Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Депутаттарды шайлоо ыкмасын өзгөртүү сунушталды


2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түздү.

Жогорку Кеңеште да парламенттик шайлоонун эрежесин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталып жатат. Ага ылайык, жарандар шайлоого катышып жаткан партияга, анын ичинен талапкерге да добуш берет.

Парламенттик шайлоодо партияга жана анын катарындагы талапкерге да добуш берүүгө багытталган мыйзам долбоору 2020-жылдын 6-майында эле коомдук талкууга чыгарылган. Бирок Жогорку Кеңеште быйыл 25-мартта гана каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ондон ашык депутат демилгечи болгон документ парламенттин талкуусуна коюлгуча Кыргызстанда былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Анын алдын ала жыйынтыгына нааразылык бийлик алмашуу менен аяктады.

11 айдан кийин Жогорку Кеңешке чыгарылган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов долбоорду «партиялык жабык тизмеде партиялык начык тизмеге өтүү» деп баалады. Ал документ кабыл алынса, партиянын тизмеси боюнча соодалашуу да жоюлат деген пикирде:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Акча берип партиянын «алтын тизмесине» туруп алуу деген түшүнүк жок болот. Катарда биринчи турган талапкер менен 90-талапкердин мүмкүнчүлүгү бирдей. 90-катардагы адам жакшы добуш алса, шайлоонун жыйынтыгы менен Боршайком аны биринчиге жылдырат. Буга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аны кечиктирбей эле иштетсе болот. Кыргызстан боюнча бир округ болот. Бир адамга бардык жактан добуш берет. Буга чейинкидей «мен бир райондо иштейм» деген болбойт. Мисалы, талапкер Кара-Кулжа районун эле карап отурбай Таласка, Нарынга, Ысык-Көлгө да барат. Баардык жердеги тарапташтары аны шайлоого мүмкүнчүлүк алат».

Жогорку Кеңешке шайлоого бараткан партиялардагы алдыңкы 10 тизме кызылдай акчага сатыларын, депутат болуп келүү ыктымалдуулугу жогору болгон 1-2-3-орундардын баасы 500 миң доллардан 1 миллион долларга чейин жетерин депутаттар менен шайлоого катышкан талапкерлер ачык эле айтып жүрүшөт. Алтынбек Сулайманов өзү сунуш кылган долбоор дал ушул «партиялык бизнеске жол бербейт» деп ишендирүүдө.

Документтин авторлору шайлоонун преференциалдык ыкмасы парламенттин курамынын сапатын да жакшыртып, билимдүү адамдардын Жогорку Кеңешке шайланып келишин шарттай турганын айтып жатышат. Документтин негиздемесинде парламенттин VI чакырылышындагы 120 депутаттын 50гө чукулу бизнесмендер, 40ка жетпегени мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү экени белгиленген. Бул саясий жагы...

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламент жыйынында шайлоону преференциалдык система менен өткөрүүгө техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин, болгону автоматтык эсептөөчү үкөктөргө атайын программаны орнотуу керектигин айтты.

Депутат Асылбек Жээнбеков да ушул маселени көтөрдү:

Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

«Беш-жети жыл мурун эле ушундай сунуш берилген. Бирок техникалык жактан ишке ашыруу кыйын деп макулдук берилген эмес. Азыр эми техникалык жактан шарт бар. Бул талашсыз прогрессивдүү мыйзам долбоору. Келечекте баары бир ушул системага келебиз. Бир эле мисал. Улутубуздун ар намысы, абийири республика боюнча кадыры бийик адам район ичинде жөнөкөй эле бир бизнесменге утулуп калды. Преференциалдык система болгондо ал киши шайланып келет эле».

Мыйзамда жазылбаганы менен тизмеде канчанчы болгонуна карабай, көп добуш алып келген адам алдыга жылып, депутаттык мандат алат деген партиялардын ичинде жазылбаган мыйзам бар. Бирок ички келишим аткарылбай, сотко чейин жеткен окуялар көп эле болгон. Демилгечилер мыйзам долбоорун бир четинен бул көрүнүштү мыйзамдаштыруу катары сыпаттап жатышат.

Авторлордун түшүндүрмөсүндө, шайлоонун преференциалдык ыкмасы Австрия, Латвия, Польша, Чехия жана башка өлкөлөрдө парламенттик шайлоодо колдонулат.

Сөз болуп жаткан документти Жогорку Кеңеште айрым депутаттар колдоп, аны «шайлоонун акыйкат жолу, элдин көп добушун алган өкүл Жогорку Келиши керек» дегени менен, кээ бир депутаттар регионалдык маселеден чоочулаганын жашырышкан жок. Маселен, депутат Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда аймактарда шайлоочулардын санынын ортосундагы айырма көп экенин айтып, анын кооптуу жактарын атады:

Камчыбек Жолдошбаев.
Камчыбек Жолдошбаев.

«Нарын облусунда Кара-Суу районунун калкындай киши жок. Нарындын Ак-Талаа районунда 15 миң, Ат-Башыда 17 миң шайлоочу бар. Кара-Сууда болсо 200 миң. Нарын, Ысык-Көл, Таласта шайлоочулар аз. Кээ бир райондордон бир да депутат чыкпай калышы мүмкүн. Президент баш болуп «бир мандаттуу округ. 45-45 же 35-55» деп айтып жатышкан. Мына ушуга токтош керек».

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу маселени көтөрүп жатат. 11-апрелде референдумга коюлчу долбоор боюнча депутаттардын саны 90го кыскарат. Алар кандай система менен шайланып келери мыйзам менен аныкталат. Буга чейин президент 90 депутаттын 35ин бир мандаттуу округдан, 55ин партиялык тизме менен шайлоо тууралуу сунуштар бар экенин билдирген.

Партияга, анын ичинде талапкерге да добуш берүү демилгесин көтөргөн депутаттар бул мыйзам долбоору бир мандаттуу округдан шайлоо системасынын заманбап ыкмасы экенин айтып жатышат. Эгерде документ кабыл алынса бир мандаттуу округ аркылуу шайлоо маанисин жоготот. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мирлан Жээнчороев документ өлкөдө шайлоо системасын жакшыртуу үчүн узак убакытка пландалганын белгиледи:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Бул шайлоодо, мүмкүн экинчи шайлоодо болбойт чыгар. Бирок үчүнчү жолку шайлоодо эл Баткенден, Жалал-Абаддан, Таластан, Бишкектен, Көлдөн, Тоңдон добуш берип, өзүнүн депутатын парламентке алып келет. Алар ким каяктан экенине, улутуна карабай, элдик депутатка добуш берет».

Демилгечилер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоодо колдонула турганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG