Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:39

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы аяктады


Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.
Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы бүттү. Сүйлөшүү 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде өтүп жатат.

Кыргыз делегациясынын башчысы, Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Азаттыктын» аймактагы кабарчысына биринчи айлампа киришүү бөлүгү болгонун, азырынча эч кандай маселе чечиле элек экенин айтты.

Кыргыз делегациясынын курамында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков бар.

Тажикстан тараптан да ушундай эле мамлекеттик органдардын жетекчилери бар. Тажик тараптын делегациясын Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим баштап келди.

Өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу эки өлкө президенттеринин өткөн жумадагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өтүп жатат.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан. (MdN)

XS
SM
MD
LG