алгачкы беттеште түркиялык Зафер Койянды 4:2 эсебинде утуп, жарым финалда жапониялык Тамотсу Какефудага 2:1 эсебинде бир гана упайга жеңилип калды.

Коло байге үчүн күрөштө польшалык Силвестер Пётр Сцыманскийди 11:0 эсебинде таза жеңип, коло медал тагынды.

54 жаштагы Турганбаев жаштар арасында СССРдин чемпиону болгон.

61 жаштан 65 жашка чейинки куракта 58 килограмм салмакта күрөшкөн Нарын мамлекеттик университетинин дене тарбия мугалими Басылбек Мамытбеков дагы Кыргызстандын эсебине бир коло медалды алып келди.​

65 жашта жылмайган ийгилик

65 жашта жылмайган ийгилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

​Сентябрь айынын аягында Финляндияда грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунда Өмүралы Жакыпов (51-55 жаш, 76 кг) менен Калмат Камчыбеков (66-70 жаш, 130 кг.) күмүш медалды тагынып кайтышкан. Күрөш айлампа тартибинде өтүп, кыргызстандыктар экиден атаандашын утуп, бирок экөө тең бир беттеште орусиялык балбандардан жеңилип калган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG