Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

ЕБ өлкөлөрү мигранттар маселесинде келишти


Сербиядагы качкындар, 25-октябрь, 2015.
Сербиядагы качкындар, 25-октябрь, 2015.

Европа жана Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери Брюсселдеги кечээги жыйында Балкан жарым аралы аркылуу кирип жаткан мигранттардын агымын кабылдоо аракеттери боюнча макулдашты. Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер 17 пункттан турган биргелешкен план мигранттарды кабыл алуу боюнча борборлордо орундарды көбөйтүүнү камтырын билдирдин. Юнкердин сөзүнчө, БУУнун качкындар иши боюнча агенттиги Грецияда 50 миң, Балкандын батышында дагы 50 миң мигрантка орун түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Евробиримдиктин тышкы чек араларынын коопсуздугу боюнча агенттик грек-македон чек арасынан кирип жаткан мигранттардын катталуусуна тыкыр көз салат. Юнкер журналисттерге мигранттардын чек арадан эч кандай көзмөлсүз өтүүсүнө чекит коюлушу керектигин да айтты.

Европа азыр Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор миграция кризисин баштан кечирүүдө. ЕБ аймагына быйыл жыл башынан бери эле жарым миллиондон ашуун качкын кирген. Алар негизинен согуш оту өчпөй жаткан Сирия, Ирак, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн чыккан бозгун-мигранттар.

XS
SM
MD
LG