Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Гүлистондо кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү өттү


Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү.

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү 14-январда түнкү саат 11:30да аяктады. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Кыргыз делегациясын жетектеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алты маселени айтып өттү:

  1. Буга чейин кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин бир айдын ичинде негиздөөгө сунуш берилсин.
  2. Чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди аныктап, адегенде бир тараптуу чечип, анан жерлерди алмашуу боюнча сунуш ушул жылдын 1-мартына чейин берилсин.
  3. Чыр-чатак көп катталган, эки эл жанаша жайгашкан аймакта кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен күзөтүн күчөтүү каралсын.
  4. Кыргыз-тажик чектеш аймактарында көчөлөр жарыктандырылып, видео байкоо орнотулсун. Эгерде чыр-чатак болуп кетсе видео тасманы эки тарап бирдей карап, талдоого алсын. Ош-Баткен-Исфана эл аралык автожолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара-Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотулсун.
  5. Кыргыз-тажик элинин ортосунда соода-сатык алакасын, маданий кызматташууну өркүндөтүү каралсын.
  6. Кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылсын.

Кол коюлган протоколго ылайык, жогорудагы алты маселеге эки тарап бирдей жоопкерчилик алып, жумуш чогуу аткарыла тургандыгы айтылды. Тажик вице-премьер-министри Азим Иброхим сүйлөшүү жакшы жыйынтыкталганын айтып, жер алмашуу аркылуу чек арадагы маселе оң жагына чечилерин белгиледи.

Түшкө чейин эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы аяктаган.

Кыргыз делегациясынын курамында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков бар.

Тажикстан тараптан да ушундай эле мамлекеттик органдардын жетекчилери келген. Тажик тараптын делегациясын вице-премьер-министри Азим Иброхим баштап жүрөт.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы тирешүү, ок атып, таш ыргытышуу бир айга жетпеген аралыкта 2-3 жолу кайталанып кетиши чек арадагы талаштуу маселелерди тездетип чечүүнү кайрадан башкы маселеге айлантты. Акыркы бир жылда кыргыз-тажик чек арасында ок атуу бир нече жолу кайталанып, тирешүүдө жалпысынан эки тараптан жети кишинин өмүрүн алган атышуу фактылары болду.

Чек арадагы талаштуу абалды жөнгө салып, маселелердин чечилишине кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чырлуу аймактан жолугуп, чек араны тактоону тездетүү, маселени чечиш үчүн укуктук документти тактоо боюнча тапшырмаларды да беришкен. Бирок андан кийин эки тараптуу чек араны тактоо боюнча жумушчу топтун иши жанданганы менен, азырынча алдыга жылганы билине элек.

Маселени чечиш үчүн акыркы убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 ирет жолугушкан. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча, ири масштабдагы 34 топографиялык карта даярдалган. Жолугушууга Кыргызстандан барган топтун жетекчиси, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков талаштуу болуп жаткан аймактардан жерлерди алмаштыруу боюнча сунуш тажик тарапка берилгенин маалымдады. Бул иш канчалык турмушка ашарын айтуу кыйын. Анткени ушундай эле демилге 2013-жылы да көтөрүлүп, бирок ишке ашпай кала берген.

Разаков: Чек араны алмашуу жолу менен чечүү сунуштары бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Чек арадагы талаштуу учурларды тездетип чечип, абалды жөнгө салыш үчүн эксперттер өз сунуштарын айтып келишет.

Тажикстандык серепчи Негматулло Мирсаидов буга чейинки маектеринде эки өлкөнүн мамлекет башчылары Ворухтун маселесин чечиши керек, 40 миң калкы бар айыл Исфарага тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алышы зарыл деген оюн ортого салган.

- Ворухтун макамы тууралуу чечим совет мезгилинде ошол кездеги жетекчилер тарабынан кабыл алынган. Анда бул чечим аймактын баары СССРге тиешелүү деген концепциянын негизинде ишке ашкан, - деген эле ал. - Эгер совет мезгилинде айыл тургундары эч кандай кысылууну сезбесе, азыр ал жол, суу жана жер ресурстарын пайдаланууда тоскоолдуктарга туш болууда.

Талдоочунун көз карашында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүү абдан ачык-айкындыкты талап кылат, ал эми эки өлкөнүн жарандарына ар бир жолугушуунун жана сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилип турушу зарыл. Мирсаидов сүйлөшүү жараянына чек ара маселесин жакшы билген эксперттерден, журналисттерден турган коомдун кеңири катмары тартылышы кажет деп эсептейт.

Бир катар адистердин оюнда көп жылдык тажрыйба жана чек ара чырларынын тарыхы эки тарапка тең, жогорку бийлик адамдарына да, айыл тургундарына да мунасалуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып турат. Анын ичинде чек арадагы талаштуу деген участокторду алмашуу боюнча сунуш көбүрөөк айтылып келет.

Борбор Азияда бир канча жыл жашаган британиялык изилдөөчү Маделайн Ривз - Манчестер университетинде социологиялык маселелерди изилдеген окумуштуу. Ал талаштуу тилкелер чек аранын эки тарабында жашаган элдин гана кызыкчылыгын эске алуу жана саясий ыкмалар аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

Окумуштуунун сөзүнө караганда, саясатчылар электоратты жоготуп алуудан коркуп оор чечимдерди кабыл алуудан чочулашат. Ошол эле кезде алар чек ара маселесин узак максатты көздөп жана системалуу негизде чечүү жергиликтүү элдин жыргалчылыгына кызмат кыла турганын да эстен чыгарбашы зарыл.

Ривз жөнгө салуу иштери чек ара сызыгын аныктоодо так юридикалык эреженин алкагында жасоону, делимитация жана демаркация ишиндеги так принциптерди макулдашып алууну талап кыла турганын кошумчалады.

Бир топ жыл бою Баткен облустук укук коргоо жана коргонуу тармагын жетектеп иштеп турган Таштемир Эшалиевдин пикиринде, чек ара маселелерин чечүүдө эң жогорку бийликтин саясий чечими зарыл. Антпесе чек араны тактоодо же чечүүдө жоопкерчиликти алуудан тайсалдаган өкмөт жана комиссия башчылары чечим кабыл ала албай калып иш создугуп жаткандай.

- Чек араны тактоодо эки өлкөнүн президенттери баш болуп, өкмөт да ушул маселени чечүүгө киришиши керек, - деди ал. - Антпесе облус жетекчиси же чек арачы милиция бул ишти чече албайт. Алмаштырчу жер болсо алмаштырып, тактачу жерин тактап, тикен зымды тартып ким кайсы жерге ээлик кылаарын тактап көрсөтүп, анан мыйзамдуулукту сактап жашай беришет.

Чек ара маселеси боюнча соңку кезде эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 ирет жолугушкан. Техникалык топ ири масштабдагы 34 топографиялык карта даярдаган.​

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы бир миң чакырымга жакын аралыкты түзүп, анын 60% эки тараптуу такталган. Талаштуу экени айтылып жаткан 40% жакын чек арада 70тей талаштуу участок бар. Такталбай калган аймактар калк жайгашкан айылдарга туура келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG