Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

"Жоогазын" ыңкылабынын ишке ашпаган мүдөөсү


24-март, 2005-жыл. Бишкек шаары.

"Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга 16 жыл болду. Өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыккан март ыңкылабы мүдөөсүнө жетпей, тескерисинче, Кыргызстанда бийликти сүрмө топ менен алып коюу өнөкөттөрү кийин да кайталанды.

Жапаров: Алган багытыбыздан тайбайлы

Президент Садыр Жапаров 24-март - Элдик революция күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Анда “Өлкөбүздө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы” деп айтылат.

«2005-жылдын 24-мартындагы окуялар эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары эсте калды. Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз ошол күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, Президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышты. Кыргыз элинин бул күнү революцияга белсенип чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр, атап айтканда, адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу себеп болду”, - деди Жапаров.

Жапаров былтыр октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы боулп чыккан элдик толкундоодон кийин бийликке келди. Октябрь окуялары Кыргызстандын эгемен тарыхында президентти мөөнөтүнөн мурда күч менен кетирген үчүнчү окуя болуп калды. Март окуясында Аскар Акаев, апрель окуясында Курманбек Бакиев, былтыр октябрда Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

"Роза ыңкылабы"

2003-жылы "роза ыңкылабы" деген аталыш менен Грузияда, 2004-жылы "саргылт революция" деген аталыш менен Украинада болгон элдик толкундоолордун натыйжасында бул мамлекеттерде президенттик шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Аларга улай эле 2005-жылы мартта Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык иретинде эл көтөрүлгөн. Бул шайлоодо президент Аскар Акаевдин баласы Айдар менен кызы Бермет Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен.

Аскар Акаевдин "Азаттык" радиосуна интервью берген учуру. 2010-жылдын 23-марты. Москва шаары.
Аскар Акаевдин "Азаттык" радиосуна интервью берген учуру. 2010-жылдын 23-марты. Москва шаары.

Жер-жерлерде шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык тутанып, 4-марттан тарта Жалал-Абад облусунда, 18-марттан тартып Ош облусунда бийлик оппозиционерлердин колуна өткөн.

24-мартта Бишкекте бир нече саясий күчтөрдүн бириккен митингдеринин натыйжасында президент Аскар Акаев үй-бүлөсүн алып Москвага качкан. Бийликке март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиев келип, ал алгач премьер-министр, кийин президент болгон.

Ошол кезде Борбор Азиядагы "демократиялык аралча" деп айтылып жүргөн Кыргызстанда аймакта алгачкылардан болуп бийлик элдин мүдөөсү менен алмашкан.

Бирок. Кыргызстан элинин 16 жыл мурдагы мүдөөсү, максаты ишке аштыбы?

24-март, 2005-жыл. (Фото архивден).
24-март, 2005-жыл. (Фото архивден).

Шайлоо: себеппи же шылтообу?

2005-жылы Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо болгон. Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 27-февралдагы биринчи айлампадан эле утуп келген. 13-мартта экинчи айлампадан кызы Бермет Акаева Бишкектеги № 1 Университет округунан жеңишке жетишти деп, мандатка ээ болгон.

Андан тышкары айрым оппозициячыл маанайдагы талапкерлер: Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Курманбек Бакиев, Арслан Малиев, Мелис Эшимканов жана башкалар шайлоодо утулуп калышкан. Бул дагы Кыргызстанды дээрлик 15 жылдан бери башкарып келаткан Аскар Акаевдин бийлигине элдин нааразычылыгын күчөткөн. Бермет Акаеванын чет өлкөлөрдөгү байлыгы, Айдар Акаевдин бизнеске кысымы тууралуу маалыматтар да ансайын абалды кызыткан.

2005-жылы 22-мартта жаңы Жогорку Кеңеш алгачкы сессиясына чогулуп, өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу токтом кабыл алган. Өзгөчө кырдаалды киргизүү демилгесин Бермет Акаева демилгелеп, мамлекет башчысынын оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө баруусуна каршы чыккан.

Депутаттар Темир Сариев, Алишер Сабиров буга каршы болуп, өзгөчө кырдаалды киргизүүгө бийлик кудуретсиз экендигин, өлкөдөгү кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилиш керектигин айтышкан.

Муну эскерген саясатчы, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев март окуясында бийлик алмашып, Акаев кетсе, өлкө өнүгүү жолуна түшөт деген ишенич чынында болгонун бекемдеди:

Темир Сариев
Темир Сариев

"Элде үмүт бар эле. Мурункудай бийлик болбойт, балдарынын, үй-бүлөсүнүн кошо бийлөөсүнө мүмкүнчүлүк бербейт" деген ишенич бар эле. Андай убаданы Курманбек Бакиев өзү да март окуяларынын учурунда элдин алдында берген. "Аялым кийлигишпейт, балдарым аралашпайт, конституциялык реформа кылам, президенттин укуктарын азайтам, партиялык шайлоо системасын киргизем" деп убада берген. Бирок шайлоону партиялык системага өткөргөндөн башка убадасына тура алган жок. Аялы катышпаса да, инилери менен балдары түздөн-түз башкарууга аралашты. Өзгөчө Максим Бакиевди ЦАРИИге алып келип, өкмөт башчынын үстүнөн көзөмөлдөөчү кылып койгону да коомчулуктун кыжырын кайнатты".

Башында нааразылыктын бардыгы парламенттик шайлоодон чыкканын жар салып, акаевчил парламентти таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо маселесин көтөргөн ыңкылапчыл күчтөр Жогорку соттун жокко чыгарган чечимине карабай, БШКнын жаңы парламентти каттоо чечимин таанышкан. Айрым талаштуу округдарда кайрадан шайлоо өткөн. Алардын ичинде Бермет Акаева утуп чыккан №1 Университет шайлоо округу да бар.

2005-жылкы март окуясынын чыгышына парламенттик шайлоонун түздөн-түз жыйынтыгы бар деген пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков да билдирди. Анын айтуусунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон негизги оппозиционерлер 15-мартта Жалал-Абадда КЭКтин курултайына катышкан:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

"13-мартта шайлоонун жыйынтыгы мени "утулду" деп чыкты. Ошондон көп өтпөй эле мен Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, оппозиция биригели, деп сүйлөштүк. 15-мартта Жалал-Абадда курултайда президент Акаевдин бийлигине каршы күрөштү баштадык, деп расмий жарыя кылдык. Кийинки курултайды Таласта өткөрөбүз деп пландап, бирок Акаевдин бийлиги жолдун баарын тосуп салганы үчүн Таласка жете албай, Бишкекте Үсөн Сыдыковдун "Дан азык" деп аталган имаратында Кыргызстан Элдик кыймылынын иши жүрүп жатты".

Курултайда «Кыргызстан элдик кыймылы» Курманбек Бакиевди оппозициянын лидери деп жарыялаган. 2004-жылы күзүндө негизделген бул кыймылга Үсөн Сыдыков, Азимбек Беканазаров, Ишенгүл Болжурова, Досбол Нур уулу жана Исмаил Исаков сыяктуу саясатчылар кирген. Алардын бири Азимбек Бекназаров Бакиев жөн жерден эле лидер болуп жарыяланбаганын тактады:

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

"КЭКтин төрагалыгына кыймылдын иш аракеттерин ким каржыласа ошол болот деген маселе болгон. Бакиев «мен көтөрөм» дегени жана каржылаганы үчүн төрага болгон. Курултайга келип катышкан Роза Отунбаева "Ата-Журт" кыймылында болгон, ал бизге ыңкылаптын алдында эле кошулган. Равшан Жээнбеков, Акылбек Жапаров жана башкалар шайлоодон өтпөй калгандан кийин кошулушкан. «Акаев кетсин» урааны менен жүргөн биздин кыймылга шайлоодон өтпөй калган көп эле киши кошулган. Ал эми Атамбаев, Мадумаров, Эшимканов 24- мартта гана кошулушту. Назаралиевдин офисинин алдында топтолуп, анан Ала-Тоо аянтына келгенбиз, ошол үчүн Назаралиев да бизге кошулуп калды".

Азимбек Бекназаров 2005-жылкы парламенттик шайлоонун 1-айлампасынан эле өзүнүн туулуп-өскөн жеринен шайланып, утуп чыккан.

Ал эми дипломат Роза Отунбаева 2004-жылы күзүндө парламенттик шайлоонун алдында Кыргызстанга кайтып келип, ошол кездеги парламент депутаты Дооронбек Садырбаев менен бирге «Ата-Журт» оппозициялык кыймылын түзгөн. Бул кыймылга Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Муратбек Мукашев, Дүйшөнкул Чотонов жана Анвар Артыков өңдүү саясатчылар кирген. Роза Отунбаева Бишкекте Бермет Акаева талапкерлигин койгон шайлоо округунан ат салышарын жарыялап, бирок аны БШК каттабай койгон.

2005-жылкы март окуясына Аскар Акаевдин уулу Айдар менен кызы Берметтин шайлоого катышуусу таасир эткенин Акаевдин тушунда Коопсуздук кеңешин жетектеген Болот Жанузаков жокко чыгарды. Ал бул тууралуу "Азаттыктын" "Бийлик сырлары" деп аталган көрсөтүүсүнө курган маегинде билдирди:

"Мен алардын шайлоого катышканы март окуясын тездетти же кечеңдетти деп айтуудан алысмын. Анткени мен бул маселени талдаган эмесмин".

Президент Аскар Акаевдин бир тууган агасы Асанкул Акаев да Жогорку Кеңеште депутат болчу.


Ыңкылаптын артындагы күчтөр

Башында айтып өткөндөй, 2003-жылы "роза ыңкылабы" деген аталыш менен Грузияда, 2004-жылы "саргылт революция" деген аталыш менен Украинада болгон элдик толкундоолордун натыйжасында бул өлкөлөрдө шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Эки мамлекетте тең Орусиянын таасиринен кетүүнү жактаган батышчыл адамдар бийликке келген. Ушундан улам "Кыргызстандагы "жоогазын ыңкылабынын" артында да Батыш турган" деген пикирлер азыркыга чейин бар.

24-март, 2005-жыл. Митингчилер Ак үйгө кирип барышкандан кийин. (Фото архивден)
24-март, 2005-жыл. Митингчилер Ак үйгө кирип барышкандан кийин. (Фото архивден)

Саясатчы Темир Сариев "Жоогазын ыңкылабын" Батыш түздөн-түз уюштурбаса да, бейөкмөт уюмдарды каржылап, сөз эркиндигин күчөтүү аракети менен кыйыр таасир эткен деп эсептейт:

"Түздөн-түз кийлигишпесе да, батыштын кыйыр таасири болду. Бейөкмөт уюмдарды каржылоо күчөтүлүп, тренингдер арбын өтүп жатты. Кандайдыр бир кызыкчылык болду, анткени, Кыргызстанды "Борбор Азия аймагындагы демократиялык багытта өнүгүп бараткан өлкө катары үлгү кылып көрсөтөбүз, авторитардык режимдерге сокку урабыз" деген максатта кыйыр таасири болду. Жакшы билесиз, атайын көз карандысыз Басма үйү ачылды, "МСН", "Моя столица" деген жана башка басылмаларды колдоп, аларга техникалык жана башка жардамдар берилди. Мунун баары эле каржыга келип такалат. Акаевдин алсыздыгы - буларга "жок" деп айтып, бөгөт коё алган жок, ал дүйнөлүк аренадагы Кыргызстандын "демократиялык аралча", ал эми өзүнүн "демократиялык көз караштагы жетекчи" деп айтылып калган аброюн жоготкусу келбеди окшойт."

Грузиядагы, Украинадагы ыңкылаптар учурунда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдун өкүлү катары шайлоолорго барып, байкоочу болуп келген укук коргоочу Азиза Абдурасулова тескери пикирде. Ал Грузия, Украина жана Кыргызстандагы ыңкылаптардын эч кандай байланышы жоктугун бекемдөөдө. Укук коргоочунун айтуусунда, Аскар Акаевди бийликтин кетирүүгө анын авторитардык жана үй-бүлөлүк башкаруу системасы, чек аралардын чечилбеши, социалдык-экономикалык кыйынчылыктар түрткү болгон:

"Булар бири-бири менен байланышы жок. Грузия менен Украинада Орусиянын таасиринен кетүү аракети негизги өзөк болгон. Бизде таптакыр башкача болгон. Кыргызстанда чек аралар такталбай, такталган сайын улам четинен кетилип кетип жатканын эл билип турган. Зым тартылганда суунун башы өтүп, жайыттарга жол торолуп калганы, элдин күнүмдүк жашоо үчүн Орусия, Казакстанга агылып кетиши, Союз таркагандан бери элдин үлүшүн менчиктеп алып байыган бир ууч адамдардын кайра эле бийликке жулунуп атышы да нааразылыктын күч алышына түрткү болду. Эң негизгиси - Баш мыйзамда бир адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт" деп жазылып турса да, улам бир себептерди таап, Аскар Акаев кайра-кайра шайлоого барышы да элдин нааразылыгын жараткан."

Акаев тушунда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген Болот Жанузаков Аскар Акаевдин президенттиктен куулушунда Американын таасири болгон деп эсептейт. "Азаттыктын" "Бийлик сырлары" программасына курган маегинде ал АКШнын Кыргызстандагы ошол убактагы элчиси Стивен Янг жеке өзүнө келип, "Акаев кетиши керек" деп айтканын билдирди:

Болот Жанузаков
Болот Жанузаков

"24-мартка эки күн калганда элчи мага келип, "Акаев кетиши керек" деди. "Акаевдин мөөнөтү күзүндө бүтөт, ошондо кетет. Шайлоого барбайм деп бир нече жолу айтты, өзүңүз да уккансыз" дегем. Март окуясынын артында Америка турганы чындык. Биринчиден, Стивен Янгдын АКШнын мамлекеттик департаментине жазган каты менде ушул күнгө чейин сакталып турат. Кат "Аскар Акаев кетиши керек, ал үчүн мындай чаралар журүшү керек" деген мазмунда жазылган".

Экс-президент Аскар Акаев 2005-жылы Москвада туруп "Азаттыкка" курган маегинде да Кыргызстандын ыңкылап жасаган оппозициялык күчтөрүнө АКШ колдоо көрсөттү деп айыптаган. Кийинчерээк элчи Стивен Янг "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, бул билдирүү жана ошондой эле элчиликтин расмий бланкында жазылган жалган жалаа документти да чын деп ишендирүүгө аракет кылганы капа кылганын билдирген:

-Аскар Акаевдин Россияда туруп ушундай сөздөрдү айтканы мени аябай капа кылды. Андан тышкары ал кишинин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде жасалды деген бир жалган документ чын деп ишенгендигин жарыя кылганы да капалантты. Ошондой эле президент Акаевдин бийликтен кетээрине бир ай калганда кыргыз өкмөтүнүн бир топ өкүлдөрүнүн АКШ жөнүндө туура эмес ойлорду таратып, АКШнын аракеттерине терс баа берип, мамилелерди суутууга кылган аракеттери кабатырлантты.

2004-жылы 30-декабрда АКШ элчилигинин расмий бланкына элчи Стивен Янгдын “Шайлоо алдындагы кырдаал жөнүндө” жашыруун доклады деген аталышта жайгаштырылган маалымат 22-мартта Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында таратылган. Маалымат JAMAAT-E-ISLAMI, PAKISTAN аттуу уюмунан алынганы аныкталган. Элчи муну эки өлкөнүн мамилесине доо кетирүүнү көздөгөндөрдүн жалган жалаасы деп билдирген.

24-март, 2005-жыл. Бишкек шаары.
24-март, 2005-жыл. Бишкек шаары.


"Сөз эркиндигин Акаев өзү кысып турган"

2000-жылдары Кыргызстанда бийликке каяша айтып, иш-аракетин сындаган саналуу эле маалымат каражаттары бар болчу. Алар дагы бийликтин түрдүү куугунтугуна дуушар болуп, сот аркылуу жабылып же башчылары алмаштырылып, багыттары өзгөртүлүп турган. Ошондой басылмалардын бири "Асаба" сот аркылуу болгон мүлкүнөн ажыратылып, акыры жабылса, "Вечерний Бишкек" басылмасы башка кожоюнга өткөрүлүп берилген. Бул басылмалардын редакторлору кайрадан башка аталыштагы гезит чыгарууга аргасыз болушкан. Бирок гезиттер басмаканадан Ак үйдүн уруксаты менен гана басылып, окурмандарга да Ак үйдүн уруксаты менен гана жетип турган.

"Асаба" гезити жабылып калган соң, ордуна түзүлгөн "Агым" гезитинин жооптуу редактору Аскер Сакыбаева "Фридом хауз" уюму тарабынан эркин басмакана ачылганга чейин гезиттин баары Ак үйдүн көзүнөн өтүп турганын эстеди:

Аскер Сакыбаева
Аскер Сакыбаева

"Акаев укмуштай баскынчы болчу. Ал өзү жасачу эмес, желдеттери аркылуу жасатчу. Кыргызстанда жалгыз басмакана - "Учкун" мамлекеттик мекемесинде гана гезит басылчу. Менчиги да, мамлекеттиги да жана башкалары да. Ал жерге Акаев өз кишилерин отургузуп, ким эмне жазып атканын карап текшертип, өздөрүнө жакпаган материалдар болсо алдыртып салып же чыгарбай коюп, күнкор кылып, басмырлаган абалга жеткен. Журналисттер эркин иштей албай калган учурда "Фридом хауз" уюму басмакана ачып берген. Ошондон кийин гана биз кенен дем алып, чындыкты кеңири жаза баштаганбыз. Бул - тарых! Муну Акаев, илимпоз, демократ деген Аскар Акаев сопсонун эле билген".

Аскер Сакыбаева 2005-жылдагы март окуясына маалыматтардын так жеткирилбей, бурмаланганы да себеп болгонун айтты:

"Ошол убактагы мамлекеттик кызматкерлер элдин кайнап турган буусунун капкагы ачылып кетишине чоң жардам беришкен. Алар кара жашик аталган КТРдан кайра-кайра жалган маалыматты айтып, оппозиция мүчөлөрүн бир беткей каралап турган. КТРде бир беткей "шыбакчы" журналисттер иштеген. Шайлообек агай убагында "бакалоору балкылдап, барабан бет балдар бар" деп жазган сыяктуу журналисттер маалыматтарды бурмалап, жеткирип турушкан. Ошол эле учурда оппозициялык, айрыкча "Моя столица", "Агым" гезиттери саясаттагы, бийликтеги болуп жаткан окуяларды, бир жагынан элдин нааразылыгын ачык чагылдырып, ачык айтып тургандыктан, март окуясы ишке ашкан".

24-март, 2005-жыл. Бишкек шаары.
24-март, 2005-жыл. Бишкек шаары.

Бийликти алуу максаты болгонбу?

2005-жылы мартта парламенттик шайлоону шылтоо кылып, оппозиция бийликти басып алууга алдын ала аракеттенген деген пикирлер арбын.

Мындай пикир ээлеринин бири саясатчы Темир Сариев президенттик бийликти күч менен алууга даярдык алдын ала жүргөнүн, учурунда өзү ага каршылыгын билдиргенин "Азаттыкка" билдирди. Ал "Кыргызстан элдик кыймылынын" 23-марттагы жолугушуусунда кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиевге бийликти күч менен алуунун арты жакшылыкка алып барбасын айтканын эстеди:

"Мен Бакиевге айткам, "азыр күч менен алабыз деп атасыңар, бирок, билип койгула, бир күнү силердей эле бирөөлөр чыгып, сиздин бийликти да алып коет" деп айткам. Кийин тилекке каршы, ошондой эле болду. Бул менин көрөгөчтүгүм эмес, өнүгүп келе жаткан Азия, Африка өлкөлөрүнөн практика түрүндө көрүп эле жүргөнбүз".

2005-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен катар Аскар Акаев күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого катышат экен деген маалыматтар элдин нааразылыгын жараткан. Акаевдин тушунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Болотбек Жанузаков 2005-жылы президенттик шайлоого катышат деп оппозиция туура эмес маалымат берип, элди көкүткөн деп билдирди:

"Аскар Акаев 2005-жылы күзүндө президенттик шайлоого катышпайм деп өлкөнү кыдырып жүргөн учурунда кайталап айткан. Бирок оппозиция улам эле "бийликти узурпациялап алды, дагы шайлоого мыйзамсыз барат" деген туура эмес маалыматтарды таратып жатты.

Президент Аскар Акаевдин авторитардык режимин кулатуу планы алдын ала, Аксы окуясында элге ок атылгандан кийин эле түзүлгөнүн Азимбек Бекназаров ырастады:

"Жоогазын революциясы жеке Акаевди бийликтен кетирүү үчүн эмес, анын авторитардык режимин жок кылуу максатында болгон. Бул максат 2002- жылкы 17- марттагы Аксы окуясынан кийин эле коюлган. 2002-2005-жылдар аралыгында бир канча элдик курултайларда бекитилген. Оппозиция Курманбек Бакиевдин айланасына эмес, тескерисинче, Бакиев кызматтан бошотулгандан кийин бизге кошулган".

2005-жылы 24-мартта бийликке келген Курманбек Бакиев мамлекет башында 5 жыл турду. 2010-жылы 10-апрелде үй-бүлөлүк башкаруу системасын орнотту деген жүйөө менен бийликтен кулатылып, Беларуска баш калкалоого аргасыз болгон.

Жоогазын революциясынын 1 жылдыгы. Премьер-министр Ф.Кулов, президент К.Бакиев, парламент спикери М.Султанов. 2006-жылдын 24-марты. Бишкек.
Жоогазын революциясынын 1 жылдыгы. Премьер-министр Ф.Кулов, президент К.Бакиев, парламент спикери М.Султанов. 2006-жылдын 24-марты. Бишкек.


Бийликтен кулаган президенттер, өзгөрбөгөн система

Эксперттер 24-мартта кулатылган Акаевдин башкаруу системасын кийинки президенттер сындырып, жок кылуунун ордуна, тескерисинче, өнүктүргөнүн белгилешет. Ушундан улам өлкөдө экономика өнүкпөй жатканын айтышат.

Саясат талдоочу Эмил Жураев 2005-жылы 24-марттагы "Жоогазын ыңкылабы" - элдин коррупцияга, үй-бүлөлүк башкарууга, адилетсиз мамилеге каршы ыңкылабы болгонун белгиледи:


"Биз март ыңкылабы өзүн актаган жок деп сындоого укугубуз жок. Ыңкылап өзүн өзү эч качан актабайт. "Анда чечүүчү орунга чыккан адамдар ыңкылаптын максаттарын ишке ашырган жок" деп айтсак туура болот. Тарых ыңкылаптардын, начарлоонун негизинде түзүлөт. 16 жыл мурда революция болбогондо башкача болмок деп айтуу туура эмес. Кыргызстанда ыңкылап-төңкөрүштөрдүн кайталана бериши мамлекеттик институттарды алсыздандырат. Коомчулукта "кимде көбүрөөк күч болсо, кимде көбүрөөк булчуң болсо, ошолор жеңе берет экен" деген түшүнүктү калыптандырат. 2005-жылы 24-мартта "Жоогазын ыңкылабы" коом үчүн коррупцияга, мыйзам бузууга, бийликтин элге адилетсиз мамилесине каршы туруу аракети болгон. Элдин башын бириктирген символ болгон. Эгер ошол түшүнүгүндө бекем кармалганда, коюлган максаттар аткарылганда, биз бүгүн ал күндү башкача эскерип отурмакпыз. Тилекке каршы, бүгүн ал күндү туруксуздуктун, күчкө салып бийликти өзгөртүүнүн жолуна салып койду, деген түшүнүк менен эскергендер басымдуулук кылат".


2005-жылы "Жоогазын ыңкылабы" Аскар Акаевдин Конституция баштаган мыйзамдарды өз бийлигин бекемдөөгө ылайыктап, түзөтүп жүрүп отурган саясатынын натыйжасында ишке ашкан. Аксы окуясынан тартып жер-жерлерде “Акаев кетсин!” деген ураандын алдындагы нааразылык акциялары тынымсыз уланган.

Акаевдин бийлиги кулаганы менен система өзгөрбөгөнү үчүн 2010-жылы, 2020-жылы кайрадан бийликти күч менен кулатуу кайталанды. Бирок бул окуялардын артында элдин калыстыктан тайган бийликке каршы туруп, аны көзөмөлдөөгө кудурети жетээрин далилдеген аракети турат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG