Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Балбандар бир күмүш, эки коло байге утту


Сербияда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты, Кытайда жаштардын Азия оюндары өтүүдө.

23-августта Сербиянын Зренянин шаарында кыздар арасында эркин күрөштөн дүйнө чемпионаты улантылды. Машыктыруучу Нурбек Изабековдун айтымында, каражат тартыштыгынан учурда өлкө намысын эки гана балбан кыз коргоп жатат. 49 кило салмакта Азия чемпиону Юлия Фелистеева германиялык Луиса Спрингманндан жеңилип, мелдештен четтеп калды.

Мындан бир ай мурда Монголияда өткөн Азия чемпионатында 40 кило салмакта Динура Сулайманова Азия чемпиону аталып, алтын медал тагынган эле. Бул ирет Сербиядагы дүйнөлүк таймашта Динуранын алгачкы атаандашы түркиялык Нур Кунар.

Бул дүйнө чемпионатында казакстандык балбан кыздар ийгиликтерге жетип, спорт күйөрмандарынын эсинде калды. Алардан 43 кило салмакта Элвира Абдулкаримова дүйнө чемпиону аталса, бир тууган эже - сиңдилер Мадина менен Жамийла Бакбергенова коло байгелүү болушту.

Дүйнө чемпионатында Кыргызстан үчүнчү орунда

Сербиядагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча 1 күмүш, эки коло байгелүү болуп, командалык эсепте үчүнчү орунду камсыз кылды. Балбандарды баштап барган улук машыктыруучу Ратбек Мамбетовго коло кубок жана диплом тапшырылды. Сербиядагы дүйнө чемпионатында жеңил салмакта Нурбек Максатбеков күмүш байгелүү болсо, 50 кг. салмакта Нусупбек Топчубаев менен 100 кг. салмакта Бексултан Махмудов коло медал уткан.

- Азия чемпионаттарында үч жыл катары менен командалык биринчиликти ээлеген уландарыбыз дүйнө чемпионатында Украина, Иран, Грузия, Германия, Казакстан баштаган ири өлкөлөрдү артка калтырды, - дейт грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Кулболду Исаев.

Грек-рим күрөшүндө командалык эсепте биринчи орун – Орусияга, экинчи орун Азербайжандын жаш балбандарына ыйгарылды. Сербиянын Зренянин шаарында 20-августта уландар арасында Дүйнө чемпионаты башталган. Анда грек-рим, эркин жана кыздар арасында күрөш таймаштарына Кыргызстандан жыйырмага чукул балбандар катышууда. Сербиядагы дүйнө биринчилигинде 24-25-августта уландар арасында эркин күрөш боюнча күч сынашуулар болмокчу. Мелдеш 25-августта жыйынтыкталат.

Кытайдагы жаштар арасындагы Азия оюндары

23-августта Кытайдын Нанкин шаарындагы жаштар арасындагы Азия оюндарында сууда сүзүү, футбол, кол тобу, бадминтон жана теннис боюнча финалдык таймаштар болуп жатат. Футболдон финалга Иран менен Түштүк Корея чыкты. Кол тобунда баш байгеге Катар менен Түштүк Корея талапкер болуп турат. Нанкинден кыргыз делегециянын басма сөз катчысы Жанар Кабыл кызынын билдиргенине караганда, бул күнү кыргызстандык Станислав Карнаухов сууда сүзүү жарыштарына катышты.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Станислав Карнаухов жаштар арасындагы Азия оюндарынын 100 метрге эркин сүзүү боюнча финалдык тобуна кошулду. Ал баш байге үчүн жарышта марага бешинчи болуп келди.

Карнаухов 50 метрлик аралыкта финалдык жарыштарда дагы төртүнчү орун менен чектелип, коло байгеге жетпей калды.

Эске салсак, жаштар арасындагы Азия оюндарында спорттун 16 түрүнөн 45 өлкөнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан спорттун алты түрүнөн 14 спортчу барган.

Нанкин шаарында 14-августта башталган Азия оюндары 24-августта жыйынтыкталат.

Бразилияда дзюдодон дүйнө чемпионаты

23-августта Бразилиянын Рио-до-Жанейро шаарында Эл аралык дюздо федерациясынын жыйыны башталды. Буга дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов баштаган делегация катышууда. Бул тууралуу дзюдо федерациясынын баш катчысы Эмил Рыскулов кабарлады.

Бразилиядагы дзюдо боюнча дүйнө чемпионаты 26-августтан 1-сентябрга чейин өтмөкчү. Мелдеште өлкө намысын Ислам Баялинов, Болот Токтогонов, Юрий Краковецкий, Чыңгыз Мамедов коргойт. Аларга башкы устат Абдыразак Шаршенов менен улук устат Сергей Мистрюков кеп-кеңештерин айтып, машыктырып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG