Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыргыз коомуна жасалма арак ичирген жагдайлар


Аксы: отуруш артынан келген каргаша
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:04 0:00

Аксы: отуруш артынан келген каргаша

Аксыда ууланып каза болгон алты адамдын өлүмүнө жасалма спирттик ичимдик себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

2-мартта мейманга баргандан кийин өзүн начар сезип, ооруканага жаткандардын айрымдары уулануунун себебин суу кошулган спирттен көрүүдө.

Буга чейин Республикалык инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Бүбүжан Арыкбаева Аксыда уулангандар спиртти сууга кошуп ичишкенин билдирген.

«19 адам бир кафеде отуруп, салат, бешбармак жешкен. Спиртке суу кошуп ичишкен экен. Момпосуй, печенье да жешкен. 3-мартта түндө төртөө ооруканага кайрылды, алардын ичинен үчөө каза болуп калды, бирөө оор абалда. Дагы үч киши ооруканага келе жаткан жолдо үзүлгөн. Азыр ошол кафеде чогуу отуруп, тамак жегендердин баары райондук ооруканада текшерүүдөн өтүп жатат».

Азырынча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бирок бул маселе кыргыз коомундагы бугуп жаткан дагы бир көйгөйдүн бетин ачкандай болду.

Эмне үчүн жасалма арак?

Кыргызстанда спиртти сууга аралаштырып арак жасаган көрүнүш өткөн кылымдын 90-жылдары катуу жайылган. Буга эгемендиктин алгачкы жылдарындагы экономикалык тартыштык себеп болгону айтылып келет.

2000-жылдардан баштап арак-шараптын сапаты жакшырып, спиртке суу кошуп ичкен көрүнүш токтогон. Дээрлик жыйырма жыл өткөндөн кийин кыргыз коомунда кайрадан жасалма ичимдик ичиле башташына кандай жагдайлар түрткү болду?

Азамат Дүйшөналиев Токмок шаарынын тургуну. Ал соңку кездеги кымбатчылыктан улам колго жасалган аракты иче баштаганын айтты:

«Арак аябай кымбаттап кетпедиби. Мурда 70 сом турса, азыр 100 сомдон ашты. Жакшылары андан да кымбат. Ага баарынын эле чөнтөгү чак келбейт. Арак ичкиси келгендер кайдан болсо да таап ичет. Биздин көчөдө азыр спирттен арак жасагандар бар. Бир шишесин 50 сомдон алабыз».

Кыргызстанда арак-шарап маанилүү товарлардын тизмесине кирбегендиктен Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги анын баасын көзөмөл кылбайт.

Бирок 2021-жылдын январынан тартып этил спиртине жана алкоголдук айрым товарларга карата акциздик салыктын өлчөмү көбөйгөнү кабарланган. Ага ылайык, арак-шарап ичимдиктеринин литрине карата акциздик салык 100 сомдон 120 сомго көтөрүлгөн.

2022-жылы бул көрсөткүч литрине 140, 2023-жылы 160 сом болору айтылган. Акциздик салыктын өлчөмүн көтөрүү Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында акциздердин өлчөмдөрүн айкалыштыруу максатында жасалып жатканы маалымдалган.

Кыргызстанга алкоголдук ичимдиктер чет жактан, көбүнчө ЕАЭБ өлкөлөрүнө мүчө Казакстан, Орусия жана Армениядан келет.

Экономика тармагы боюнча адис Азамат Аттокуров коронавирус пандемиясында мына ушул сырттан келген алкоголдук продукция азайганын, мурдагыдай тандоо көп болбой калганын белгиледи.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Адамдардын ичкиликке бөлгөн бюджети кыскарды. Товарлардын кымбатташы менен арактын наркы да өсүп жатат. Экинчиден, чек аралардын жабылганы да баага таасир этүүдө. Мурда сырттан алкоголдук ичимдиктерди ташып келип тандоо көп эле. Ичимдик кымбат, бирок суроо-талап болсо жасалма арак жасагандар көбөйөрү турган иш».

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы бир катар рейддик иш-чараларды жүргүзгөн. Натыйжада алкоголдук продукцияларды уруксаты жок саткандар, контрафакттык учурлар жана жасалма акциздик маркалар чапталган фактыларды аныктаган.

«Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы алкоголь чөйрөсүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Анда мыйзамсыз сатылып жаткан 61,5 млн. сомдук 1 млн. 90 миң 423 бөтөлкө алкоголдук продукция жана 74 665 литр сыра табылган. Бул товарлар ээлеринен тартылып алынган», - деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Эркин Сазыков.

Диний фактордун таасири

Алты адамдын өмүрү кыйылган Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүндө да ичимдик сатылбайт. Айыл башчы Дөөлөт Миңбаев мындай чечим 2017-жылы жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынганын айтууда.

Ал отурушка баргандар эмнеден ууланганын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болмоюнча бүтүм чыгарбаш керек деген пикирде.

«2017-жылы мен жергиликтүү кеңеште депутат элем. Биз ошондо "арак сатылбасын" деген демилге көтөргөнбүз. Ал кезде айыл өкмөттү Руслан Бекназаров жетектеп турган. Ал киши ушул ишти колго алып, өзү көзөмөлдөп турган. Андан кийин мен 2019-жылы айыл өкмөт башчы болуп дайындалдым. Азыр Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү бир да дүкөндө спирттик ичимдиктер сатылбайт. Окуя болгондон кийин бардык жерде түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Аким, дарыгерлер келип атат. Тергөө иштери жүрүүдө. Соттук-медициналык экспертиза үчүн анализдер Бишкекке жөнөтүлгөн. Жыйынтык чыккандан кийин эл эмнеден ууланганы белгилүү болот, маалымат беребиз».

Мындан бир-эки жыл мурда айыл-айылдарда арак сатууга тыюу салган иш-чаралар башталган. Айрым динзарлар дүкөндөрдө сатылып жаткан спирт ичимдиктерин дүңүнөн сатып алып талкалаган учурлар болгон.

Нарын районунун Миң-Булак айылында да ушундай демилге көтөрүлүп, бирок ал иштеген эмес.

«Башында айыл активисттери 400 миң сомдой чогултуп, айылдагы болгон ичимдикти жок кылышкан. Бир жылдай арак сатылган жок. Бирок ичкиси келген киши табат экен да. Азыр дүкөндөрдө сатылып эле жатат. Арак сатууга тыюу салган атайын мыйзам жок экен да», - айыл тургуну Данияр Абакиров.

Ал эми публицист Мүсүркул Кабылбеков тыюу салуу менен көйгөй чечилбесин, аракечтикти токтотуу үчүн ириде экономиканы көтөрүп, элдин социалдык абалын жакшыртууга шарт түзүү керектигин белгиледи.

«Кээ бир айылдарда арак сатууга бөгөт коюп жатышат. Муну ислам фактору деп айтсак болот. Бирок тыюу салуу менен маселе чечилбейт. Мындай учурда алкоголь бизнеси көмүскөгө кирет. Аткезчилик күчөйт. Колго жасалган арак-шараптарды ичкен адамдардын ууланышына алып келет. Адамдын жашоо-шарты жакшырмайынча арак ичүү токтобойт. Экономикалык кризис учурунда айрым адамдар жашоосун түздөп кетүүгө аракет кылат. Тилекке каршы айрым адамдар түйшүктү көтөрө албай ичип кетиши мүмкүн. Ошондуктан өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү оңолуп, эл стабилдүү айлык таба баштаганда гана алкоголь колдонуу азаят».

Республикалык салык кызматынын маалыматында, өткөн жылы Кыргызстанда алкоголдук товар өндүрүү дээрлик эки эсе кыскарган. Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы – 2 миллион 959 миң декалитр алкоголдук продукция өндүрүштөн чыгарылган. Бул цифра 2019-жылы 5 миллион 106 миң декалитр болгон.

Бир декалитр 10 литрди түзөт. Адатта жарым литрлик 20 шише бир жашикке салынгандыктан, алкоголдук эсеп декалитр менен жүргүзүлөт. 2020-жылдагы эсепти литрге айлантсак, 29 млн. 590 миң литр болот. 2019-жылы чет элдик басылмалардын бири Кыргызстанда бир жылда 116 млн. литр ичимдик ичилет деп иликтеп чыккан.

Кыргызстандын алкоголдук өндүрүшүндөгү ири компаниялардын бири «Аю» ишканасы былтыр жыл этегинде жумушун убактылуу токтоткону кабарланган.

Ага чейин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы заводдун кампаларында салык жашыруу аныкталганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG