Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Ооганстанга аргасыз кайткан качкындар


Мекенине кайтарылган оогандар. Кабул, Ооганстан. 15-декабрь, 2016-жыл
Мекенине кайтарылган оогандар. Кабул, Ооганстан. 15-декабрь, 2016-жыл

Германиядан депортацияланган адамдардын тобу Ооганстанга кайтып келди.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү октябрда макулдашкан келишимде башпаанек берилбеген Ооганстан жарандары артка кайтарылууга тийиш. Бул кадамдын сынчылары болсо кан төгүү токтобой жаткан ооган жергеси кооптуу бойдон кала бергенин айтышат.

15-декабрда Франкфурт аэропортунан учуп чыккан чартер ооганстандык 30 кишини Кабулга жеткирип барды. Алардын башпаанек берүү арыздарын Германия бийлиги четке кагып, депортациялоо чечимин чыгарган.

Мекенине күчтөп кайтарылган оогандардын айрымдары жеке буюмдарын чогултууга да убакыт берилбегенин айтышат. Германияда үч жыл жашап келген Али Мадад Насири Рейтердин кабарчысына буларды билдирди.

- Эртең менен уктап жатсам полиция келип кармап кетти. Адегенде кармоочу жайга, ал жерден Франкфурт аэропортуна алып барышты. Телефон чалууга да уруксат беришкен жок, дароо Ооганстанга салып жиберишти. Кийим-кечем, чөнтөк телефон, компьютер калды.

Германиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы депоратация эки өлкө өкмөттөрү октябрда жетишкен макулдашууга жараша жүргүзүлгөнүн маалымдады.

Сөз болгон келишим сынга кабылып, Германияда нааразылык толкунун жараткан. Ооганстандын Батыш колдогон өкмөтү "Талибан" жана башка радикал исламчыл топторго каршы көп жылдардан бери күрөшүп келатат. Жыл сайын куралдуу жаңжалдан миңдеген карапайым ооган окко учат.

Германияда башпаанек сурагандардын укуктарын коргогон ири уюмдун төрагасы Гюнтер Буркхард Ооганстандын бүтүндөй аймактары кооптуу жерге айланганын, айрым мигранттар өз өлкөсүндө куугунтуктоолорго кабылышы мүмкүн экенин эскертет:

- Бул депортация жоопкерчиликсиз кадам. Ооганстан коопсуз өлкө эмес. Бул адамдар Кабулга конгондон кийин эмне болору бүдөмүк. Эмне үчүн Германия өкмөтү, парламент немис аскерлердин Ооганстанда калуу мөөнөтүн узартууну чечишүүдө? Буга келгенде өз позициясын тырышып коргошот.

Ал эми Германияда жети жылдан бери жашаган 22 жаштагы Мати Уллах мекенинде келечеги жоктугун айтат:

- Мен Европага кетип калгандыктан бардыгын жоготтум. Ар бир адам өз өлкөсүн жакшы көрөт, мен дагы. Бирок мен бул жактан эмне кылам? "Талибан" же "Ислам мамлекети" террордук топторуна кошулайынбы?

Ооганстандын Качкындар боюнча министрлиги кайтып келгендерге өз аймактарына жетүүгө жардам берет, - деген мекеменин өкүлү жыл башынан бери Европадан 10 миңдей оогандык кайтарылганын кошумчалады.

Немис маалымат каражаттарынын жазганына караганда депортацияланган оогандардын эмки учагы январдын башында жөнөтүлмөкчү.

Өткөн жылы Германия көбүн оогандар, сириялык, ирактыктар түзгөн 890 миң мигрантты кабыл алган. Берлин согуштан жан сактай качкан сириялыктарга баш паанек берүү процессин тездетип, ошол эле маалда арыздары канааттандырылат деген мүмкүнчүлүгү азыраак оогандарды өлкөдөн чыгарууга киришкен.

Бирок Германиядан кетиши керек деген буйрук берилген 12 жарым миң оогандыктын арасынан үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 18 киши гана мекенине кайтарылган. Немис бийлиги аларды өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө үндөп, атүгүл акчалай көмөк сунуш кылууда.

Өткөн аптада канцлер Ангела Меркелдин Христиан-демократтар партиясы мигранттар саясаты өзгөртүлөрүн кыйытып, финансы министринин орун басары депортацияга тоскоол болгон мыйзамдардын кээ бирлери алынууга тийиш деп билдирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG