Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Спирттик ичимдиктерге салынчу акциздик салык кымбаттоодо


Арак чыгарган завод, Варшава.
Арак чыгарган завод, Варшава.

2021-жылдын январынан тартып этил спиртине жана алкоголдук айрым товарларга карата акциздик салыктын өлчөмү көбөйүүдө.

Арак-шарап ичимдиктеринин литрине карата акциздик салык 100 сомдон 120 сомго көтөрүлдү.

2022-жылы бул көрсөткүч литрине 140, 2023-жылы 160 сом болот. Коньяктын акциздик салыгы литрине карата бул салык 70 сомдон 80 сомго көтөрүлдү. 2023-жылы 100 сом болот. Ал эми алкоголу аз ичимдиктерге литрине 200 сом өлчөмүндө каралды.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы атайын билдирүү таратты. Акциздик салыктын өлчөмүн көтөрүү Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында акциздердин өлчөмдөрүн айкалыштыруу максатында жасалып жатканы маалымлды.

Мамлекеттик салык кызматы буга чейин 2020-жылдын алгачкы алты айында 33,5 млрд. сом салык чогулганын маалымдаган. Бул жыл башындагы алдын-ала божомолдонгон суммадан 5,1 млрд. сомго аз. Ал эми 2019-жылдын биринчи жарымында чогулган салыктын өлчөмүнөн 2,7 млрд. сомго аз жыйналды.

Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын акциздик салыгынан түшкөн каражат 330,4 млн. сомду түздү. Бул алдын-ала божомолдон 358,5 млн. сомго аз. Өкмөт коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл мамлекеттик бюджетке 30 млрд. сомдун айланасында акча түшпөй калганын билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG