Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 24-май күнү чыр чыгып, ок атылды.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы окуя Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо түш ченде болгонун тактады.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, Тажикстандын Ворух анклавындагы жашоочулар Кыргызстандын аймагына мал-жандык жаюуга аракет кылган, кыргыз аскерлери ага жол берген эмес.

Тажик тараптан белгисиз адамдар чек арачыларды көздөй ок аткан. Анын артынан эки өлкөнүн жоокерлери атышкан. Кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес. Тажикстандыктар арасында жараат алгандар бар-жогу тууралуу маалымат айтыла элек.

Саат 12:20да чатак чыккан аймакта кыргыз жана тажик чек ара өкүлдөрү жолугушту. Эки тарап тең фактыны териштирүүдө.

Куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. 8-майда да жаңжал чыгып, Кыргызстандын үч жоокери жараат алган. Алардын бири оор абалда Бишкекте дарыланууда. Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG