Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Германия шектүү качкындарды текшерүүдө


Германияда сириялык жаран өзүн жардырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Ал эми Ансбах шаарында өзүн өзү жардырган сириялык качкындын “Ислам мамлекети” радикал уюму менен байланышы бар болчу деген версия териштирилүүдө.

Германиянын бийлиги башкалка сураган 60 кишини террордук уюмдарга тиешеси бар деген шек менен текшерип жатат.

Ошол эле маалда бардык качкындардан шектенүү туура болбосун өлкөнүн ички иштер министри белгиледи. Ал эми Ансбах шаарында өзүн өзү жардырган сириялык качкындын “Ислам мамлекети” радикал уюму менен байланышы бар болчу деген версия териштирилүүдө.

Федералдык кылмыш полициясынын кеңсеси тараткан билдирүүдө “Германияга мигранттар массалык түрдө агылган шартта качкындардын арасында террордук уюмдардын азыркы же мурдагы мүчөлөрү, колдоочулары менен жан тарткандар, радикал исламчыл согуш кылмышкерлери болушу мүмкүн экендигин түшүнөбүз” деп айтылат.

Ошондой эле полиция террордук кол салуу даярдалып жатышынын конкреттүү белгилери жок экенин белгилейт.

Коопсуздук мекемелеринен Германиянын 16 федералдык аймагынын жергиликтүү бийликтеринен качкындардын арасында террорчулар болушу ыктымал деген 410 эскертүү, кат келип түшкөн.

Ал эми немис маалымат каражаттары ички иштер министри Томас де Мезьердин айрым конкреттүү учурлар боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгилеп, бардык качкындардан шектенүү туура эмес болорун ырастаган сөзүн келтиришет.

Министр чек араларды кайтарууну күчөтүүгө, бирок мыйзамдуу жолдор менен келген кайсы бир сандагы качкындардын кирүүсүнө тоскоолдук кылбоого үндөдү.

Өткөн жылы Германияга бир миллиондон ашык мигрант келген. Алардын көбү Ооганстан, Сирия жана Ирактагы куралдуу жаңжалдардан улам жер которгон качкындар.

Ал тапта Бавариянын полиция жетекчиси Йоахим Херманн Ансбах шаарында өзүн өзү жардырып жиберген сириялык киши исламчыл экстремисттик уюмдун мүчөсү болгонун билдирди.

Башкалка сурап кайрылган 27 жаштагы маркум 24-июлдун кечинде фестиваль өтүп жаткан жайдан алыс эмес жерде ишке ашырган жардыруудан 12 адам жараланган. Херманндын айтымында, анын рюкзагы көп кишини өлтүрүүгө кудуреттүү жардыргыч заттар жана темир-тезекке толтурулган:

- Мобилдик телефонунда арабча жазылган чабуул эскертүүсү табылды. Анын алдын ала котормосун алдык. Ага караганда, жараткандын атынан “Ислам мамлекети” радикал тобунун ана башы Абу Бакр ал-Багдадиге берилгендигин айтып, исламдын жолунда турган Германиядан мусулмандардын өлүмү үчүн өч аларын так билдирген.

“Ислам мамлекети” радикал тобу Ансбахтагы жанкечти алардын мүчөсү болчу деп 25-июлда билдирди.

​Ички иштер министри де Мезьер кол салган сириялык Германияга эки жыл мурун келгенин жана ал башпаанек арызы четке кагылгандан кийин Болгарияга депортацияланмак деп дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында ырастады:

- Ансбахтын административдик соту депортация чечими кабыл алынганын бышыктады. Башпаанек сурап кайрылган адам адатта өткөрүлгөн процедурадан кийин анын психикалык мандеми бар деген медициналык бүтүм чыгарылган. Ошондон кийин депортация чечими жокко чыгарылган. Быйыл 16-июлда Германиядан Болгарияга чыгаруу буйругу калыбына келтирилген. Маалыматтарга караганда, ал адам эки ирет өз жанын кыйууга аракеттенгенден кийин психиатриялык клиникага жаткырылган.

Аны полиция маң заттарына байланышкан мыйзам бузууларга байланышкан иштерден да таанып калган.

Соңку бир нече күндөн бери Германия зордук-зомбулук толкунуна туш болуп келатат.

Ансбахтагы окуянын алдында Ройтлинген шаарында сириялык дагы бир качкын балта менени бир аялды өлтүрүп, эки кишини жарадар кылган. Учурда аны полиция суракка алып жатат.

Өткөн жума күнү болсо Мюнхенде 18 жаштагы теги ирандык немис жараны тогуз кишини атып салган. Андан бир нече күн мурун пакистандык жигит поездде кол салганда беш киши бычак жеп жараат алган.

Ошол эле маалда немис өкмөтүнүн маалымат катчысы Улрике Деммер Европа аймагында акыркы кездерде катталган террордук чабуулдардын бардыгы эле качкындар тарабынан жасалган деп айтуу жаңылыш болорун белгиледи:

- Акыркы күндөрдө жана апталарда болгон окуялар бири биринен айырмаланат. Европада акыркы айларда теракт уюштурган террорчулардын көбү качкындар эмес. Бул факт качкындар калктын калган бөлүгүнө караганда террордук коркунучту көбүрөөк же азыраак жаратарын аныктаган изилдөөгө да дал келет. Кандай болбосун, Германия өкмөтү ар бир андай учурга олуттуу мамиле жасайт.

XS
SM
MD
LG