Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Ош: шайлоого 9 партия катышмай болду


Ош шаарындагы шайлоо участогу. 10-январь, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо участогу. 10-январь, 2021-жыл.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешинде шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Ошто шайлоого 9 партия аттанып, бир партия каттоодон өтпөй калды.

Шайлоо комиссиясы шаардык кеңештин депутаттары мыйзамдуу шайланат деп ишендирүүдө.

Тилеги ишке ашпай калган «Тилектештик»

Шайлоого катышууга ниеттенген «Тилектештик» партиясы шайлоодон четтетилди. 12-мартта партиянын өкүлдөрү журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп, Аймактык шайлоо комиссиясын атайын каттабай койду деп айыпташты.

«10 партиянын ичинен биринчилерден болуп кайрылганбыз. Демек бизде талап кылынган документтерди тактоого убакыт кенен болгон. Каттоо мөөнөтү аяктаган сайын улам бир кемчиликти айта башташты. Биз берген документтердин ичинен өздөрү алып коюп, "жок экен" деп кайра-кайра сурап атышты», - деди «Тилектештик» партиясынын өкүлү Абдыкайым Кангелдиев.

"Тилектештик" партиясынын өкүлдөрү. Адыкайым Кангелдиев оңдон экинчи.
"Тилектештик" партиясынын өкүлдөрү. Адыкайым Кангелдиев оңдон экинчи.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жыргалбек Кадыровдун билдиришинче, аталган партия талапкерлер тууралуу документтерди толук тапшырган эмес.

«Мунун бардыгы мыйзамдын чегинде болду, эч кандай куугунтук жок. Биз партиялардын бардыгына бирдей шарт түзүп, тең карайбыз».

Мырзакматовдун божомолу

Ал арада Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов журналист Адыл Акжол уулуна берген интервьюсунда Ошто шайлоо таза өтпөй турганын, 12-мартта президент Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоого байланыштуу маселени талкуулаганын айтты.

«Бишкек шаарында шайлоо абдан тынч өтүп жатат. Жетекчилерди саясий көз карашына карап куугунтуктоо, кыйноо Бишкекте болбойт. Дагы деле Ош үлгү көрсөтүп атабыз. Революцияга алып келген шайлоо, эксперттердин, журналисттердин көз карашында, эң ыплас өттү. Ошол таз кейпибизди кийе баштадык. Административдик ресурс аябай колдонулуп жатат. Алдын ала айтып коёюн - шайлоо таза өтпөйт. Айтыла турган жерге айтып атабыз, "алдын алыш керек" деп. Булар чоң ката кетирип жатат».

Мелис Мырзакматов 2020-жылы 7-октябрда Ошко кайтып келип, аянттагы элге кайрылып сөз сүйлөп жаткан учуру.
Мелис Мырзакматов 2020-жылы 7-октябрда Ошко кайтып келип, аянттагы элге кайрылып сөз сүйлөп жаткан учуру.

Мырзакматов административдик ресурсту колдонгондорду так атаган жок. Бирок Камчыбек Ташиевдин аты шайлоо өнөктүгүндө пайдаланылып жатканына токтолду.

Көңүл сыртындагы видео

Ал арада «Ташиевдин бийликчил командасы менен шайлоого бара жатам» деген видео социалдык тармактарда жайылууда. Анда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Ош шаардык кеңешине №29 катар санда талапкерлигин койгон Болот Баетов бирөө менен шайлоого даярдык жөнүндө сүйлөшкөнү жазылган.

Баетов видеону монтаж, ага карата каралоо катары сыпаттады. Бирок ал видео боюнча эч бир мамлекеттик органга кайрылган эмес.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жыргалбек Кадыров видеону көргөнүн, ага комментарийди кийин берээрин айтты. Тасмада атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин аты аталганына карабай, УКМК да комментарий бере элек. Мекеменин басма сөз кызматы кат түрүндө кайрылуудан кийин гана жооп берээрин билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юрист Болот Баетов Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп келет. Ал эми атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун бийликке келишине салым кошкон, учурда бийликте турган таасирлүү саясатчылардын бири.

Шайлоого аттанган партиялар:

  1. «Ата-Журт Кыргызстан»,
  2. «Улуттар биримдиги»,
  3. «Бүтүн Кыргызстан»,
  4. «Ишеним»,
  5. «Бир Бол»,
  6. «Ыйман нуру»,
  7. «Ынтымак»,
  8. «Улуу журт»
  9. «Республика»

БШКнын маалыматына ылайык, Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган.

Саясий талдоочулар Ошто шайлоо өнөктүгүндө «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Ишеним» партияларынын ортосунда атаандашуу күч болоорун айтышууда.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 1999-жылы түзүлүп, ушул учурга чейин бир да шайлоого катышкан эмес. 2021-жылдын 26-февралында кайрадан каттоодон өтүп, мурдагы ээси Замирбек Эсенаманов болсо, эми Айбек Маткеримов болуп калды.

Кыргызстан боюнча 28 шаарда шайлоо өтсө, Ошонун 21ине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы катышат. Ош шаардык кеңешине 81 талапкердин тизмесин берген. Алардын ичинен 22си мамлекеттик ишканаларда, жетөө Ош шаардык кеңешинде депутат, жетөө мугалим. Калгандары жеке менчик мекемелерде, өз алдынча иштей турганын же жумушсуз экенин жазган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Улуттар биримдиги» партиясынын лидери — Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов. Ал кызматта турган учурда 2010-жылы жергиликтүү шайлоодо партиясы 21 мандатка ээ болгон. Кийин партия өз алдынча бир да шайлоого катышкан эмес. Ага Мелис Мырзакматовдун чет өлкөгө чыгып кеткени себеп болгон.

Мырзакматов 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашып, Ошто так талашуу болуп жаткан учурда Кыргызстанга кайтып келген.

«Улуттар биримдиги» шаардык кеңешке 168 талапкердин тизмесин берген. Алардын ичинен 18 киши мамлекеттик ишканаларда иштейт, 31 киши окуу жайларда мугалим.

Улуттук коопсуздук комитетинин тынчын алган, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов негиздеген «Ишеним» партиясы 68 талапкерди тизмелеген. Алардын 16сы мугалим, 11и мамлекеттик кызматтарда иштейт, экөө депутат, калгандары жеке ишкерлер жана эч жерде иштебегендер.

Байкоочулар былтыр элдик толкундоо менен бийликтин алмашуусуна себеп болгон, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Ош аймагында одоно мыйзам бузуулар катталганын белгилешкен.

2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо өнөктүгү учурунда Аравандагы «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрү мушташып кеткен. Кагылыштан 13 киши жабыркап ооруканага түшкөн.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына 4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдындагы мыйзамсыз иштер боюнча жалпысынан 13 кайрылуу келип түшкөн. Алардын экөө добуш сатып алуу боюнча катталган.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды.

XS
SM
MD
LG