Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

Тажикстанда ооган качкындары көбөйүүдө


Качкындар боюнча иш алып барган уюмдардын биринин жетекчиси Мавжуда Рахмонованын билдиришинче, Ооганстандын түндүгүндөгү туруксуз абалдан улам Тажикстанга келген качкындар саны көбөйгөн. Анын айтымында, Ооганстандын чек аралаш аймактарынан качып келгендер эки-үч айда эле 200гө жеткен. «Тажикстанда ооган качкындарынын саны 2500дү түзөт. Дагы 500дөй киши качкын деген статус алыша элек»,- деди ал «Азаттыкка».

Рахмонова кабарлагандай, Ооганстандан качып келгендерди үчүнчү өлкөгө алып чыгып кетүүнү БУУнун өкүлчүлүгү соңку эки жыл ичинде токтотуп койгон.

Бириккен улуттар уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасына караганда, “куугунтуктан, жаңжалдардан, кыянатчылыктардан, адам укугун бузуулардан” качкандардын саны 59,5 миллионго жетти. 2014-жылдын жыйынтыгы менен чыгарылган бул эсеп качкындар бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 8,3 миллионго көбөйдү дегенди туюндурат.

XS
SM
MD
LG