Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Шайлоо: 45 мандатты 1820 киши талашат


Шаардык кеңешке аттангандар.
Шаардык кеңешке аттангандар.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген 27 партиядан 25и катталды. Демек, 45 мандат үчүн 1820 киши ат салышат.

Партиялар эски-жаңы, анын ичиндеги талапкерлер да кайрадан чыккандар, партиясын алмаштыргандар жана саясатка эми бараткандар болуп иргелчүдөй. Бул ирет бир нече партияда ырчылар, журналисттер жана башка маданият адамдары бар экени байкалды.

Тизмелер парады

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 15-мартта партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүп, бюллетендеги ордун аныктады. Жарыштан эки партия ыргып кетти.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Азаттыкка» буларды билдирди:

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

«Жалпы 27 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Эки партия өздөрү баш тартышты. Ошондо калган 25 партиядан 1820 талапкер катталды. Чүчү кулак мыйзам чегинде өттү. Мындан сырткары партиялар шайлоодо бири-бирине акарат келтирбөө, бут тоспоо тууралуу меморандум кабыл алышты. Ага ошол жарышка түшкөн партиялардын баарынын өкүлдөрү келип, кол коюп беришти».

Партиялардын жана талапкерлердин толук тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясынын shailoo.gov.kg сайтына жарыяланды.

Ошентип коомчулукка белгилүү партиялардын ичинен «Республика» партиясын бул жолу мурдагы вице-премьер-министр, парламенттин экс-депутаты Алтынай Өмүрбекова баштап чыкты.

Экинчи катарда университеттин окутуучусу, юрист Аяз Баетов, үчүнчү катарда Марат Аскеров турат. Аскеров депутат Гүлкан Молдобекова менен Кесиптик кошуундар федерациясынын экс-башчысы Мирбек Асанакуновдун уулу. Үчүнчү талапкердин аты мурдараак авточырга байланыштуу аталган.

Төртүнчүдө шаардык кеңештин азыркы депутаты Гүлнара Молдобаева, бешинчиде Свердлов районунун мурдагы акими Самарбек Болотбеков. Калган катарда ишкер, курулушчу, журналист, дипломат, муниципалдык кызматкер жана башкалар бар.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун мурдагы кеңешчиси Улукбек Тилектешов жана ырчы Гүлзада Рыскулова турат. Калгандар партиянын мурдатан келаткан мүчөлөрү.

«Кыргызстандын коммунисттеринин партиясынын» тизмесин анын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев, «Замандаш» партиясын анын мурдагы лидери, маркум Мухтар Өмүракуновдун уулу Аскар Өмүракунов, «Жашылдар партиясын» ишкер Тынчтык Акжолтоев жетектеп баратат. Бул партиянын тизмесиндеги калган талапкерлер анча белгилүү эмес.

Мурда Кыргызстан-социал демократиялык партиясынан (КСДП) Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров бул жолу «Эмгек» партиясынын башынан орун алды. Абиров буга өзүнүн партиялаштары, ушул эле кеңештин депутаты Сергей Шинди, Асел Пирматованы жана Жумабек Салымбековду да ала өттү. КСДПдан мурда депутат болгон Эрмек Усубалиев да ушул партияны тандады.

«Эмгекте» мындан сырткары «Мекеним Кыргызстан» партиясынын депутаты Базарбек Абдраев, «Республика - Ата-Журт» партиясынын депутаттары Бактыбек Абдиев, Русланбек Жакышов жана Элмир Досалиев кайрадан шайлоого аттанды.

«Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынын» тизмесинин башында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын экс-жетекчиси Илим Карыпбеков, шаардык кеңештин азыркы депутаттары Куванычбек Конгантиев, Сайдахмат Исмаилов, Нуржан Тынымсеитова, мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу, экс-вице-мэрлер Виктория Мозгачева менен Уланбек Азыгалиев, ишкер Рысгүл Акимжанова жана Бишкек мэрлеринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова жайгашты. Мындагы Нуржан Тынымсеитова «Елизавета» курулуш фирмасынын жетекчиси.

Мында Конгантиев мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин агасы, мурдагы баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу экенин, Акимжанова парламент депутаты Эмил Токтошевдин жубайы экенин белгилеп коёлу.

Активист Атай Бейшенбек уулу борбордогу атаандаштыктын курчтугун жана ага көбүнчө аткаминерлердин жана экс-депутаттардын көп баратканын мындайча чечмеледи:

Атай Бейшенбек уулу.
Атай Бейшенбек уулу.

«Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун чоң саясий процесске даярдык катары баалаганыбыз туура. Анткени парламенттик шайлоо башталганда негизги саясий күчтөр ушул жерден утуп чыккан партиялардын айланасына биригет. Эмне үчүн Бишкекте партия көп, башка шаарларда аз? Бул биздин партиялардын институт катары калыптанбагандыгын көрсөтөт. Бишкек шаарына басым жасалып жатканынын башка себеби катары, борборго бизнестин жана каражаттын көп бөлүгү туура келгени менен байланыштырсак болот. Бул жерге келгендер өз кызыкчылыгын коргоого аракет кылат. Кыргызстандагы саясаттын дээрлик 50% ашыгы борбор калаада чечилгендиктен, көпчүлүк саясий күчтөр Бишкек шаардык кеңешин колго алгысы келет».

Шайлоолорго катышса да ута элек партиялардын ичинде «Реформа» партиясын президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккан Аймен Касенов, Элдар Абакиров жана Клара Сооронкулова алып чыгышты. Бул үч саясатчы мурда бир партиянын алдында бириккенин жарыялашкан.

Бул топто коомчулукта эксперт-активист катары таанылган Рита Карасартова, Азамат Акенеев, Урмат Насыкулов жана башкалар да бар.

«Кыргызстан» партиясынын тизмесинде Нурлан Нурудинов, Адис Жумагулов, Бактыгүл Мусабаева, «Ыйман Нуру» партиясынын тизмесинде шаардык кеңештин депутаты Аскарбек Күрүчбеков, ишкер Бакыт Шайдуллаев, «Улуу-Журт» партиясынын тизмесинде окутуучу Елена Чернышева, режиссёр Замир Эралиев жана башкалар бар.

«Социал-демократтар» партиясынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев жана «Альфа» курулуш компаниясынын кожоюну Рустам Джон, шаардык кеңештин депутаты Увазарбек Адылбеков бар. Башка талапкерлер негизинен ишкерлер жана жумушсуздар экенин көрүүгө болот.

Жаңы чыккандардын дүбүртү

Аты жаңы болгону менен мазмуну мурдагы партиялар менен куралган «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын башында ишкер, «Мол Булак» чакан насыялоо компаниясынын ээси, мурда президенттик шайлоого катышкан Бабур Төлбаев турат.

Шаардык кеңештин азыркы депутаттары Талантбек Жамгырчиев, Валентина Лисниченко, Рысбай Аматов, Алымбек Бактыбеков, Таалайбек Сурапбаев, Асылбек Акылбеков жана Адиса Исмангазиева да ушул партияда.

Партияда мындан сырткары курулушчулар көп экени байкалат. Алардын ичинде «НурИмарат Курулуштун» директору Нурлан Шейшеев, «СкайСтройдун» башкы директору Эльнура Рымбекова, «ПРП Констракшндын» аткаруучу директору Елена Пак, «ИлТег строй компанинин» башкы директору Улан Абдыкадыров, «Памир Стройдун» директору Махаммад Махмудов жана башкалар бар.

Бирок ошол эле убакта башка партияларда да курулушчулар өтө көп экени байкалат. Дээрлик ар бир экинчи же үчүнчү талапкер ушул тармак менен байланыштуу десе да ашыктык кылбайт.

Коомдук ишмер Жаныбек Түлкүнов кепке кошулду:

Жаныбек Тулкунов.
Жаныбек Тулкунов.

«Курулуш Кыргызстандагы эң кирешелүү тармактардын бири болуп калбадыбы? Өзгөчө Бишкекте кайсы жакты карабай катар-катар, окшош үйлөр түшүп жатат. Мына ошолорду куруп, көп акча тапкан ишкердин баары шаардык кеңештерге бара жатат. Алар өз бизнестерин коргоо, алдыга жылдыруу үчүн баратат да. Анан мэр шайлашат, курулуштар үчүн керектүү жерлерди талашат. Бир эле бул курулушчу бизнесмендер эмес, башка тармактагы бизнесмендердин бардыгы ушул максатта баратышат. Мунун баары бештен белгилүү да».

«Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын партиясын» Урмат Жаңыбаев, Тимур Воинов, Назгуль Шекекова, Азият Жекшеев, Айжана Мырсалиева сыяктуу ишкер, журналист жана активисттер алып баратышат.

Башка бир активисттер Аскар Алмаз уулу, София-Айдана Сатбалдиева, Болотбек Ибрагимов, ырчы Анжелика Кайратова «Биздин эл» деген партия менен чыгышты. Экинчи аталган партиядагылар негизинен өздөрүн коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда элге жардам көрсөткөн ыктыярчылар экенин көрсөтүшөт.

«Ак Бата» партиясы менен Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев командасын топтоп чыкса, «Тынчтык» партиясында ишкер Чынара Мамажакыпова, журналисттер Болот Абдыжапаров, Медербек Шерметалиев жана башкалар жарышка түштү. «Ынтымак» аттуу партиясына ишкерлер Айбек Кыштобаев, Нурсултан Кубанов, Наргиза Жолдошбаева, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Чынгыз Жумалиев жана башкалар бириккен. «Ынтымактын» лидери «Мекеним Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан Марлен Маматалиев.

«Кыргызстандын социалисттик партиясы», «Элдик бийлик», «Айкөл Кыргызстан», «Ишеним», «Тандоо эркиндиги», «Патриот», «Улутман» партияларында белгилүүлөр байкалбайт.

Жарандык активист Умай Арыкова азыркы шайлоо системасы аркылуу жаңы талапкерлерде шанс аз экенин белгилейт. Ал ошол себептүү шаарда бир мандатка өтүү маанилүү деп эсептейт:

Умай Арыкова.
Умай Арыкова.

«Шаардык кеңешти шайлоодо менимче талапкерлер партиянын атынан эмес, өзүнүн атынан чыкканы жакшы болмок. Анткени шаарда саясат эмес, көбүрөөк муниципалитеттин иши турат. Мында ар бир райондон, ошол жердин көйгөйүн билген талапкерлер ат салышса болмок. Партияда болсо шаарга тиешеси жок же адашып калган эле кишилер келип калат экен. Бизде азыр партиялардын жарымы олигархтардыкы, калган жарымы эмне болуп жатканын түшүнбөгөн жаңы саясатчылардыкы болуп жатат. Эгер талапкер өзү чыкса биз, шайлоочулар аны жүзүнөн таанымакпыз жана анын убадаларынын аткарылышын жекече талап кылмакпыз. Керек болсо мэрди да түз шайлоо кылып койсо болот. Азыр болсо партияларда коллективдүү жоопкерчилик бар деп айтылат, керек болгондо тарап кетишет же партиясын алмаштырып кете беришет. Шайлоочулар эч кимден отчёт ала албай калышат».

Шаардык кеңештерге үгүт өнөктүгү 12-мартта башталды. Башка шаарлар сыяктуу борбордо да алдыңкы үч аптада саясий айдың кызычудай болуп турат.

Азыркы чакырылыш 2016-жылдын 11-декабрында шайланган. Анда шайлоого 14 партия катышкан. 2012-жылкы шайлоодо 45 орунга 23 партия ат салышкан.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG