Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Рио-2016: оор атлетчи Иззат Артыков коло байге алды


Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков Бразилияда өтүп жаткан Олимп оюндарында коло байгенин ээси болду.

Иззат Артыков 10-августка караган түнү 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашууга чыкты. Булкуп көтөрүүдө 151 кг, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп жалпы 339 килограмм көрсөткүч менен 3-орунду алды.

Бул салмакта 352 килограммды көтөргөн кытайлык Ши Жуйонг биринчи, 351 килограмм салмакты багынткан түркиялык Данияр Исмаилов экинчи орунду алды. Артыков алган коло медаль Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкы байге.

Иззат Артыков өз жеңишин Кыргызстанга жана энесине арнай турганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал Олимп оюндарындагы жеңиш талыкпаган эмгек жана тынымсыз машыгуунун арты менен келгенин кошумчалады:

- Спорттун бул түрү менен машыгып калуума апам түрткү болгон. Ал экинчи классымда оор атлетикага алып келген. Азыр Москвада иштеп жүрөт. Машыкканыма 15 жыл болду. Алгачкы машыктыруучум Эсен Майназаровго, башкы машыктыруучу Үсөнкан Майназаровго жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовго да терең ыраазымын.

23 жаштагы Артыков 2012-жылы өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугунун коло байгесин жеңген. Бир жылдан соң жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медалды тагынган. 2014-жылы чоңдор арасында Азия чемпиондугунда коло байгени уткан.

Быйыл 2016-жылдын апрель айында Ташкентте өткөн лицензиялык Азия чемпиондугунда алтын медалды тагынган. Ал аталган чемпионатта булкуп көтөрүүдө 150 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы суммада 338 килограмм салмак менен Азия чемпиону аталган.

Рио олимпиадасында Иззат Артыков булкуп көтөрүүдө 151 килограмм оор салмакты көтөрүү менен да Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Анын Азия чемпиондугундагы көтөргөн 150 килограмм көрсөткүчү дагы Кыргызстандын рекорду эле.

Рио-2016 олимпиадасында Артыковду мелдештерде башкы машыктыруучу Үсөнкан Майназаров, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов жана Кыргызстандын оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов коштоп жүрдү.

Оор атлетика боюнча Кыргызстан 36 жылдан бери Олимп оюндарынан байге ала элек болчу. 1980-жылы Москвада өткөн Олимп оюндарында оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта 245 килограмм салмакты көтөрүп алтын медалды тагынган.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу аттанган.

Буга чейин кыргызстандык беш спортчу мелдештерин жыйынтыктаган. 9-август күнү 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2 мүнөт 16.57 секунда менен алгачкы тандоо жарышында алтынчы келип жарым финалга өтпөй калды. Ага чейин дзюдочу Отар Бестаев, боксчу Эркин Адылбек уулу, оор атлетчи Жаңыл Окоева жана сууда сүзүүчү Дарья Таланова мелдештерин жыйынтыктаган.

Кыргыз спортчуларынан 12-августта дзюдочу Юрий Краковецкий жана жеңил атлетчи Дарья Маслова мелдештерге катышат. Олимп оюндары 21-августка чейин уланат. Алдыда балбандар Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Айсулуу Тыныбекова, Руслан Царев, Магомед Мусаев жана Айаал Лазаревдин таймаштары бар. Ошондой эле жеңил атлетчилер Илья Тяпкин, Юлия Андреева, Ксения Полюдина, Мария Карабицкая аттуу спортчулардын жарыштары бар.

Артыковдун коло байгеси менен Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери азырынча Олимп оюндарынын төрт байгесине ээ болду. 2004-жылы Афинада өткөн Олимпиадада дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль тагынса, 2008-жылы грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев күмүш жана Руслан Түмөнбаев коло байгени уткан.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG