Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

«Жоогазын ыңкылабы»: ишке ашпай калган идея


24-март, 2005-жыл.
24-март, 2005-жыл.

Кыргызстанда март ыңкылабына 14 жыл толду.

2005-жылы 24-мартта эл толкуп, өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин бийлиги күч менен алмашкан. Тарыхта "жоогазын ыңкылабы" деген ат менен калган бул окуя ошондон бери түрдүүчө белгиленип, эскерилип келет.

«Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен таанылган 24-марттагы окуядагы жаштардын ролу, орду тууралуу көп эле жолу сөз болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев ал учурда бийликке каршы тынымсыз нааразылык акцияларды уюштурган «Кел-Кел» жаштар кыймылын жетектеген. Мамасалиев жаштарга саясатка жол ачууда аталган уюмдун салымын белгиледи:

«Ошол заманда жаштардын үй-бүлөлүк, кландык системаны, Акаевди бийликтен кетирүүдө салымы чоң болгон. Революциядан кийин биз президент Курманбек Бакиевден конституциялык реформаны талап кылганбыз. Ошол конституциялык реформанын негизинде биз жаштардын укугун коргоп, парламенттик шайлоодо жаштарга квота киргизгенбиз. Тарыхта жаштар биринчи жолу саясий күч болуп аянтка чыккан, чоң саясатка аралашкан», - деп эскерди Мамасалиев.

«Азаттыктын» архиви: Өлкөнү өзгөрткөн түн

​2005-жылы мартта элдик толкундоолор Жалал-Абадда башталган. Ошол окуяга түздөн түз катышкан филология илимдеринин кандидаты Дилбар Чокоева март ыңкылабынан кийин келген бийликтин айынан «жоогазын ыңкылабынын» маани-шаанисине доо кеткенине кейиди:

«Ошол учурда Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү өзүнчө эле бир топко айланып, элди, мамлекетти каалагандай калчаганга өтүп алгандыктан элдин кыжыры келди. Ал болсо «эмки шайлоого барбайм» деп улам эле элди алдап келди да. Ошондо ал кызын депутат кылгысы келген, андан ары ал спикерликке жылмак. Ал орундан президентке бир эле кадам калмак да. Муну элдин баары, үйдө отурган абышка-кемпирге чейин эле түшүнгөн. Ошондуктан өздөрү уюмдашып, өздөрү эле топтолгон. Бул окуялардын баары революция катары башталган. Революция чоң бийлик башкара албай калганда, карапайым эл мурдагыдай жашагысы келбей, баш ийбей калганда чыгат. Андан кийин Аскар Акаев качты, бийлик алмашты. Бирок бир жылдан кийин эле Бакиевдер бийликти менчиктештире башташты. Ошентип жалпы элдик революция төңкөрүшкө окшоп калды».


Мындан туура 14 жыл мурун Бишкектеги борбордук аянтка чыккан элдин алдында жүргөн коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев айрым адамдар, маселен, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди март ыңкылабын өзүнө ыйгарып алууну көздөп жатат деп айыптады:

Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

«Мен Ош, Жалал-Абад, Бишкектеги революцияны баштап чыккан адамдардын баарын билем. Азыр да тааныйм. Ошол күн ийне-жибине чейин эсибизде. Мисалы, өткөндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ал окуяларды өзүнө ыйгарып алууга аракет кылды. «Жеңиштин ээси көп болот,» дешет экен. Ал эми утулганда баары качат экен. Анын сыңарындай, ошондой абал болуп жатат. Бирок анын баары эчен жолу жазылган, силер, «Азаттык» болгонун болгондой бергенсиңер. Ал жылдары силер укмуш элеңер да. Ошондуктан Атамбаевге окшогондордун миңи чыкса да тарыхый чындыкты бурмалап кете албайт».​

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев 24-марттагы окуяга байланыштуу революциябы же төңкөрүшпү деген талаштуу жагдайга токтолду:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Тарыхчылар бул революцияны, келип чыккан себептерин, жыйынтыктарын аябай эле иликтеген жана формула чыгарышкан. Мага ошол «Эл нааразы болуп, кыйналганы үчүн көтөрүлгөндүктөн чын эле революция болгон. Бирок жыйынтыгы чыкпай калган. Ошондуктан бул уурдалган революция болуп эсептелет « деген формула жаккан. Анткени себептери боюнча бул революция, бирок жыйынтыгын карасак, антип атоо кыйын. Максатына жетпей калган революция десек туура болот. Бирок март ыңкылабы чоң сабак болду. Ошондой чоң мүмкүнчүлүктү колдоно албай калган бийлик 2010-жылы күч менен куулду. 24-мартта жакшы сабак алганда, балким 2010-жылы ошончолук адам өлүмү, ошондой тагдырлар болмок эмес».

Бишкекте март ыңкылабы болгон күнү элдик жүрүш башталган жерде гүлбак ачылган. Бирок 2012-жылдан бери 24-март календарда кызыл болуп белгиленбей калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG