Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Шайлоо: Ошто партиялар президентке кайрылышты


«Улуу Журт», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир Бол» партияларынын жыйыны. Ош шаары. 31-март, 2021-жыл.
«Улуу Журт», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир Бол» партияларынын жыйыны. Ош шаары. 31-март, 2021-жыл.

Ошто беш партиянын өкүлдөрү аймакта шаардык кеңешке шайлоонун үгүт иштеринде одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып даттанышты. Алар жергиликтүү бийликти административдик ресурсту колдонууга айыптап, президентти маселеге көңүл бурууга чакырышты.

Беш партиянын билдирүүсү

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан тогуз партиянын бешөө шайлоодо административдик ресурс колдонулуп жатканын билдирип чыгышты. 31-мартта «Улуу Журт», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Алар Ошто жергиликтүү бийлик административдик ресурсту колдонуп айрым партияларды сүрөп атканын, кээ бир партиялардын өкүлдөрү жолдорго шагыл түшүрүп, добуш сатып алуу болуп жатканын айтып арызданышты. Мыйзам бузууларга байланыштуу аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына маалымат берилгени менен жыйынтык чыкпай жатканына нааразы болушту.

«Улуу Журт» партиясынын лидери Мирлан Орозбаев алар арааны ачылган административдик ресурс, кызылдай добуш сатып алуу боюнча арыздана берип тажашканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Жапаров Садыр Нургожоевичке ушул жерден кайрылам. Сиз ант берип жатканда «Мындан ары мыйзам бузууларга жол берилбейт. Бардык жоопкерчиликти мойнума алам» деп Кудайдын алдында жана өтүп кеткен ата-энеңиздин атын кошуп карганып айткансыз. Мына, мыйзамсыз иштер болуп жатат. Фактыларды абдан жакшы билишет. Жети облуста кураторуңуз бар. Ошко, Нарынга барбай эле жаныңыздагы кабинеттерден сурасаңыз фактылар жетиштүү. Биз шайлоо иштери менен алектенебизби же баарыбыз спецназдай болуп башка партиялардын штабдарын кайтарып жүрө беребизби?! Мындан ары биз силерге факты бербейбиз. Таап алгыла! Биз тажадык! «Whatsapp» менен видео салсаң аны экспертизадан аныкташ керек экен. Тасмаларды жиберсең «ал чынбы же монтаждалганбы текшериш керек» деп жүрө берет экенсиңер».

Шайлоодогу мыйзамсыз иштерге арызданган беш партиянын өкүлдөрү журналисттерге административдик ресурс, добуш сатып алуу болуп жатат деген видеолорду көрсөтүштү.

Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына берген соңку интервьюларынын баарында мындан ары кандай гана шайлоо болбосун таза өтөрүн, бийликчил партия деген болбой турганын бир нече жолу кайталаган. Ал Кыргызстандын тарыхында үч жолку элдик толкундоонун баары тең мыйзам бузуу менен өткөн шайлоолордун кесепети экенин эскерткен.

Президент менен мэрдин жолугушуусу

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан «Республика» партиясынын өкүлү Азат Мусаев президент өзү жакында эле Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевди кабыл алганын айтып, муну шайлоого кийлигишүү катары баалады.

«"Президент Садыр Нургожоевич Ош шаарынын мэрин кабыл алып, бир саат сүйлөшүп, мэрдин программасы менен таанышып чыкты. Мэрдин программасы жакты" деген маалымат чыкты. Президент мэрди шайлоодон кийин кабыл алса болбойт беле? Биздин президент үгүт кылып аткандай сезилип жатат. Бул үгүт катары кабыл алынып эл «бул мэр ушул программасы менен көп жыл иштейт» деп түшүндү. Садыр Жапаров ушул шайлоого бийликти аралаштырбай административдик ресурсту колдондурбаса эл ишенет. Туура, 10-январдагы президенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу таза өттү. Бул жолу андай болбой жатат. Эми элдин арасында «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо да ушул кайталанат экен» деген пикир болуп, президенттин саясатына каршы ой болот деп эсептейм».

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнө ушул маселеге байланыштуу комментарий алуу үчүн телефон чалып байланыша алган жокпуз. Президенттин расмий сайты жана Ош шаарынын мэринин басма сөз кызматы өлкө башчы Садыр Жапаров менен Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев жолукканы жөнүндө расмий маалымат тараткан жок.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» президент менен мэр жакында эле жолукканын ырастап, анда шайлоого байланыштуу сөз болбогонун билдирди. Ошондой эле «Ошто жергиликтүү бийлик шайлоодо административдик ресурс колдонуп жатат» деген дооматтарды четке какты.

Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

«Шаардын мэри «бул партияга иштегиле, мындай кылгыла» деген сөздөргө далил жок. Алар жыйында бир-эки видеону факт катары көрсөтүштү. Кыргызстанда укук коргоо органдары бар. Видеого алар баа бериши керек. Шайлоого байланыштуу маселелерге аймактык шайлоо комиссиясы да баа бериши керек. Бирок биз мунун баарын туура эле кабыл алып атабыз. Анткени демократиялуу, сөз эркиндиги бар өлкөдө бул кадыресе эле көрүнүш. Анын үстүнө шайлоодо ар кандай ыкмалар колдонулат. Шаардын мэри административдик ресурс колдонуп «мындай кылгыла, тигиндей кылгыла» деген жок».

Мыйзам бузуу боюнча Бишкек менен Ош алдыда

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун активдүү жана акыркы бөлүгү – үгүт иштери башталгандан бери мыйзам бузууларга арыздангандар көбөйдү. 30-мартта ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шайлоо жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 78 мыйзам бузуу катталганын билдирип, алардын көбү Бишкек менен Ош шаарларына туура келерин айткан.

Октябрь Урмамбетов.
Октябрь Урмамбетов.

«78 фактынын ичинен 21и боюнча кылмыш иштери козголду. Анын ичинен шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу боюнча Ош шаарында бир факты, «Ээнбаштык» беренеси менен Чүй облусунда бир иш, Ош облусунда «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш бар. «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» боюнча Бишкекте төрт, Чүйдө бир жана Жалал-Абад менен Ош облусунда бирден учур болду. Ош жана Талас шаарында да бирден учур катталды».

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ошто беш партиянын өкүлдөрү арызданып чыгардан бир күн мурун эле Ошто прокуратура, укук коргоо органдары мыйзамсыз иштерге реакция кылбай жатканын сындаган. Ал буга чейинки шайлоолор көрсөткөндөй добуш берүүгө аз күн калганда административдик ресурсту колдонуу жана добуш сатып алуу күчөй турганын эскерткен.

Анын маалыматына караганда, Боршайкомдун алдындагы ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топко мыйзам бузууларга байланыштуу 31 билдирүү түштү. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча 14, административдик ресурсту колдонууга байланыштуу сегиз арыз бар.

Нуржан Шайлдабекова ыкчам чара көрүү тобунун 30-марттагы жыйынында укук коргоо органдарын мыйзам бузууларга тезирээк чара көрүүнү суранды.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

«Укук коргоо органдары мыйзамда белгиленген тартипте иштейт. Бирок шайлоо учурунда анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштешет. Эң биринчи шайлоо мыйзамында каралган мөөнөттү эске алышыбыз керек. Анткени шайлоо – бул кыска убакытта бүтүүчү процесс. Ошондуктан укук коргоо органдарынын аракеттери ушул кыска мөөнөттө ишке ашышы керек. Себеби, мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар, катталган фактылар эки күндө каралып чыгышы зарыл. Эгерде берилген арыз боюнча кошумча тергөө керек болсо ага үч күн кетет».

Шайлоодогу мыйзам бузуу ишине байланыштуу Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан алынып, кылмыш иши козголду. Ал «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу», «Кылмышка аракеттенүү» беренелери менен шек саналууда. Айрым маалымат каражаттары ал бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергенин жазып чыгышты. Чыныбаев бул иш боюнча кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыкты.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандатка 25 партиядан 1 820 талапкер, Ошто ушундай эле сандагы мандатка тогуз партиядан 707 талапкер ат салышып жатат.

XS
SM
MD
LG