Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Референдум дайындалды, талаш бүтө элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Президент Конституциянын жаңы долбоорун 11-апрелде референдумга чыгаруу жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол коюп, ал ошол эле күнү күчүнө кирди. Ага ылайык, бүткүл элдик добуш берүү күнү шайлоочулар Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алууга «макул» жана «каршы» экенин билдирип, добуш берет.

Мыйзам долбоорун демилге кылгандар көбөйөт

Жогорку Кеңештин депутаттары демилгечи болуп кийин Конституциялык кеңешме иштеп чыккан документте жазылган адам укуктары, президенттин ыйгарым укуктары менен милдети, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу боюнча талаш-талкуу уланууда.

Бул жолу Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы дагы башка жагдайларга токтолобуз. Мыйзам чыгаруу бийлиги – Жогорку Кеңешке көңүл бурсак. Жаңы долбоорго ылайык, парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскарат. Алар кандай тартипте шайланып келери мыйзам менен аныкталат. Депутатты чакыртып алса болот. Иштеп жаткан Конституцияда депутатты чакыртып алуу мүмкүн эмес.

Жаңы долбоор боюнча эми мыйзам чыгаруу, демилге көтөрүү укугу 10 миң шайлоочуга, президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Элдик курултайга жана өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку сот менен башкы прокурорго да берилет. Президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кечиктирилгис деп аныкталган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш кезексиз тартипте карайт.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын жаңы долбооруна «өлкөнү башаламандыкка алып келип, мамлекетти бир кишинин ишканасына айландыра турган документ» деп баа берди.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Башкы прокуратурага мыйзам демилге кылуу мүмкүнчүлүгүн берүү дүйнөдө болуп көрбөгөндөй алешемдик. Башкы прокуратуранын аткарчу иши бирөө эле – Кыргызстанда мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөө. Мыйзам демилге кылуу аткаруу бийлигиндеги жеке инсанга да берилип жатат. Өкмөттүн курамы же өкмөттүн токтому да эмес, жеке инсанга (Министрлер кабинетинин төрагасы - ред.) берилүүдө. Кыскача айтканда, Кудай андан сактасын, бул Конституция акыры мамлекеттин түбүнө жетет. Башка душманды издөөнүн кажети жок. Эгерде «ушул Конституцияны кабыл алып, аны менен жашайбыз» деген болсок, анда өз тагдырыбызга өзүбүз балта чапкандай болобуз».

Иштеп жаткан Баш мыйзамга ылайык, мыйзам чыгаруу, демилге көтөрүү укугу 10 миң шайлоочуда, Жогорку Кеңеште жана өкмөттө бар.

Конституциянын жаңы долбоорундагы парламентке байланыштуу дагы бир берене - зарыл учурларда президент Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга жана каралуучу маселелерди аныктоого укуктуу.

Ушул эле долбоордо президент «Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн» кызматтан четтетилиши мүмкүн экени жазылган.

Башкы прокурор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев Конституцияны өзгөртүүнү жана жаңы долбоордо мыйзам демилге көтөрүү укугу бардык бийлик бутактарына берилип жатканын колдойт.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

«Башкы прокуратура менен Жогорку сотко мыйзам демилгелөө укугун бергени үчүн Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө рахмат айтам. Укук коргоо, сот системасында мыйзам демилге кылуу укугу жок болгондуктан бул органдарда иштер бүтпөй бири-бирине карама-каршылыктар чыгып жатат. Анткени өкмөт өз кызыкчылыгын ойлоп өздөрүнө тиешелүү мыйзам долбоорлорун биринчи алып келет. Парламентте болсо мыйзамдар ар кандай максаттар менен жазылат. Башкы прокуратура менен Жогорку сотко мыйзам демилгелөө укугу берилип жатат. Эми Жазык-процессуалдык кодекстеги, Жазык жана башка кодекстердеги мүчүлүштүктөрдү биз өзүбүз демилге көтөрүп оңдойбуз. Бирок мыйзам долбоорун кабыл алуу укугу парламенттин колунда».

Парламент мыйзам чыгаруудан тышкары министрлер кабинетинин төрагасын жана мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет. Республикалык бюджетти бекитип, анын аткарылышы боюнча министрлер кабинетинин отчетун угат.

Президенттин сунушу менен Улуттук банктын төрагасын, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымын шайлайт. Эсеп палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин президенттин, үчтөн экисин – өзүнүн демилгеси менен шайлайт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда бир адам жоопкер болгон бийлик системасын түзүү керектигин айтып келет. Ал президенттик кызматына киришип жатып төмөнкүлөрдү айткан:

«Эл эңсеген андай тартипти, убадага жоопкер бийлик системасын президенттик башкаруу гана аткара аларын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эбак далилдеген. Президенттик башкаруу адам укуктарын басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө деген кеп эмес, саясий партияларды ооздуктап, эл өкүлчүлүгү болгон парламентти жана сот бийлигин көз каранды бийлик бутагына айландыруу дегендикке жатпайт. Тар, өзүмчүл кызыкчылык үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет кылган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келерин, аягы эмне менен бүтөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу - калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Ошону менен бирге президенттик башкаруу өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий, экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдөө, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу түзүмдөрдөн иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет».

Долбоор кепилдик кылган колдоо

Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча моралдык жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирген Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме социалдык багыттагы документти даярдаганын айтып келет.

Долбоордун 44-беренесинде пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес төлөнүшү керектиги жазылган. Эмгек акы да ушундай эле суммада болушу керек. Ушул тапта Кыргызстанда жашоо минимуму 5600 сом. Демек, пенсия, жөлөк пул 5600 сомдон аз болбошу зарыл. Бул Конституция менен кепилденет. Бирок ал берене 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, бийлик өзүнө чоң жоопкерчиликти алып жатканын айтты.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

«Эгерде ушул берене аткарылбаса эртең жарандар талап кылат. Бул жерге өтө оор берене кирип калды. Мындай норма бир да Конституцияда жазылган эмес. Көбү долбоорду «ханституция» деп айтып атышат. Эгерде Конституцияны туура эмес колдонсо, президент, өкмөт туура эмес иштесе эл чыгып нааразылыгын айтат».

Ал эми долбоорго каршы чыккан саясий күчтөр, жарандык активисттер «Ханституцияга каршы» борборун түзүп президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын бийликти узурпациялоого айыптап сотко берүүгө камынып жатышат. Саясатчы, сөз болуп жаткан борбордун лидери Жеңиш Молдокматов:

«Депутаттар элди да, башкаларды да укпай калды. Алар бир эле адам – Садыр Жапаровду эле угуп атышат. Жогорку Кеңештин акыркы жыйынын көрбөдүкпү. Камактагы депутаттарды түнү менен абактан чыгарып келип добуш бердиртишти. Мындай тарыхта болгон эмес. Добуш бердирип туруп депутаттарды дароо эс алууга чыгарышты. Биз муну улуттук шылдың деп эсептейбиз», - деди.

Деген менен Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өткөнү калды.

Эми Баш мыйзамдын долбооруна каршы болгондор менен аны колдогон тараптар Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүп үгүт иштерин баштаса болот. Аларга мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан акысыз эфирлер берилет. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Азаттыкка» мындай деди.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Үгүт топтору БШКдан катталып фонд ачыш керек. Ошол фонд аркылуу үгүт ишиндеги ар кандай чыгымдарды жабат. Мыйзам боюнча, референдум дайындоо тууралуу мыйзам күчүнө киргенден кийин үгүт иштерин баштай берсе болот. Андан тышкары үгүт топторунун санына эч кандай чектөө жок».

2020-жылдын 17-ноябрында парламент сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору чыгарылып, демилгечи катары 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.

20-ноябрда ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов долбоорду талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзгөн. Кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазып чыгып, 2-февралда кайра Жогорку Кеңешке жиберген. Ал парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоорун 11-мартта кабыл алган.

Быйыл 10-январда өткөн референдумда шайлоочулардын 81% президенттик башкаруу формасын тандашкан.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG