Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Баш мыйзамды тооруган онунчу сыноо


Кыргызстандын Конституциясы онунчу жолу өзгөртүлгөнү турат. Ага жол ачкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Айрым депутаттар, юристтер Жапаров баштаган саясий күчтөр Баш мыйзамды өзгөртүп президенттин бийлигин күчөткөнү жатканын эскертишүүдө. Бул коомчулукта бийликти узурпациялоо катары кабыл алынды.

Кыргызстан парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен акырындап чыгып, мыйзам алкагына кайтып калган кезде конституциялык реформа маселеси көтөрүлдү.

22-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттик да, парламенттик да шайлоону азырынча өткөрбөй туруу, адегенде Конституцияны өзгөртүү керек экени айтылган мыйзам долбоору бир күн ичинде фракциялардын да, тийиштүү комитеттин да колдоосуна ээ болуп, жалпы жыйында дароо үч окууда кабыл алынды.

Долбоордун демилгечилери муну өлкөдөгү оор коомдук-саясий жана экономикалык кырдаал, эпидемиологиялык абал менен негиздеп жатышат.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров бул документке ошол эле күнү кол койду. Ал Баш мыйзамды өзгөртүү максаты бар экенин Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында эле жарыялаган:

«Биз саясий күчтөр менен жолукканда мен оюмду айттым. «Конституцияны өзгөртөлү да, бир мандаттуу округдан шайлоону өткөрүп, курултайды киргизели», - дегем. «Премьер-министрликти жоюп, президентти калтыралы. Премьер-министрдин деңгээлиндеги вице-президент болсун. Тез арада эки-үч айдын ичинде жаңы системага түшүп кетели» деген оюмду айтканмын».

Садыр Жапаров ошол эле жыйында депутаттардын санын көп болсо 75ке, аз болсо 55ке чейин азайтуу боюнча да пикири менен бөлүшкөн. Парламенттин андан кийинки дээрлик ар бир чогулушунда Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп жатты. Аны активдүү колдогондордун арасында Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөштөрү депутат Талант Мамытов, экс-депутат Курманкул Зулушев бар.

Жакында эле башкы прокурор болуп дайындалган Зулушев быйыл апрель айында парламентте башкаруу формасын аныкташ үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылган. Анын мыйзам долбоору коомчулуктун катуу сынына кабылган.

«Кыргызстанды Африка өлкөлөрүнө теңегени жатышат»

Эми минтип Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү бүтүп баратканда парламент өз «өмүрүн» 2021-жылдын июнь айына чейин узартып, конституциялык реформага жол ачып бериши депутаттардын дарегине сын-дооматты күчөттү. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев Баш мыйзамды өзгөртүүгө караманча каршы чыгып, аны мындайча негиздеди:

«Эл бизди «таркагыла, силерге ишеним бүттү» деп атат. Дагы сегиз ай калып Конституциянын долбоорун кабыл алганга бизге ким укук берди? Моралдык, юридикалык, убакыт боюнча да укугубуз барбы? Жок! Ошондуктан бул аракетти конституциялык түзүлүшкө каршы сокку деп түшүнөм. Булардын ою боюнча биз кайра президенттик өлкөгө өтүшүбүз керек экен. Акыркы он жылда парламенттик өлкөдөн президенттик башкарууга өткөн үч гана өлкө бар - Уганда, Сенегал, Гана. Кыргызстанды Африка өлкөсүнө теңегиси келгендер азыр референдумга чакырып жатышат».

Бийлик жана Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогондор Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилерин түшүндүрүп бере элек. Негизинен президенттик, парламенттик, аралаш башкаруу формаларынын бирин аныктоо маселеси коюлары айтылып жатат. Бул реформа келерки жылдын 10-январына чейин бүтүшү керек экендиги парламент кабыл алган мыйзамда жазылган.

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиеванын сөзү боюнча, бул убакыт аралыгында Баш мыйзамды өзгөртүүгө үлгүрүү мүмкүн эмес. Мыйзамга ылайык, Конституцияга өзгөртүү киргизүү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнүн катышуусу менен үч окууда кабыл алынат. Ошол үч окуунун ортосундагы аралык эки ай болуп эсептелет. Бул төрт айга созулат.

Андан тышкары долбоор элдик талкууга чыгарылышы керек. Буга болжол менен бир ай кетет. Сунуштардын баары кабыл алынгандан кийин жаңы долбоор Конституциялык палатага жөнөтүлөт. Жалпылап айтканда, бул иш кеминде алты айга чейин созулат. Ушундан улам Токтогазиева Баш мыйзамды шашылыш өзгөртүү боюнча сунуштан шек санап жатканын билдирди:

«Шек туудуруп жатканы - бул жаңы Баш мыйзамды ким үч-төрт күндө жаза калды? Демократиялык мамлекетте мындай болбойт. Бул үчүн конституциялык кеңеш түзүлүп, инклюзивдүү процесс болушу керек. Өзгөртүүнү ким жазганы да белгисиз. 22-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жыйыны, анда кабыл алынган чечимдер толугу менен Кыргызстанга жасалган чыккынчылык деп эсептелет. Биз Кыргызстанды укуктук, демократиялык өлкө десек, мындай чыккынчылык болбошу керек».

Мадумаров: Бул түздөн-түз узурпация

Конституцияга байланыштуу Кыргызстанда жарандык активисттер, юристтер жана укук коргоочулар «Жасалма референдумга жана бийликти узурпациялоого жол жок. Биз парламенттик кайра шайлоону колдойбуз» деген ураан алдында биригип жатканын жарыялашты.

23-октябрда алар элге, юристтерге, жарандык жана бизнес бирикмелерге, саясий партияларга жана эл аралык уюмдарга кайрылып, Кыргызстандагы конституциялык түзүлүштү коргоого чакырышты.

Кайрылууда Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүү боюнча даяр долбоору бар экенин, аны Жогорку Кеңешке жөнөтүүгө даяр экенин айтканы кыргызстандыктарды нес кылганы, себеби мындай аракетти Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу катары бааласа болору белгиленди.

Мунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийлик башында кабыл алынып жаткан чечимдерди «түздөн-түз узурпация» деп атады:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Тилекке каршы, азыр мыйзамыңды да, Конституцияңды да четке коюп, «Мен билем. Мен айткандай болот. Мен ушуну каалайм» деген өтө ыплас, жаман, түшүнүксүз жолго түшүп алды. Конституцияны өзгөрткөнгө чейин шайлоолорду токтотуп турабыз дегени - бул бийликти бир колго топтоонун өтө чоң кылмыштуулугу. Бул түздөн-түз узурпация. Баары билип турат, кыргыз эли да керемет, сезип турат. «Мен шайлоолорду токтотуп, ага чейин өзүм падыша, өзүм прокурор, өзүм сот, өзүм өкмөтмүн! Мен! Менден башка эч ким жок!» дегендей позицияга барып алгандыгы - өтө коркунучтуу жол. Бул жакшылыкка алып келбейт».

Тараптардын жүйөсү

Кыргызстанда башкаруу формасына байланыштуу маселе буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. 4-октябрда өткөн парламенттин шайлоонун алдындагы үгүт иштеринде айрым партиялар Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкарууну алып келүү боюнча ниетин жарыялашкан. Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев Баш мыйзамды өзгөртүп, жоопкерчиликтүү бийликти түптөш керек деп эсептейт.

«Биз референдум өткөрүшүбүз керек, - деди ал. - Бизде мамлекеттик түзүлүштө башаламандык болуп жатат. Эгемендик алган 29 жылдан бери 30-31- премьер-министр иштеп жатат. Иш жүзүндө президент башкарат, бирок эч нерсеге жооп бербейт. Мунун баарын билебиз. Ошондуктан кандай башкаруу формасында жашайбыз, аныктайлы. Жоопкерчиликтин жоктугунан ушунун баары болуп жатат».

Саясат талдоочу Руслан Акматбек Кыргызстан буга чейин туңгуч президент Аскар Акаевдин, андан кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин супер президенттик башкаруусун башынан кечиргенин, экөө тең бийлик алмашуу менен бүткөнүн эске салды:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«30 жылдык тарыхыбызда президенттик башкаруу бизге эмне алып келгенин көрдүк. Роза Исаковнаны кошпогондо бардык бийлик тушунда президенттик башкаруу болду да. Иш жүзүндө Ак үй, жетинчи кабат башкарып келди. Өкмөт, Жогорку Кеңеш президенттик аппараттын бөлүмү катары иштеди. Ушунун баарын көрүп туруп президенттик башкарууну каалап жатканыбыз - өткөндөн сабак албагандык».

Кыргыз Конституциясынын тарыхы

Эгемен Кыргызстандын Конституциясы легендарлуу парламентте эки жылдык талкуунун жыйынтыгы менен 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Өткөн 29 жылдын ичинде Кыргызстандын Конституциясы тогуз жолу өзгөртүлдү. Алардын бешөө Аскар Акаевдин президенттик бийлигинин учуруна туура келет.

2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга парламенттик башкаруу киргизилген жана ал Конституция «2020-жылга чейин өзгөртүлбөй» тургандыгы белгиленген.

Ошого карабай Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Ошол кездеги бийлик мындай кадамын Конституциянын мурдагы редакциясындагы айрым «миналарды жоюу» максаты менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG