Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Сириядан Германияга чейинки азап


От жагып, баласын жылытып жаткан мигрант. Венгрия. 8-сентябрь, 2015-жыл
От жагып, баласын жылытып жаткан мигрант. Венгрия. 8-сентябрь, 2015-жыл

Европадагы мигранттар кризиси дале курч бойдон. Венгриянын Сербия менен чек арасында жүздөгөн качкындар акыркы үч күндөн бери полиция тосмосун бузуп өтүүдө. Дания болсо Германия менен темир жол катнашын убактылуу токтотту.

Сербия менен Венгрия чек арасындагы полиция менен качкындардын соңку чатагы Рожке деп аталган текшерип-өткөрүүчү бекетинде чыкты. Бул жерде үч миңдей мигрант каттоо жараянын күтүп турган. Көпчүлүгү Сириядан чыккан бул качкындар полиция тосмосун бузуп өтүп, лагерге барбайбыз деп кыйкырып жатышты. Акыры алар Венгрия батышындагы качкындар лагеринде баш калкалап турууга көнүштү.

Венгер бийликтери болсо күн сайын миңдеп кирип жаткан качкындар маселесин чече албай убара. Өлкө парламенти жакын арада чек арадан өтүүнүн жаңы эрежелери камтылган долбоорго добуш бермекчи.

Дания болсо Германия менен темир жол катнашын токтотту. Ага шаршембиде Германиядан келген поезддеги качкындар вагондордон чыкпай, Данияда катталуудан баш тартып, Швецияга өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүсүн талап кылышы себеп болду.

Жыл башынан бери Европа өлкөлөрүнө Жакынкы Чыгыштан жана Африка өлкөлөрүнөн 350 миңден ашуун качкын кирген.

Сириядан азаптуу жолду басып келген Рами
Сириядан азаптуу жолду басып келген Рами

Сириялык 24 жаштагы Рами да ошолордун бири. Ал азыр туулуп-өскөн шаары Дамасктан 3 миң чакырымдан ашуун аралыкта туруп, от күйгөн мекенинен Европага чейинки азаптуу жолду кантип басып өткөнүн эстеп отурат. Мындай ары азаптуу, ары коркунучтуу жолду анын миңдеген мекендештери да басып өтүштү. Сириялыктарга окшоп Ооганстандан, Ирактан жана Түндүк Африкадагы тынч эмес өлкөлөрдөн качып, жай жана жакшы жашоо издеп, Европаны көздөй агылган дагы миңдеген мигранттар ушундай жолду басып өтүүдө.

Алар алгач Евробиримдикке кирген Грецияга келип, андан Балкандын түндүгү менен Венгрияга өтүп, андан ары көптөр “эски Европа” деп аташкан аймакка көздөй сапар алышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча башкармалыгы 8-сентябрда Жер ортолук деңизи аркылуу Европага өтүп, баш калка алууну эңсеген адамдардын саны жакынкы эки жылда кеминде эле 850 миңге жетиши мүмкүндүгүн билдирди.

Качкындардын мындай ири агымы Европа өлкөлөрүн да мүшкүлгө салып койду. Европа өлкөлөрү азыр мигранттар кризисин чечүүнүн жолдорун издеген талкуу-жыйындарды байма-бай өткөрүп турган чагы. Бирок качкындар негизинен Германия же Европа батышындагы башка байгер өлкөлөргө гана барууну самашат. Мындан улам Берлин быйыл 800 миң качкынга баш калка берүү планын жарыялады.

Качкындардын балдары (видео англис тилинде)

Сириялык каарманыбыз Рами да азыр Германиянын түштүк-батышындагы качкындар лагеринде баш калкалоодо. Эми документтери бир жаңсыл болгондон кийин ал бул өлкөдөгү жаңы жашоосун баштай алат. Ал немистер жакшы эл экенин жана бул жердеги келечегине ишенерин айтат. Сириядагы университетте англис тилин окуган Рами жаңы мекенинде эми ошол билимин өркүндөткүсү жана колдонгусу келет.

Анын Европаны эңсеген азаптуу сапары эки жыл мурда башталган. Сириядагы аягы көрүнбөгөн жарандык согуш алып келген зобун-зордук Рамини да үй-бүлөсүн, туугандарын жана досторун таштап кетүүгө аргасыз кылган. Рами алгач Түркияга келип, Европаны көздөй жолго чыгууга акча табуу үчүн иш издей баштайт. Стамбулда ар кандай жумуштардан тапкан акчасын чогултуп, Измирден кайык аркылуу Грециянын Кос аралына келет. Деңиздеги аралык бир канча гана чакырым болсо да адам ташыгандар бул үчүн 1200 доллар алышат.

Качкындардын балдары
Качкындардын балдары

Августтун башында грек өкмөтү мигранттар үчүн бөлгөн кеме менен Афиныга келип, автобус менен Македония баш калаасына жол тартат. Анан миңдеген качкындар менен кошо чек арадагы Гевгел шаарынан Сербияга өтүп, поездге отурат.

Раминин ушул жерге чейин сапары өзү мерчемдегендей болуп келип, Сербияга киргенден кийин чукул бурулушка кабылат. Түнкүсүн токой аралап жашырынып жүрүүгө туура келет. Бирок шериктери менен кошо серб чек арачыларынын көзүнө чалдыгып калган соң алар Прешеводогу качкындар лагерине алып келишет. Ошол жерден аларга он күндүк виза берилет.

Бул учурда Рами көздөгөн жерге жетүү үчүн чыдамы да, каражаты да түгөнүп бараткан эле. Андан ары автобус менен баш калаа Белградга келип, бир канча күн туруп калат. Эми Венгрияга эптеп өтүп алуу керек эле. Бирок аларды серб чек арачылары кармап, виза мөөнөтү өтүп кеткени үчүн айыпташат. Бул үчүн чогуу кармалган 50 чакты адам менен кошо сот алдында жооп берүүгө туура келет, сот болсо аларга тандоо үчүн эки жол сунуштайт:

- Биринчиси – ар бир адамга 50 евродон төлөп, чыгып кетүү, экинчиси – беш күндүк абак. Ансыз деле көздөгөн жерге тезирээк жетип алууга чыдамыбыз жетпей жаткандыктан сураган акчасын берип, чыгып кетүүдөн башка айла таппадык. Беш күн абакта отуруп, күткөнгө убактыбызды аядык, - дейт сириялык Рами.

Сотко пара берип, кутулуп чыккан соң бул топ Хоргос аркылуу чек арадан өтүүгө аракет жасайт. Бул жолку аракетин берекет коштоп, чек арадан эсен-аман өтүп кетишет. Бактыга жараша августтун ошол түнү жаан жаап, кайгуулчулар аз экен.

Ошентип андан ары токой аралап, уюкфондогу навигация системасы менен белгиленген бензин куюучу бекетке жетет.

Бул бекетте венгер айдоочулары күтүп турат. Алар качкындарды Будапешттеги мигранттар топтолчу мейманканага алып келишет, – деп сөзүн улаган Рами ал жерде Германияга же Австрияга арзаныраак ташыган фургондор болорун кошумчалады.

Ал үчүн бир кишиге 600 евродон төлөдүк. Бул айдоочу үчүн эле эмес, анда сириялык аткезчинин да үлүшү бар. Мейманкананын алдындагы сириялык жигиттер барганда эле такси сунуштай баштайт. Анан өз үлүшүн алат да, сени машинеге салып коет. Андан ары айдоочу бир жерге келгенде бизди түшүрүп, жүз метр бассак, Германия аймагына өтөрүбүздү айтты.

Ошентип сириялык качкын Рами бир канча айга созулган узак жана азаптуу сапарынын соңунда Зинсхаймдагы качкындар борборуна түшөт. Ал Германияга жетүү үчүн жалпысынан 3 миң евродой акча коротконун жана буга өкүнбөсүн айтат. Рами эми жакын арада англис тилинен сабак бере баштайм деген ниетте.

Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, Сириядагы согуш төрт миллиондой адамды өз үй, өлөң төшөгүн таштап, башка өлкөлөрдөн жай турмуш издеп кетүүгө мажбурлады. Мындан тышкары Сириянын ичинде эле дагы 8 миллиондой киши жер которгон.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG