Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Кыргыз спортун байгеден өксүткөн жагдайлар


Грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев.
Грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев.

Рио-де-Жанейро шаарында аяктаган 31-жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык 19 спортчунун бири да байгеге жетпей калды.

Быйылкы Олимп оюндарынан да кыргыз спортчуларынын арасынан балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова бешинчи орунду, дзюдочулар Юрий Краковецкий 7-орунду, Отар Бестаев 9-орунду ээлешти. Оор атлетчи Иззат Артыков коло медалга ээ болуп бирок, канынан кызытма табылып, медалдан кол жууду. Калган спортчулар алдыңкы ондун бирине да илинген жок.

Бизде эң маанилүү Олимпиада жылында мамлекетибиз Көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен алек. Ал оюндарды кийинки жылдары деле өткөрсө болмок. Кичинекей өлкөлөрдүн спортчулары байге утканын көрүп элибиз томсоруп калды. Ушул жыйынтыктар биздин мамлекеттин алсыз экенин далилдейт.
Акжол Ажибеков

Мунун себебин ушул күндөрү Рио-де-Жанейро шаарында жүргөн жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов минтип түшүндүрдү:

- Эки-үч спортчубуздун медалын калыстар тартып алышты. Мелдеш жүрүшү калыс бааланбагандыктан кээ бир спортчуларыбыз адилетсиз түрдө утулуп, байгеден кур калды. Кээ бир балбандарыбыз өздөрү да шалаакылык кылып, чечүүчү таймаштарда жеңилди. Быйылкы Олимп оюндарына мамлекет тарабынан каржылоо маселесинен көйгөй болгон жок. Менимче, биз спортко болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек. Стратегияны туура эмес жасап жүрүптүрбүз. Айылдагы мектептерден баштап президенттик аппаратка чейин спортко болгон мамилени өзгөртсөк, жыйынтык жакшы болот. Кийинки Олимп оюндарында медал алуу үчүн өзгөчө спорттун төрт-беш түрүнө басым жасайлы деп жатабыз. Алар: бокс, күрөш, жеңил атлетика жана дзюдо. Ушул спорттун түрлөрүнөн жакшы даярдап, мелдештерге жиберсек, кийинкиде сөзсүз төрт-беш медал болот.

52 килограмм салмакта алтын байге уткан өзбекстандык Шахобидин Зоиров. 21-август, 2016-ж.
52 килограмм салмакта алтын байге уткан өзбекстандык Шахобидин Зоиров. 21-август, 2016-ж.

Кыргызстандан айырмаланып кошуналардан Тажикстан алтын байгелүү болду. Казакстандык спортчулар үч алтын, беш күмүш, тогуз коло медал тагынышты. Өзбекстандыктар болсо төрт алтын, эки күмүш, жети коло байгеге ээ болушту.

Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Акжол Ажибеков коңшу өлкөлөрдө мамлекет тараптан спортко өзгөчө көңүл бурулгандыктан жакшы натыйжалар болуп жатат деген пикирде:

- Эч кимге сыр эмес. Чоң спорт - бул чоң саясат. Коңшу өлкөлөрдө мамлекет жетекчилери баш болуп спортчулардын Олимп оюндарына даярданышына өзгөчө көңүл бурушат. Бизде болсо Олимпиадалык комитет менен Спорт боюнча мамлекеттик агенттикке гана жүктөп коюшкан. Эч бир өлкөдө Олимпада жылында эч кандай масштабдык спорттук иш-чара өтпөйт. Бизде эң маанилүү Олимпиада жылында мамлекетибиз Көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен алек. Ал оюндарды кийинки жылдары деле өткөрсө болмок. Миллиарддаган сомду Олимпиаданын жыйынтыгына жумшоо керек эле. Эл спортчулардын медал менен келишин күтөт. Кичинекей өлкөлөрдүн спортчулары байге утканын көрүп элибиз томсоруп калды. Ушул жыйынтыктар биздин мамлекеттин алсыз экенин далилдейт. Начар жыйынтыктан кийин спортчулар, машыктыруучулар жаманатты болуп, балким аз гана спорт чиновниктери күнөөлүү болушу ыктымал. Премьер-министр, вице-премьер министрлер ак бойдон калышат. Жок жигиттер! Бул мамлекеттин утулушу. Бийликте отурган аткаминерлердин ар бири күнөөлүү. Маселенин түпкү тамырына көңүл бөлүп ишти жөнгө салбаса, Кубадан мыкты машыктыруучуну алып келип, спортчуларды машыктырсаң да жакшы натыйжа болбойт.

Мисалы, Кения кедей эле мамлекет. Стадиондору деле жок. Бирок жеңил атлетчилери 10го жакын байге алышты. Бул адамдын кызыгуусу. Улуттун маданиятындагы спорттун орду болуп эсептелет.
Өмүрбек Абдрахманов

Саясатчы Өмүрбек Абдрахманов спортчулардын Олимп оюндарынан байгесиз калышынан чоң көйгөй жаратуунун кереги жок дейт. Саясатчынын баамында, спорт бул оюн. Оюнда бири утуп, бири утулат.

- Спортчуларыбыз байге утпай калды деп кейибешибиз керек. Быйыл утпасак, кийинчерээк утаарбыз. Спорт бул оюн. Бири утулса, бири утат. Мамлекет тийиштүү деңгээлде акча бөлбөй, спортко көңүл бөлбөй койду деген да туура эмес. Мисалы, Кения кедей эле мамлекет. Стадиондору деле жок. Бирок жеңил атлетчилери 10го жакын байге алышты. Ошондой эле кичинекей Ямайка мамлекетинен 10го жакын спортчу медалга ээ болушту. Бул адамдын кызыгуусу. Улуттун маданиятындагы спорттун орду болуп эсептелет. Эгер адамда спорт менен машыгуу маданиятында жок болсо алтын сарай куруп берсең да эч кандай натыйжа болбойт. Биз оокатыбызды кылып, экономикалык жактан дагы күчтүү болсок, бир топ нерселер ордуна келет. Профессионалдык спортто таланттуулар гана жеңишке жетет. Биз профессионалдык спортко караганда элдин саламаттыгы үчүн массалык спортко көп көңүл бурушубуз керек.

Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 58 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен финляндиялык Петра Оллинин чейрек финалдагы таймашы. 17-август, 2016-ж.
Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 58 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен финляндиялык Петра Оллинин чейрек финалдагы таймашы. 17-август, 2016-ж.

Журналист Семетей Талас уулу Олимп оюндарында кыргызстандык спортчулар байге утпаса да рахмат айтсак жарашат дегендердин бири. Анын пикиринде, дүйнөнүн мыктылары арасында кыргыз спортчулары да татыктуу күч сынашып, өлкө намысын татыктуу коргошту.

- Быйыл байге утпай эле калышканы болбосо, төрт жыл мурда Лондондо өткөн Олимп оюндарына салыштырмалуу жакшы күч сынашты. Байге утушпаса да болгон күчүн жумшап, алдыңкы орундарга жетишти. Өзгөчө дзюдо жана эркин, грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймаштарын мыкты деп баалайм. Ушул спорттун түрлөрүнө өзгөчө басым жасаса, кийинки жылдары байге болот деп үмүттөнөм. Алар таймашка чыкканда элибиз бир муштумдай биригип, улутуна, аймагына карабай спортчуларыбызды колдоп, сүрөөнгө алып турушту. Утса кубанып, утулса ызаланды. Колдон келген аракеттерин кылышты. Аларга рахмат айтсак жарашат.

5-августта башталып 21-августта аяктаган Рио-де-Жанейродогу 31-жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн жана Эл аралык Олимпиадалык комитеттин желеги менен чыккан качкындар командасын кошкондо он миңден ашуун спортчу катышты. Спортчулар бул жолу рекорддук сандагы, тагыраагы 300дөн ашуун медал комплектилери үчүн таймашты.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери Олимп оюндарынын үч байгесине ээ болгон. 2000-жылы дзюдочу Айдын Смагулов коло байге алса, 2008-жылы грек-рим күрөшүнүн балбандары Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев коло медалды тагынган. Төрт жылдан кийин кезектеги Олимпиада Жапониянын Токио шаарында өтөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG