Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Аманкулов: Риодон чоң сабак алдык


Канат Аманкулов.
Канат Аманкулов.

Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу катышып байгесиз кайтышты. Мелдеш жыйынтыктары жана ийгиликсиз күч сынашууларга эмне себеп болгондугу туурасында жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Канат мырза, XXXI жайкы Олимп оюндары жыйынтыкталды. Спортчулар Кыргызстанга толугу менен качан кайтышат?

Аманкулов: Жабылыш аземине биздин спортчуларыбыз барып келди. Аземде тууну Айсулуу Тыныбекова көтөрдү. Буюрса 23-августта курама командабыз Кыргызстанга сапар алат. Мен бардыгын жыйынтыктагандан кийин 24-августта чыгам.

Олимпиада сабактары

"Азаттык": Мындан төрт жыл мурда Кыргызстандын спортчулары дагы Лондондо өткөн Олимп оюндарында байгесиз кайтышкан. Ал кезде эркин күрөшчү Магомед Мусаевдин алган 7-оруну Кыргызстан үчүн алдыңкы көрсөткүч болгон. Быйылкы Олимп оюндарынан да кыргыз спортчулары байгесиз келишти. Бешинчи орунду эки спортчу алса, дзюдочулар 7-жана 9-орун менен келишти. Быйылкы жыйынтыкка кандай баа бересиз?

Аманкулов: Иликтеп көрдүк. 2012-жылга караганда жыйынтык жакшыраак. Курама командабыз күчтүү болду. 2012-жылга салыштырганда быйыл бир эмес беш-алты спортчубуз медаль утууга жакын болуп, тилекке каршы, байгесиз калышты. Жетекчи катары курама командабыз колдон келген аракетин кылды деп эсептейм. Тилекке каршы, кээ бир учурларда мелдеш калыстары акыйкат болушпай, биздин үч медалыбызды алып койду. Балдарыбыздын шалаакылыгынан да бир-эки медаль ала албай калдык. Курама командабыз жакшы даярданып келишкен. Буюрганы ушундай жыйынтык болуп калды. 2012-жылга караганда 50-70 пайызга чейин курама командабыз күчтүү келди.

"Азаттык": Быйылкы мелдештерден кийин спорттун олимпиадалык кээ бир түрлөрүн Кыргызстанда жандантса болобу? Мисалы, жеңил атлетиканын балка ыргытуу түрүнөн коңшу тажикстандык спортчу Дилшод Назаров өз өлкөсү үчүн жалгыз алтын байгени алып келди. Медаль алуу үчүн спорттун кандай түрлөрүн өнүктүрсөк болот экен?

Аманкулов: Жок. Тажикстандын ал спортчусун жакшы тааныйм. Ал көз алдымда өскөн бала. 20 жылдан бери Олимп оюндарына катышып жүрөт. Быйыл Назаровдон башка бир дагы спортчу Тажикстандын атынан Олимпге жолдомо алган эмес. Бул баланын алтын аларын былтыртадан билгем. Эми турмуш ушундай экен. 7 миллион элдин арасынан бирөө барып алтын медаль тагынды. Биз бул жактан Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси жана машыктыруучулар менен кеңештик. Күрөштүн үч түрү, дзюдо, бокс жана жеңил атлетикага өзгөчө көңүл бөлүп, ыңгайлуу шарт түзүп, ушул төрт спортко өзгөчө басым жасасак, эки жылдан кийин Азия оюндарында 4-5 алтын медаль алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар экен. Бул биринчиси. Экинчиси, биз 2020-жылы боло турган Олимп оюндарынан кур кол келбейбиз. Биз ал мелдешке башка багытта иш жүргүзөлү деп жатабыз. Биз саясатты туура эмес жүргүзчү экенбиз. 10 лицензия же 20 лицензия алабыз деп эле жүрө бериптирбиз. Биз эми кыргыз элибизге Олимп оюндарынан жок дегенде 3-4 медаль алып келебиз деген багыт менен мелдешке аттанып, деңгээлибизди бийик көтөрүшүбүз керек экен. Мүмкүнчүлүгүбүздү эсептеп көрүп башкы машыктыруучулар менен биргеликте ушундай чечимге келип жатабыз.

Рио олимпиадасына аттанган кыргыз спортчулары президент менен.
Рио олимпиадасына аттанган кыргыз спортчулары президент менен.

"Азаттык": Буга чейин деле спорттун кээ бир олимпиадалык түрлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнүп, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 3-4 спорттун түрү “А” тобуна киргизилип, артыкчылык берилип жакшы эле көңүл бөлүнүп жаткандай болгон. Иштин багыты туура болбой калдыбы?

Аманкулов: Мен түшүндүм. Ал спортторго артыкчылык берилип, каражат арбын сарпталганы менен, аларга тиешелүү деңгээлде көңүл бурулган жок. Учурда 90го жакын спорттун түрү реестрге кирип, анын ичинен 70ке жакын спортту мамлекет каржылап жатат. Анын баары кереги барбы же жокпу? Ал спорттордун элибиздин саламаттыгына пайдасы барбы деген маселелердин тегерегинде ой жүгүртпөй эле жалпы мыйзамдын чегинде каржыланып жатпайбы. Ошол үчүн сиздин жанагы айткан сөзүңүзгө кошулам. Ямайка өлкөсүн мисал кыла турган болсок, аталган өлкөнүн жеңил атлетчилери 100-200 метрге чуркоодо байгелерди утуп жатышат. Кения өлкөсү дагы жеңил атлетикадан утуп жатат. Биз 4-5 спорттун тегерегинде иш жүргүзүп Азия оюндарында чемпиондорду даярдап, Олимп оюндарынан эң жок дегенде 4-5 медаль менен келгенге мүмкүнчүлүк бар экен.

Артыковдун колдон чыккан колосу

"Азаттык": Бул Олимп оюндарындагы эң орчундуу окуя оор атлетчи Иззат Артыковдун маселеси болду. Ал коло байге уткандан кийин канынан кызытма табылды. Ошол себептен спорттук арбитраждык соту Иззаттын мелдештеги көрсөткүчүн жокко чыгарып, байге кайтарылып алына турган болуп жатат. Артыков болсо эч кандай тыюу салынган дары-дармек колдонгон эмесмин дейт. Учурда Кыргызстан тараптан бул жаатта кандай иштер жүрүп жатат? Артыковдун актыгын далилдөө үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат.

Аманкулов: 22-августка караган түнү спорттук арбитраждык сотунун жабык жыйынына Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов менен биргеликте катышып келдим. Эл аралык спорттук арбитраждык соттун өкүлдөрү кантип Артыковдун канында жана заарасында уулуу зат (стрихнин) пайда болуп калганын далилдеп бергиле деген сунушун айтышты. Эгер далилдей алсак, маселени кайрадан карашат. Бишкекке баргандан кийин оор атлетика боюнча машыктыруучулар менен кеңешип туруп өзүбүздүн сунушубузду жазабыз. Бирок далилдегенге кыйын болуп калды го. Ошондой болсо да колдон келген аракетти жасайбыз. Анткени мээнет да.

Иззат Артыков
Иззат Артыков

Спортчулардын стипендиясы

"Азаттык": Олимп оюндарына даярдануу үчүн спортчуларга Улуттук Олимпиада Комитети жана жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан стипендиялар берилип жүргөнү маалым. Ал стипендиялардын суммалары канча эле жана канча спортчу мамлекет тарабынан стипендия алып Олимп оюндарына даярданышкан.

Аманкулов: Эреже боюнча стипендияны бир жарым жылдан баштап ала башташат. Улуттук Олимпиада комитети тарабынан 12 спортчу ай сайын 650 доллардан стипендия алышты. Төрт ай алдын ала берилчү. Жалпы эсеп менен 12 спорчтуга 150 миң доллар сарпталды.

Ошондой эле мамлекеттик агенттик тарабынан 40тан ашуун спортчуга ай сайын 45 миң сомдон стипендия төлөнүп турган. Мен ойлойм, бул каражаттар спортчулардын күнүмдүк чыгымдары үчүн жакшы эле чоң каражат. Казакстанга салыштыра албасак да Орусиянын спортчулары алган стипендиядан көбүрөөк. Бул Олимп оюндарына алдыңкы спортчуларга эң жакшы ыңгайлуу шарттар түзүлдү деп кепилдик бере алам. Биз негизи спортко жасаган саясатыбызды өзгөртүшүбүз керек. Өзүмдүн бир нече көз караштарым бар. Кыргызстандын спортун айылдан баштап мамлекеттик аппаратка чейин спортко болгон мамилени түп тамыры менен оңдобосок, жалпы массалык спортту көтөрмөйүнчө ушундай эле жарым жан, майып болуп болуп жүрө беребиз. Бишкекке барганда маалымат жыйынын өткөрүп, алдыңкы төрт жылга кандай пландарым бар экенин коомчулукка кеңири айтып берем.

Алмашкан жетекчилер

"Азаттык": Лондон Олимпинен кийин төрт жылдан бери бир олимпиадалык циклде жетекчилер көп алмашыптыр. Мисалы, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде төрт жетекчи алмашып, бешинчи болуп учурда сиз иштеп жатасыз. Мурда Олимпиадага даярдык борбору деп аталган, учурдагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында эле үч жетекчи алмашты. Спорттогу жетекчилердин тез-тез алмашуусу дагы Олимп оюндарындагы начар жыйынтыкка себеп эмеспи.

Аманкулов: Менин ишимдин эң негизги максаты ишти бир нукка салып фундаментин түптөп кетүү. Эгерде иш калыпка түшүп калса беш эмес, 10 жетекчи алмашса дагы спортчулар менен машыктыруучуларга терс таасири тийбей иш жигердүү улана берет.

"Азаттык": Олимп оюндарында Кыргызстандын ийгиликсиз болуп калышына акча каражаттын да тийиштүү бөлүнбөй калышы себеп болду дегендер да бар. Бул жаатта эмне пикир айта аласыз?

"Азаттык": Бардыгы эле каржылоого шылтоолоп жатпайбы. Мен антип айтуудан алысмын. Быйыл мамлекет өзгөчө каржылап берди. Бизге бекитилип берилген бюджетке дагы кошумча 70 миллион сом бөлүнүп берилди. Мен ойлойм, маселе каржыга гана байланышкан эмес. Түпкү тамырына караш керек. Фундамент жакшы куйулса үйдүн курулушу дагы жакшы болгон сыяктуу спортто деле ушундай экен. Мен бул маселени көзүм менен көрүп ынандым. Жаңы жетекчи болгондон кийин бир ай Бишкекте иштеп, андан соң Рио-де-Жанейродо улуттук курама команда менен бирге жүрүп, акырына чейин кетпей допинг чырына байланышкан спортчубуздун таламын талашып, укугун коргоп жүрүп да ушундай ойго келдим. Кыргызстандын спорт системасын айылдан баштап агенттикке чейин оңдоп, көп кадрдык маселелерди чечмейинче, мамлекет берген акчаны үнөмдүү колдонмоюнча келечегибиз болбойт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG