Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Мигранттар Словенияны каптоодо


Автобуска түшөбүз деп сүр-сүр болгон мигранттар. Словения, 19-октябрь
Автобуска түшөбүз деп сүр-сүр болгон мигранттар. Словения, 19-октябрь

Балкан мамлекеттери байгер Евробиримдик өлкөлөрүнө аккан мигранттардын чек арадан өтүүсүн чектеди. 18-октябрда Словения күнүнө өз аймагы аркылуу 2500 гана адамды коё берерин билдирди.

Венгрия жума күнү Хорватия тараптагы чек арасын мигранттар үчүн жапкандан кийин Германия, Австрия сыяктуу өлкөлөр көзүнөн учкан бозгундар сели Словенияга бурулган эле.

Словенияга 19-октябрда беш миңден көп мигрант келди. “Хорватия биздин суранычыбызга жана планыбызга кол шилтеп койду”, - деп билдирди Словениянын Ички иштер министрлиги 1,5 миңдей адам чек араны каптап өткөн соң.

16-октябрда Венгрия Сербия жана Хорватия жактагы чек арасын мыйзамсыз мигранттар үчүн жапкандан кийин бозгундар багытын Словенияны көздөй бурган. Аталган үч өлкө Евробиримдиктин мүчөсү.

Жакынкы чыгыштык мигранттар Хорватиядагы Опатовоч кабыл алуу борборуна катталганы баратышат. 18-октябрь
Жакынкы чыгыштык мигранттар Хорватиядагы Опатовоч кабыл алуу борборуна катталганы баратышат. 18-октябрь

Будапештти куйрук улай Загреб да Сербиядан өтчү мигранттарга чектөө киргизген. Бул кадамдардын натыйжасында Сербия-Хорватия ортосундагы Беркасово кыштагында эки миңдей адам ара жолдо калганын БУУнун Качкындар агенттигинин өкүлү Ирода Аскарова маалымдады.

- Бул жерде калган адамдарды эсептеп жатабыз. Алар ар тарапка жайылып кетти. Бул жерде камалып тургандардын саны 1,5 миң менен 2,5 миңдин ортосунда болот деп боолгоп жатабыз.

Аскарованын билдиришинче, Качкындар агенттиги бозгундарга жамгырдан коргочу чепкен, жууркан-төшөнчү, токоч жана суу берип жатса, "Чек арасыз дарыгерлер" уюму аларды дары-дармек менен камсыздоодо.

Ушу тапта Сербияда 10 миңдей мыйзамсыз мигрант бар.

2 миллион элдүү Словения Венгрия, Австрия, Хорватия, Словакия жана Италия менен чектешет. Расмий Любляна күнүнө Австрия 1500ден ашык адамды кабыл албай жатканын айтууда. “Эгер биз күнүнө 5 миңден мигрант кабыл алсак, он күндө өлкөдө 35 миң адам топтолуп калмак”,-деп билдирген 18-октябрда Словениянын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Бостян Сефик. Расмий Вена чек арада чектөө киргизди деген Словениянын билдирүүсүн четке кагууда.

Сефиктин айтымында, азыр Грециядан Батыш Балканды көздөй дагы 15-20 миңдей мигрант келатат.

Түркиядан Грециянын Лесбос аралына деңиз аркылуу кемеде келген бозгундар. 11-октябрь
Түркиядан Грециянын Лесбос аралына деңиз аркылуу кемеде келген бозгундар. 11-октябрь

Мигранттардын көбү Евробиримдиктин экономикалык локомотиви саналган Германияга жана башка байгер өлкөлөргө жетүүгө дилгир.

Мыйзамсыз мигранттардын селин токтотуу маселесин Германия канцлери Ангела Меркел 18-октябрда Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен талкуулады.

- Мигранттар агылып келип жатканын көрүүдөбүз. Бул агым дагы көбөйүшү жана Түркиядан Евробиримдикке келиши мүмкүн. Биз Түркиянын түйшүгүн тең бөлүшүп, бул проблеманы жөнгө салууда Түркияны колдошубуз жана жардам беришибиз керек.

Евробиримдик өткөн аптада Түркияга сириялык жана башка качкындарды жайгаштырууга көмөктөшүү үчүн 3 миллиард евро бермек болгон. Бул жардамдын максаты - аларды Түркияда калтыруу. Азыр Түркияда 2,2 миллион сириялык бозгун бар.

Германия өкмөтү быйыл 800 миңден көп мигрантты кабыл алмай болгон. Бул жалпы Евробиримдикке былтыр келген мигранттардын санынан көп.

XS
SM
MD
LG