Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Чек ара кызматы: Тажикстан чек арадагы абалды атайын курчутуп жатат


Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен облусу. Кыргыз-тажик чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан акыркы учурларда кыргыз-тажик чек арасында абалды атайын курчутуп жатканын билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө чек арада жагдайды «жасалма дестабилдештирүү» тажик тарапка пайдалуу болуп жатканы айтылат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 23-майдан баштап эле Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Баткен районунун Мойнок жергесинин аймагына мал жаюуга аракет кылып жатышкан. «Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагында малдын мыйзамсыз жайылып жүргөнүнө байкоо жүргүзүшкөн, бирок Ворух анклавынын жашоочуларына чара көрүшкөн эмес», деп айтылат маалыматты.

Кыргызстандын аймагына мал-жандык жаюуга болбой турганы боюнча кыргыз тараптын мыйзамдуу талабына каршы Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын чек арачыларына карата ок атканы кабарланды.

Кыргыз тарап Тажикстанды чек ара маселелерин коңшулаштык мамилелерди сактоо, эл аралык укук жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишкен чечимдерге ылайык гана чечүүгө чакырды.

Ал эми тажик тарап, тескерисинче, Кыргызстандын малчылары Тажикстандын аймагына кирип кеткенин билдирип, кыргыз чек арачылары жергиликтүүлөргө ок атканын кабарлаган.

24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо чыр чыгып, атышуу болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы андан Тажикстандын чек арачысы жараат алганын жазды. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат. (BTo)

XS
SM
MD
LG