Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

БУУ: Соңку айда Европага кирген качкындар былтыркыга тете болду


Германияга келген качкындар, 30-октябрь, 2015.
Германияга келген качкындар, 30-октябрь, 2015.

Европага соңку айда - октябрда деңиз аркылуу кирген качкындардын саны өткөн бир жыл ичинде келген бозгундардын көрсөткүчүнө жеткенин бүгүн БУУнун качкындар иши боюнча башкармалыгынан билдиришти. Аталган мекеменин өкүлү​ Адриан Эдвардстын айтымында, октябрда Европага 218 миңден ашуун качкын кирген. Бул өткөн айларга салыштырмалуу да эң жогорку көрсөткүч. Сентябрда болсо Европага Жер ортолук деңизи аркылуу 173 миң качкын өткөн.

Алардын көпчүлүгү алгач Түркия аркылуу Грецияга өтүп, андан ары Европанын башка өлкөсүнө жол тарткан. Качкындардын 53 пайызын согуш оту өчпөй жаткан Сириянын жарандары түзөт. Экинчи орунда 18 пайыздык көрсөткүч менен ооганстандыктар турат.

XS
SM
MD
LG