Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:53

Чек ара жаңжалы: кезектеги жолугушуу жана сунуштар


Жаңжал чыккан Баткен району

Кыргыз-тажик чек арасын жөнгө салуунун жолдору талкууланып жатат.

10-январга караган түнү жаңжал чыккан Баткен облусунун аймагында, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал турукташты. 14-январда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолукканы жатат. Улам-улам кайталанган чек ара көйгөйү кантип биротоло жөнгө салынат деген суроо актуалдуу болууда.

Кезектеги жолугушууга даярдык

13-январда чек арадагы кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков кеңешме өткөрдү. Анда чек арада чыр-чатактарды алдын алуу, анын ичинде Баткен облусунун кыргыз-тажик бөлүгүндөгү чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттер талкууланган.

Чек арадагы абал боюнча кеңешме. 13-январь, 2020-жыл
Чек арадагы абал боюнча кеңешме. 13-январь, 2020-жыл

Ал эми шейшембиде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү чектеш аймакта жолугуп, акыркы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү турат.

Бул жолугушууну эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашкан.

Бул сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын жетектеп барганы жаткан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жолугушуунун жүрүшүндө каралчу маселелерди төмөнкүчө тизмектеди:

- Жолугушууда биринчи болуп чек ара аймактарындагы коопсуздук маселелерин, элдин коопсуздугун коюшубуз керек. Ошол эле учурда биз чек арада делимитациялоону кантип ылдамдатуу боюнча өз ойлорубузду айтабыз. Мисалы, талаштуу жерлерди алмашуу боюнча сунуштарыбыз бар. Биз өз тарабыбыздан алар менен катуу иштегенге даярбыз.

Разаков: Чек араны алмашуу жолу менен чечүү сунуштары бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00


Разаковдун айтымында, акыркы бир жылда чек араны тактоо боюнча бир нече жолугушуу өткөн. Анын жыйынтыгында 34 топографиялык карта даярдалып, бир нече тилкени алмашуу боюнча сөз болгон.

Бирок алардын айрымдарын алмаштырууга тажик тарап макул болбой жатканын вице-премьер кошумчалады.

Өкмөткө сын

Эми акыркы сүйлөшүүлөрдөн эмне жыйынтык чыгат жана ал утур-утур кайталанган жаңжалдардын алдын алабы деген суроо турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков сүйлөшүүлөрдөн жыйынтыгы чыкпай жатканына өкмөттүн ишинин чабалдыгы себеп болуп жатат деген пикирде:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

- Эки жылдан бери эки метр жер чечилген жок. Эми 14-январда дагы жолугушуу болот экен. Чек араны делимитация жана демаркация кылуу иши токтоп турат. Сентябрда чоң чыр чыккан. Ошондо өкмөт башчы Жогорку Кеңешке ынанымдуу келип «маселени кабыргасынан койдук, тажик тарап да макул болду. Эми иш башталат» деп айткан. Кана, иш башталганы? Чек ара маселесин чече албаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетиргенге толук негиз бар. Ушуну менин кызматташтарым кабыргасынан койбой жатат, - деди Момбеков.

Чынында эле ар бир жолугушуудан соң тараптар чек ара чатактарын алдын алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн жарыялаганы менен, бир канча убакыт өтпөй чыр-чатактар кайталанып келе жатат.

Алтүгүл былтыр июль айында эки өлкөнүн президенттери алгач Тажикстанга караштуу Ворух анклавында, андан соң Ысык-Көлдө жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулаган.

Буга чейин чек арадагы талашты чечүү үчүн өлкө жетекчилеринин кийлигишүүсү жана саясий эрки керек деген түшүндүрмөлөр айтылып келген эле. Бирок Жээнбеков менен Рахмондун жолугушуусунан соң деле чек арадагы чатактардын аягы тыйылбай жатат.

Акыркы он жылда кыргыз-тажик чек арасында эле 150гө жакын чатак орун алды. Алардын айрымдарында курал колдонулуп, эки тараптан набыт кеткендер болду.

Кыргыз президенти Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү кыйын болуп жатканын моюнуна алып, абалды “минада отургандай" деп сыпаттаган болчу.

Баткендиктердин үнү

Дал ушундай кырдаалда Баткендин тургундары деле тажап, кандай болбосун коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууну суранышууда. 13-январда Бишкекте маалымат жыйынын уюштурган баткендиктер эң талаштуу жерлерди алмашууга деле жергиликтүү эл макул болуп калганын билдирди.

- Бул маселени чечиш үчүн биз себебин аныкташыбыз керек. Чек арада кыргыз менен тажиктер аралашып жашап, тамдар шахмат тактасы сыяктуу курулган. Биздин азыркы сунушубуз - ошол жерлерди алмаштырууну айтсакпы деп жатабыз. Кайсы жерлерди алмаштыруу боюнча сунуштарыбыз бар. Ушул сунуштарды биздин өкмөт карап чыгып, чек араны тактабаса, чыр-чатак улана берет, - деди баткендик Саатбек Халматов аттуу тургун.

Чек арадагы акыркы чатакка жана кырдаалга байланыштуу абалды убактылуу эле жөнгөрүүнүн айласын көрбөй, стандарттуу эмес жолдорун издеш керек деген пикирлер айтылууда.

Маселен, парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев тиешелүү органдар чатактарды гана басуунун айланасын көрбөй, бул багытта узак мөөнөттүү стратегия иштеп чыгышы керектигин айтууда:

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

- Өкмөт учурда айрым чечимдерди кабыл алуудан коркуп жатат. Анткени, кээде биз өз тарабыбызга алган аймакты айтпай эле жерди берип салды деген түшүнүк болуп калууда. Бирок биз элдик дипломатияны колдонуп, ар кыл стандартуу эмес чечимдерди кабыл алуу менен узак мөөнөттүү стратегиялык негизде иш жүргүзүш керек. Бул учурдагы өкмөттүн колунан келеби билбейм.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашык. Анын 50 пайызга жакыны гана такталган. Ал эми эки өлкө ортосунда 70ке жакын талаштуу тилке бар.

Ак үйдө чек араны чечүү талабы менен акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG