Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Алтын ташууга айыпталган депутат кызматтан кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-мартта "Азаттык" радиосунун тажик кызматы жеке булактарына таянып, Мухаммад Мирзо Катавозай ооган парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикерлик кызматынан кеткенин кабарлады.

«Мирзо Катавозай алтын жана ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз алып өттү деген айыптоолордон улам, вице-спикерлик кызматка өзүн көрсөтпөөнү чечти», - деди маалымат булагы.

Мухаммад Мирзо Катавозай.
Мухаммад Мирзо Катавозай.

Буга чейин март айынын башында Катавозай Тажикстанда конфискацияланган алтын жана валютага эч тиешеси жок экенин билдирген.

«Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени мен ишкер эмесмин, саясатчымын. Мени аткезчиликке айыптаган билдирүүлөрдүн баары жалган», - деген депутат.

Ооганстандагы «1» телеканалы өз булактарына таянып, тажик бийлиги колго түшүргөн алтын менен акчага Катавозайдын тиешеси барын кабарлаган.

Телеканалдын кабарчысынын айтымында, бул окуя коомчулукка чыгып кетпесин деген ой менен Катавозай жакында эле Ооганстандагы тажик элчисине жолуккан.

27-февралда ооган парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Миррахмон Рахмони расмий делегацияны жетектеп Тажикстанга келген. Сапар алкагында ал тажик президенти Эмомали Рахмон, тышкы иштер министри жана парламент спикери менен жолугары кабарланган.

«Озоди» радиосунун маалыматына ылайык, ооган делегациясынын курамында Мирзо Катавозай да болгон.

Ооганстандын "Толо" телеканалы 9-мартта өз булактарына таянып, Мирзо Катавозай Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолугушууда Дүйшөмбүнүн аэропортунан конфискацияланган алтын жана акчаны кайтарып берүүнү суранганын кабарлады. Бирок бул тууралуу тажик бийлиги расмий жооп берген эмес.

Катавозай Кабул провинциясынын тургуну, бирок учурда өлкөнүн Пактика провинциясынан шайланган парламенттин мүчөсү. Ооган парламентинин сайтында "Катавозай кесиби боюнча юрист, мурун жеке бизнес менен алектенип жүргөн" деп жазылат.

Былтыр ноябрда Тажикстандын укук коргоо органдары Дүйшөмбү аэропортунда Тажикстан аркылуу Ооганстандан Дубайга 90 килограмм алтын жана 15 млн. доллар алып өтүүгө аракет кылган жети киши кармалганын билдирген.

Быйыл 18-февралда коңшу өлкөнүн Бажы кызматы бул иштин алкагында үч кызматкери камакка алынганын маалымдаган. Аларга «шалаакылык» жана «документтерди тиешелүү деңгээлде текшерген эмес» деген айыптар тагылган.

Ал арада Ооганстан парламентинин жаңы вице-спикери болуп 8-мартта Ахмад Жовид Жайхун шайланганы белгилүү болду. Ооган мыйзамдарына ылайык, парламенттин төрагасы жана анын орун басарлары жыл сайын шайланат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG