Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 15:27

24-март окуяларынын сабактары


24-март, 2005-жыл. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 2005-жылы 24-мартта болуп өткөн окуяларга 15 жыл толду.

Март окуясынын негизги себептери эмне болгон? Ал максатына жеткенби? Жаңы келген бийлик эмне үчүн үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан чыга алган жок? Бул окуяларга сырткы күчтөрдүн таасири болгонбу? Азыркы кыргыз бийлиги, жалпы эл бул окуядан кандай сабак алышы керек? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери - дипломат Мамбетжунус Абылов, профессор Ишенгүл Болжурова жана жазуучу Чолпонбек Абыкеев катышты.

«Азаттык»: - Мамбетжунус мырза, 2005-жылдагы 24-марттагы окуялардын негизги себептерин сиз эмнеден көрөсүз?

Мамбетжунус Абылов.
Мамбетжунус Абылов.

Мамбетжунус Абылов: - 24-марттагы революциянын эң негизги себептеринин бири – Акаев бийликте турганда өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу орноп калгандыгында, андан кутулуу талабы болду. Бийликке баласы, кызы, күйөө баласы, жада калса балдыздары да - баары аралашып кеткен. Бийлик орундарын бөлүштүрүп, тескеп калышкан. Экинчиси - Акаев балдарын парламентке алып келип, тескерисинче белгилүү дипломаттарды ар кандай шылтоолор менен шайлоого киргизбей коюшту. Шайлоонун жүрүшү да бир топ мыйзам бузуу менен коштолду. Үчүнчү себеби - президент Акаев төртүнчү жолу бийликке келүүгө аракет кыла баштады. Мыйзамсыз экенин билип туруп да «мен президенттикке барбайм» деп ачык айта алган жок, тескерисинче, «мен Конституцияга жараша иш кылам» деп туруп алды. Анын бул жообун бийликке кайра келет деп түшүнүү кыйын эмес болчу. Ушулардын баары элди нааразы кылып, кыжырын кайнатты, көчөгө алып чыкты, алар Акаевдин кетишин талап кылышты.

«Азаттык»: - Ишенгүл эже, 24-мартта Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда жасала турган фундаменталдуу реформаларды жасоо тууралуу талап коюлду эле. Алардан ичинен эмнелер жасалды, эмнелер жасалбай калды? Деги эле революция өз максатына жеттиби?

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

Ишенгүл Болжурова: - Эл жөн эле жерден саясий маселелерди көтөрбөйт. Революциянын чыгышынын дагы бир себеби: экономикалык абалыбыз өтө начар болгон, 60% элибиз жакырчылыкта жашап калган. Жумушсуздуктун айынан миңдеген мекендештерибиздин чоң агымы чет мамлекеттерге кете баштаган. Мугалимдер, башка кесиптегилер жумушсуз, ачка калышкан. Шайлоодогу мыйзам бузуу ж.б. саясий маселелерден сырткары революцияга ушундай социалдык көйгөйлөр да элдин бийликке нааразычылыгын туудурду да. Мен 1992-жылдын 3-мартын көп эстейм. Анткени ал күнү Кыргызстан өз туусуна ээ болуп, Өкмөт Үйүнүн үстүнө илингенде «элибиз эгемен болду, өз туубузга ээ болдук, келечекте Кыргызстанда таза, калыс коом курабыз, жаңы цивилизацияга жетебиз» деп сүйүндүк эле. Чоң аруу тилектер, үмүттөр бар эле. Элдин келечекке болгон духу көтөрүлүп калган. Анча көп жылдар өтпөй эле ал үмүттөр өчө баштады. Саясат, экономика жагынан да начарлай баштадык, бийликке ишенич кетти. Аксы окуясы биротоло үмүттү өчүрдү. Ошонун баары жыйылып келип, элди көчөгө чыгууга аргасыз кылды.

2005-жылдын 24-мартындагы революция ага чейин өчкөн үмүттөргө ишеним жараткан, элдин маанайы кадимкидей көтөрүлүп калган. Коррупция жоголот экен деп күтүп калышкан. «Демократия өнүгөт экен, адамдын укуктары сакталат экен» деп дүйнөлүк коомчулук, эл аралык уюмдар жакшы колдой башташкан. Жыл айланбай жатып эле баягы үмүттөр кайра өчүп, элибиз кайра туманда калды. Ошол учурда элге нан эмес, биринчи кезекте ишенич тартуулаган саясат керек болчу. Ошондуктан биз 24-мартта койгон максаттарыбыз ишке ашпай калды.

«Азаттык»: - Чолпонбек мырза, сизден тарыхты такташ үчүн бир фактыны сурайынчы. «Март айынын башында Жалал-Абад, андан кийин Ош бийлигинин имараттары эл тарабынан басып алынып, улам республикага жайылып баратканда 19-мартта бийлик менен оппозициянын маанилүү сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурап калып, абал курчуп кетти» деген маалымат айтылат. Ал сүйлөшүү болгонбу, болсо үзгүлтүккө учурап калышынын себеби эмне эле?

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

Чолпонбек Абыкеев: - Ооба, ошол 19-мартта «оппозиция лидерлери менен Акаевдин жолугушуусу болот» деп, бизден 11 кишинин тизмеси түзүлүп калды. Сүйлөшүүгө 9 адам бара турган болдук, күтүп отурдук. «Саат 14кө» деди, «макул» дедик. Убакытты дагы ары жылдырышты, ага да макул болдук. Жолугушуунун убактысын үч жолу алмаштырышты. Кырдаал курч эле. Ал учурда Жалал-Абадда, Ошто, Нарында, Ысык-Көлдө жергиликтүү бийликти эл алып койгон болучу. Биздин негизги максат - Акаев президенттиктен өз эрки менен кетип, бийлик тынч жолу менен алмашса дегенбиз. Саат кечки 6да «Акаев силер менен жолукпайт» деген кабар келди. Себебин ачык айтышкан жок. Биз кийин ал жолугушуунун болбой калышына Акаевдин жубайы Майрамдын таасири чоң болгонун уктук. «Сүйлөшүүнү каалабаса, анда биз элге кеттик» деп оппозиция лидерлери аймактарга чыгып кеттик. «Акаев кетсин!» деген ураандар да көбөйдү. Президенттин сүрөттөрүн тытып өрттөгөндөр көп болду, нааразы болгондордун катары дагы калыңдады…​

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG