Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Адвокат: Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылды. Ишти карап жаткан Бишкек шаардык сотунда ушундай чечим кабыл алынганын 29-январда «Азаттыкка» Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди:

«Зилалиев кармалганда «Оптима банктын» кутучасынан миллион доллар табылганы тууралуу видео тарап, элдин аң-сезиминде сакталып калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитет (УКМК) тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев «миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу» деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан, аны эч ким суракка алган эмес. УКМК да «жок, бул миллион доллар сеники» деген жүйө менен сотко өткөрүп берген. Азыр экс-президент башка жарандардай эле укукка жана милдетке ээ».

Маалыматтарга караганда, Жээнбеков сотко 3-февралга чакырылды. Буга чейин, адвокат Токтакунованын айтымында, ал суракка 28-январга чакырылган, бирок жаңы президенттин инаугурациясына катышкандыктан сотко барбай калган.

Жээнбеков 3-февралга чакырылганын "Азаттык" радиосуна шаардык соттун басма сөз кызматы да бышыктады.

Экс-президент Жээнбеков өзү же анын жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Буга чейинки жазаны жарым-жартылай кошуу менен анын абак мөөнөтү жалпысынан тогуз жыл деп чегерилген. Жактоочулардын апелляциялык арызы боюнча бул ишти азыр шаардык сот карап жатат.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет.

Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп 2017-жылы 15-октябрда алты жылга шайланып, 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен. Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык себеп болгон.

Президенттике чейин, 2016-жылдын 13-апрелинен бери Жээнбеков премьер-министр болуп иштеген. Зилалиев ошол учурда вице-премьер болчу.

Жээнбеков боюнча дагы бир ишке байланыштуу арыз түшкөнүн 30-декабрда Башкы прокуратура кабарлаган. Мекеме билдиргендей, экс-президентке жана анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдилат Капаров арыз жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG