Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Орус спортчулары кызытмага шек саналууда


Биатлончулар.
Биатлончулар.

Орусиянын Биатлон биримдиги австриялык полиция бейшембиге караган түнү алардын улуттук командасы жайгашкан жерге барып кеткенин бышыктады.

Бир нече спортчу былтыр Австрияда өткөн Дүйнө чемпионатында допинг колдонгон деп шек саналууда. Полиция аларды бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканынан кабардар кылганын айтса, орусиялык айрым булактар спортчулар суракка тартылганын маалымдашты.

Орусиялык биатлончулар ушу тапта Австриянын Хохфильцен деген лыжа курортунда Дүйнө кубогунун кезектеги этабына катышып жатышат. Алар турган жерге түн ичинде полиция келгенин биринчи болуп спорт комментатору Дмитрий Губерниев “Инстраграм” баракчасына жазган:

- Бир нече саат мурун Орусиянын биатлон командасы жайгашкан жерге австриялык полиция келди. Мына бул тизмеде Хохфильценде 2017-жылы дүйнө чемпионаты маалында допингге каршы эрежелерди бузган деген айып тагылган спортчу, машыктыруучу, догдур жана массажисттердин ысымдары.

​Комментатор жарыялаган тизмеде он кишинин ысымы бар.

Ал эми Австрия бийлиги орусиялык биатлончулар былтыркы дүйнө чемпионаты учурунда допинг колдонушкан деген шек саноо териштирилип жатканын билдирди.

Атап айтканда, прокуратуранын бизнес кылмыштары жана коррупция бөлүмү беш спортчуну текшерип жатат. Команданын дагы беш мүчөсү тыюу салынган заттарды колдонууга аралашкан деп шек саналууда.

Орусия ал биринчиликте эстафетада алтын жана коло медалдарды жеңген. Австрияда допинг пайдалануу кылмыш болуп саналат, мыйзам бузгандарга максималдуу жаза үч жыл абакка кесүү каралган.

Орусиянын Биатлон биримдиги спортчулар менен команданын айрым мүчөлөрүн полиция сураганын билдирди.

Бирок Австрия прокуратурасы шектүүлөр иликтөө жүрүп жатканы тууралуу кабардар кылынганын гана айтууда.

Мария Захарова.
Мария Захарова.

Бейшембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова маанилүү мелдеш алдында полициянын спортчуларга кирип барышын “жапайы” көрүнүш деп сыпаттады:

- Европада кандай салт пайда болуп жатканын мен чынын айтсам түшүнбөйм. Түн ичинде спортчулар үчүн маанилүү жарыштын алдында алар турган жерге кирип барып, түшүнксүз, дестабилдештирүүчү, басмырлоочу, ишенбөөчүлүк жана коркутуп-үркүтүү маанайын түзүүнүн эмне кереги бар эле?

Захарова Орусиянын Венадагы элчилиги Австрия бийлигине кайрылып түшүндүрмө берүүнү талап кылганын айтты:

- Эмне болуп жатканы жөнүндө колубузда толук маалымат жок, окуянын саясий элементи же саясий мүнөзү бар деп айтуу азырынча эрте. Бирок маалымат тастыкталып, саясий өңүтү бар болуп чыкса, орусиялык спортчуларга психологиялык кысым жасоо аракети болсо, анда биз да дароо реакциябызды билдиребиз. Маалыматыбыз жок болгондуктан орусиялык биатлончулар допинг колдонгону үчүн буга чейин бир нече жолу айыпталышкан. Кээ бирлери, анын ичинде Олимпиада чемпиондору дисквалификация болгон.

Былтыр жыл этегинде допинг жаңжалынан улам Эл аралык Олимпиада комитети Орусияны Пхенчханг оюндарынан четтеткен. Оюндарга катышкан спортчулар өз желеги эмес, Олимпиаданын желеги алдында жарышкан.

Ушул жылы апрелде Эл аралык Биатлон биримдигинин төрагасы Андерс Бессеберг орусиялык спортчулардын кызытма пайдаланганын жашырууга жардам берип, 300 миң доллар пара алган деген чуудан кийин кызматынан кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG