Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Разаков: Тажикстанга жерлерди алмашууну сунуш кылдык


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечиш үчүн тажик тарапка жерлерди алмашуу сунуш кылынганын жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, чек ара маселесине байланыштуу акыркы убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 жолу жолугушкан. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча, 34 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалды, дагы 4-5ти даярдаш керек.

- Тажик тарапка жерлерди алмашуу боюнча ар кандай варианттарды сунуш кылып жатабыз. Алар карап жатат. Азыркы учурда бир тилке боюнча «негизи биз макулбуз» деп айтышууда. Кайсы жерден, канча аймак алмашыш керек - ал жөнүндө так жообун айтыша элек, - деди Разаков.

14-январда кыргыз-тажик делегациялары чек ара аймагында жолугушат. Кыргызстандын делегациясын Жеңиш Разаков жетектеп барат.

Разаков: Чек араны алмашуу жолу менен чечүү сунуштары бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-январда күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Анда президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын күчөтүү жана чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айтты.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бул чатактан соң эки тарап бири-бирин айыптаган билдирүү жасашты. (BTo)

XS
SM
MD
LG