Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Австралия качкындарын Кыргызстанга жөнөтөбү?


Сирия жана Ирактагы согуштан үркүп, бейпил жашоо издеген мигранттар
Сирия жана Ирактагы согуштан үркүп, бейпил жашоо издеген мигранттар

"Австралия Кыргызстанга качкындарды жиберет" деп жазган австралиялык басылманын маалыматы өлкөдө бир топ талкууга жем таштады.

Австралия өкмөтү бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир жарым миң качкынды башка өлкөлөргө жайгаштыруу жагын караштырып жатканын The Australian гезити өткөн жумада жазды. Папуа Жаңы Гвинея жана Науру аралдарындагы лагерлерде жайгашкан мыйзамсыз мигранттарды жайгаштыруу ыктымалдыгы бар өлкөлөрдүн арасына Кыргызстан да киргизилген. Какчындар Кыргызстан менен катар "бир катар мурдагы СССРге кирген мамлекеттерге жайгашышы мүмкүн" экени да жазылган.

Бул маалыматты орусиялык жана башка чет элдик бир катар маалымат каражаттары көчүрүп басышты.

Австралиянын иммиграция жана чек араны коргоо министри Питер Даттон кийинчерээк журналисттерге Кыргызстанга качкындарды жиберүү ыктымалдыгын бышыктаган да, төгүндөгөн да жок деген кабарлар да чыкты.

Австралия өкмөтү мигранттар боюнча Кыргызстанга расмий кайрылгандыгы тууралуу маалымат жок. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурлан Сүйөркулов:

- Кыргыз тарап качкындар боюнча азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Себеби бизге азыркы учурда эч кандай өтүнүч келе элек. Эгер бизге расмий өтүнүчтөр келсе, эл аралык укуктук эрежелерге ылайык, мыйзам чегинде карайбыз.

Балкан өлкөлөрү аркылуу Европага бараткан качкындар. Македония
Балкан өлкөлөрү аркылуу Европага бараткан качкындар. Македония

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болсо качкындардын Австралиядан келиши да, Кыргызстан аларды кабыл алышы да мүмкүн эмес деп, буга бир топ негиздерди келтирүүдө. Аталган министрликтин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев буларга токтолду.

- Мыйзамга ылайык, ар бир жаран өзү арыз жазып, качкын макамын сурап кайрылышы керек. Бирок, Австралиядан качкындын Кыргызстанга келиши үчүн виза керек. Демек, алар визасыз кантип өтөт? Ошондуктан, чындыгында бул жараяндын ишке ашышы мүмкүн эмес. Экинчиден, эгер мигранттар Австралияга келсе, бул ал өлкөнүн өзүнүн иши.

Акун: Бул маалымат жөн жерден чыккан жок

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун Австралиядан качкындардын Кыргызстанга келиши татаал жараян дегени менен, муну таптакыр ишке ашпай турган маселе катары карабоо керек дейт. Акун Кыргызстандын качкындарды кабыл алуу боюнча бир катар эл аралык келишимге кол койгонун эске салып, алардын чечими менен өлкөнү мажбурлап койсо болоорун айтууда.

- Кыргызстан ЕККУдагы 56 мамлекеттин бири. Кыргызстан ошондой эле адам укуктары боюнча БУУнун декларациясына кол койгон. Документте ар бир жаран бир мамлекеттен экинчисине ээн эркин бара алат деп жазылган. Ошондуктан? Бириккен Улуттар Уюму аркылуу качкындар бизге келет деп милдеттендирилсе, биз аткарууга тийишпиз. Менимче, бул маалымат жөн жерден чыккан жок.

Австралия 2014-жылдын июнь айынан 2015-жылдын июнь айына чейин 13750 качкынды кабыл алган. Алардын 4400ү Сирия жана Ирактан келгендер.

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Качкындарды Кыргызстанга жиберүү биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жери жок. Ушул жылдын сентябрь айында Улуу Британиядан лорд Десай сириялык бозгундарды Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштыруу демилгесин көтөргөн жайы бар. Лорд Десай өз демилгесин сириялыктардын дини, өң-түсү, айрым маданияты Борбор Азия өлкөлөрү менен окшош деп негиздеген. Бирок, маселе британ парламентинде колдоо тапкан эмес.

Кыргызстан 1996-жылы БУУнун Качкындар жөнүндө конвенциясына кол койгон. Ошондон тарта эл аралык милдеттемелердин негизинде качкындар жана башпаанек сурап кайрылгандардын укугун коргоп келет.

Жалпысынан Кыргызстандан 431 адам качкын макамын алса, дагы 160тан ашыгы башпаанек сурап жүрөт. Кыргызстанга качып келгендердин саны боюнча биринчи орунда Ооганстан жарандары, экинчи орунда сириялыктар турат. Ооганстандан жыл башынан бери эле 100дөн ашык адам ооп келген.

Украина чыгышындагы жаңжалдан улам Кыргызстанга келгендердин саны да акыркы кезде өскөн. Мындан тышкары, Иран, Пакистан өңдүү өлкөлөрдөн келгендер баш-аягы 50дөн ашат.

Кыргызстанга 2005-жылы Өзбекстандагы Анжиян окуясынын учурунда 500дөй адам ооп келип, кийинчерээк алар эл аралык эрежелердин шартына жараша үчүнчү өлкөгө жиберилген. Качкындар БУУнун Качкындар жөнүндө конвенциясына ылайык үчүнчү өлкөгө өз каалоосу менен өтүүгө укугу бар. Бул жаатта ишти БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты алып барат.

XS
SM
MD
LG