Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Иззатты медалга жеткирген жол


Иззат Артыков. 9-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро.
Иззат Артыков. 9-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро.

Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков Бразилияда өтүп жаткан Олимп оюндарында коло байгенин ээси болду. Ал 10-августка караган түнү 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашууга чыкты.

Иззат Артыков күч сынашкан 69 килограммга чейинки оор атлетчилер арасында байге үчүн 21 спортчу күч сынашты. Булкуп көтөрүүдө 151 кг, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 339 килограмм көрсөткүч менен 3-орунду алды.

Бул салмакта 352 килограммды көтөргөн кытайлык Ши Жуйонг биринчи, 351 килограмм салмакты багынткан түркиялык Данияр Исмаилов экинчи орунду алды. Артыков алган коло медаль Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкы байге.

Иззат Артыков өз жеңишин Кыргызстанга жана энесине арнай турганын "Азаттык" радиосуна билдирип, ийгиликке жетүүдө машыктыруучулардын салымы зор болгонун кошумчалады:

- Спорттун бул түрү менен машыгып калуума апам түрткү болгон. Ал экинчи классымда оор атлетикага алып келген. Азыр Орусияда иштеп жүрөт. Оор атлетика менен машыкканыма 15 жыл болду. Алгачкы машыктыруучум Эсен Майназаровго, башкы машыктыруучу Үсөнкан Майназаровго жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовго да терең ыраазымын. Жеңишимди Кыргызстанга жана апама арнайм.

Иззат Артыков 2-класста окуган мезгилден баштап Токтогул шаарчасында машыктыруучу Эсен Майназаровдун жетекчилигинде оор атлетика менен машыга баштаган. 23 жаштагы Иззат үй-бүлөлүү.

Рио-де-Жанейродо коло медал утуп алган кыргызстандык Иззат Артыковду президент Алмазбек Атамбаев да телефондон куттуктады. Мамлекет башчы спортчунун бул ийгилиги Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин айтты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Артыковду куттуктаган учурда: “Эрте таңдан миңдеген кыргызстандыктар түз эфирди тиктеп, сени колдоп турушту. Сенин татыктуу жеңишиң өлкөң үчүн сыймык. Кыргыз жаштарына дем-күч берет. Сен менен сыймыктанабыз!”- деп белгилеген.

Иззат Артыков машыктыруучулары Үсөнкан Майназаров, Өмүржан Молдодосов жана оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов менен. 9-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро.
Иззат Артыков машыктыруучулары Үсөнкан Майназаров, Өмүржан Молдодосов жана оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов менен. 9-август, 2016-ж. Рио-де-Жанейро.

Рио-2016 олимпиадасында Артыковду мелдештерде башкы машыктыруучу Үсөнкан Майназаров, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясынын вице-президенти, Кыргызстандын эмгек сиңирген спортчусу Уланбек Молдодосов коштоп жүрдү.

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров жеңиш талыкпаган эмгек жана тынымсыз машыгуунун арты менен келгенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Изаттын коло медалы алтын медал менен тең деп ойлойм. Бул жерде Оор атлетика федерациясынын жана элибиздин ишеничи менен жеңишке жеттик.

Оор атлетика боюнча Кыргызстан 36 жылдан бери Олимп оюндарынан байге ала элек болчу. 1980-жылы Москвада өткөн Олимп оюндарында оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта 245 килограмм салмакты көтөрүп алтын медалды тагынган.

Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов Артыков Олимпиада оюндарында байге алууну максат кылып Бразилияга аттанганын билдирди.

- Коло байге алуу менен Иззат кыргыз элин, анын ичинде өзү туулуп өскөн Токтогул районунун элин да кубандырды. Талыкпаган эмгектин натыйжасында ал Кыргызстанды дүйнөгө тааныта алды. Ага ден соолук каалайм. Иззаттын ийгилиги купулума толду. Ал уткан байге дүйнө чемпиондугунун же Азия чемпиондугунун байгеси эмес. Ал - Олимп оюндарынын байгеси. Барк-баасы жогору. Бул элибиз үчүн чоң сыймык. Иззат быйыл Азия чемпиону болгондон кийин Олимпиада оюндарында жок дегенде бир медаль алат деп үмүттөнгөнбүз. Максатыбызга жеттик.

Олимп оюндарынын оор атлетика боюнча мелдештеринин 69 килограммга чейинки салмактагылар арасында байге ээлери. Данияр Исмаилов (Түркия), Иззат Артыков (Кыргызстан) жана Ши Жуйонг (Кытай).
Олимп оюндарынын оор атлетика боюнча мелдештеринин 69 килограммга чейинки салмактагылар арасында байге ээлери. Данияр Исмаилов (Түркия), Иззат Артыков (Кыргызстан) жана Ши Жуйонг (Кытай).

23 жаштагы Артыков өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугунун коло байгесин жеңген. Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медалды тагынган. 2014-жылы чоңдор арасында Азия чемпиондугунда коло байгени уткан.

Быйыл 2016-жылдын апрель айында Ташкентте өткөн лицензиялык Азия чемпиондугунда алтын медалды тагынган. Ал аталган чемпионатта булкуп көтөрүүдө 150 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы суммада 338 килограмм салмак менен Азия чемпиону аталган.

Рио олимпиадасында Иззат Артыков булкуп көтөрүүдө 151 килограмм оор салмакты көтөрүү менен да Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Анын Азия чемпиондугундагы көтөргөн 150 килограмм көрсөткүчү дагы Кыргызстандын рекорду эле.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу аттанган.

Буга чейин кыргызстандык беш спортчу мелдештерин жыйынтыктаган. 9-август күнү 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2 мүнөт 16.57 секунда менен алгачкы тандоо жарышында алтынчы келип жарым финалга өтпөй калды. Ага чейин дзюдочу Отар Бестаев, боксчу Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана сууда сүзүүчү Дарья Таланова мелдештерин жыйынтыктаган.

Кыргыз спортчуларынан 12-августта дзюдочу Юрий Краковецкий жана жеңил атлетчи Дарья Маслова мелдештерге катышат. Олимп оюндары 21-августка чейин уланат. Алдыда балбандар Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова, Руслан Царев, Магомед Мусаев жана Айаал Лазаревдин таймаштары бар. Ошондой эле жеңил атлетчилер Илья Тяпкин, Юлия Андреева, Ксения Полюдина, Мария Карабицкая аттуу спортчулардын жарыштары бар.

Быйылкы Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан XXXI жайкы Олимп оюндарында байге уткан спортчуларга мамлекет тарабынан алтын үчүн 7 миллион сом, күмүш үчүн беш миллион сом жана коло үчүн үч жарым миллион сом акчалай сыйлык ыйгаруу убадаланган. Бул сыйлыктын 25 пайызы башкы машыктыруучу жана машыктыруучуга берилет. Андан сырткары Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримов спортчуларга Олимп оюндарына аккредитациялык карточкаларын (күбөлүк) тапшыруу учурунда байге уткан спортчулардын ар бирине жана жеке машыктыруучуларына Toyota үлгүсүндөгү автоунааны жана батир белек кыларын маалымдаган.

Артыковдун коло байгеси менен Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери азырынча Олимп оюндарынын төрт байгесине ээ болду. 2000-жылы Сиднейде өткөн Олимпиадада дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль тагынса, 2008-жылы грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев күмүш жана Руслан Түмөнбаев коло байгени уткан.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG