Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесиндеги окуя жеринде иликтенүүдө, абал туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, кыргыз тарап Баткендин Чыр-Дөбө деп аталган жериндеги чек ара тилкесинде 6-августтун таңында болгон окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева «Азаттыкка» мындай маалымат берди:

«Кыргыз тарап бир тараптуу негизде Баткен облусунун Баткен районунун чек арага канатташ Чыр-Дөбө аймагында текшерүү жүргүзүп жатат. Укук коргоо органдары Тажикстандын жарандары менен болгон окуянын далилдерин издөө боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу».

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, бүгүн эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анда окуянын себеби, чоо-жайы жана тажик тараптын «бир адам каза таап, бир аскер кызматкери жарадар болгону» тууралуу версиясы талкууланды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында курал колдонулган окуя катталды.

Кыргыз тарап тараткан маалыматына караганда, Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан аткан.

Натыйжада чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болду. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Дарыгерлер чек арачынын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Ушул эле күнү Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги 6-августта таңга жуук Исфара аймагында ага лейтенант, Кыргызстандын «Көкташ» чек ара бекетинин башчысы Кабиров Шер ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгынан атылган октон жарадар болгонун Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берип жазды. Маалыматта ошондой эле чек арадан бир чакырым алыс жерде Самониен айылынын тургуну Ваххобов Вохиддин бутуна ок тийип, каза болгону жазылган.

Чыр-Дөбө жана Эки-Таш деп аталган жерлер Көк-Таш айыл аймагына карайт.

Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жер маселелерине байланыштуу эки тараптын чырдашуусу, адам өлүмү менен аяктаган атышуу байма-бай болуп турат.

Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

2019-жылы эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Тажикстанда жана Кыргызстанда, анын ичинде чек ара чыры көп катталган Ак-Сай - Ворух аймагында жолугуп, жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Андан бери деле чек ара маселесин чечүү иши илгерилей элек. (RK)

XS
SM
MD
LG